Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-марты № 101-б
Илимий жана технологиялык жактан өнүктүрүү, кардиологиялык тармактагы эл аралык жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо, ошондой эле көрүнүктүү окумуштуу, клиницист, илимдин жана саламаттык сактоонун уюштуруучусу, коомдук ишмер, академик Миррахимов Мирсаид Мирхамидовичтин туулган күнүнүн 85 жылдыгына байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги академик Миррахимов Мирсаид Мирхамидовичтин туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналган "Миррахимов окуулары" эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрсүн.
2. Илимий-практикалык конференцияны өткөрүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун атайын каражаттарынын эсебинен чыгымдардын тиркелген сметасына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме |
Академик М.Миррахимовдун туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналган
"Миррахимов окуулары" эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрүүгө чыгымдардын СМЕТАСЫ
N | Иш-чаралардын аталышы | Cаны | Баасы (сом менен) | Суммасы (сом менен) |
1 | Юбилейлик медаль даярдоо (кутусу менен) | 40 | 1500 | 60000 |
2 | Юбилейлик теш белгилерди даярдоо | 350 | 45 | 15750 |
3 | "Хаят" мейманканасында конференция өткөрүү үчүн залды ижарага алуу | 2 күн | 37360 | 74720 |
4 | Докладдарды синхрондуу которуу, техникалык камсыздоо | 2 күн | 30915 | 61830 |
5 | Конференциянын материалдарын Борбордук Азия медициналык журналына чыгаруу | 300 нуска | 292,3 | 87700 |
| Жыйынтыгы: |
|
| 300000 |