Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 26-марты № 103-б
Бишкек шаарынын "Ак-Кула" ат майданында 2012-жылдын 1-майында өтө турган "Жазгы байге" ат чабыш сезонунун ачылышы" майрамдык иш-чарасын уюштуруу жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Карашев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Шалпыков Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Дүйшеев Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы; |
Нарбаев К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору; |
Мамытов С.К. | - | Кыргыз Республикасынын Ат спорту федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Исаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук ат спорту түрлөрүнүн президенти (макулдашуу боюнча); |
Акматбеков М.З. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук ат спорту түрлөрүнүн ардактуу президенти (макулдашуу боюнча); |
Юлдашев А.К. | - | Ат спортун колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору (макулдашуу боюнча). |
2. Уюштуруу комитети "Жазгы байге" ат чабыш сезонунун ачылышы" майрамдык иш-чарасын өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Иш-чарага байланышкан чыгымдар тартылган жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |