Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 22-марты № 94-б
Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылынын тургундарынын пенсиялык укуктарын эсепке алуу маселелерин чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ведомстволор аралык комиссия үч айлык мөөнөттө Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылынын тургундарынын пенсиялык укуктарын эсепке алуу маселелерин чечүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга министрликтердин, администрациялык ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин бөлүмүнүн сектор башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдарды каржылоо башкармалыгынын начальниги;
Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү жана саламаттык сактоо бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.