Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-мартындагы № 84-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 26-марты № 104-б
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 28-июнундагы № 305-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Саламаттык сактоо уюмдарын материалдык-техникалык жабдууну жакшыртуу жана республиканын калкына шашылыш (кечиктирилгис) жардам көрсөтүү боюнча саламаттык сактоо уюмдарына медициналык тез жардам көрсөтүү ишин оптималдаштыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна өткөн жылдар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга взностор боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун карызын жоюу эсебине келип түшкөн 84,0 млн. сом өлчөмүндөгү милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына медициналык тез жардам автомашиналарын сатып алууга каражаттарды жумшоого уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- 2012-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө:
медициналык тез жардам автомашиналарына техникалык атайын маалыматтарды жана алардын атайын жабдыктарын иштеп чыксын;
республиканын региондорунда саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык тез жардам автомашиналарына муктаждыктарды аныктасын;
2012-жылдын 4-июнуна чейинки мөөнөттө Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык тез жардам автомашиналарын бөлүштүрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирдикте:
- (экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 305-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);
- ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн планга ылайык Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына медициналык тез жардам автомашиналарын бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |