РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-мартындагы № 103-б (Уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругу

Редакция26.03.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 26-марты № 103-б

Бишкек шаарынын "Ак-Кула" ат майданында 2012-жылдын 1-майында өтө турган "Жазгы байге" ат чабыш сезонунун ачылышы" майрамдык иш-чарасын уюштуруу жана өткөрүү максатында:

1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:

Карашев А.А.

-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Раев С.А.

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Шалпыков Б.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Өмүркулов И.Ш.

-

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Дүйшеев Н.А.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы;

Нарбаев К.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;

Мамытов С.К.

-

Кыргыз Республикасынын Ат спорту федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Исаев К.К.

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук ат спорту түрлөрүнүн президенти (макулдашуу боюнча);

Акматбеков М.З.

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук ат спорту түрлөрүнүн ардактуу президенти (макулдашуу боюнча);

Юлдашев А.К.

-

Ат спортун колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору (макулдашуу боюнча).

2. Уюштуруу комитети "Жазгы байге" ат чабыш сезонунун ачылышы" майрамдык иш-чарасын өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Иш-чарага байланышкан чыгымдар тартылган жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов