КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-мартындагы № 84-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 28-июну № 305-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-мартындагы № 104-б буйругуна ылайык:
1. Саламаттык сактоо мекемелери үчүн медициналык тез жардам автомашиналарын сатып алуу жана жеткирүү боюнча тендердик комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Тендердик комиссия белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүү боюнча тендердик жана башка документтерди даярдасын жана саламаттык сактоо мекемелери үчүн медициналык тез жардам автомашиналарын жеткирүүгө тендер өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тендердик комиссиянын сунуштарынын негизинде тендердин жеңүүчүсү менен тиешелүү келишим түзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-мартындагы № 104-б буйругунун 3-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык
тез жардам автомашиналарын сатып алуу жана
жеткирүү боюнча тендердик комиссиянын
КУРАМЫ
Асымбекова Г.Ү. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, тендердик комиссиянын төрагасы;
Ешходжаева А.С. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамдарды уюштуруу башкармалыгынын начальниги, тендердик комиссиянын төрагасынын орун басары.
Тендердик комиссиянын мүчөлөрү:
Суракматов А.Э. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Аманбаева У.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Исаев С.Э. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн саламаттык сактоо секторунун башчысы;
Иманбаев А.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директорунун биринчи орун басары;
Саадабаева Г.А. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык секторунун башкы адиси;
Диканбаева Г.Н. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарынын саясаты башкармалыгынын адис-куратору;
Жетигенов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин администрациялык-чарбалык жана уюштурууну камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Мусаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Алымкулов Э.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун экономика жана финансы башкармалыгынын начальниги;
Азизбекова Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги;
Мамбеталиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун уюштуруучулук-укуктук колдоо бөлүмүнүн начальниги;
Бөлөкбаева К.Ы. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун экономика жана финансы башкармалыгынын башкы адиси;
Ташибекова Г.А. - Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясынын башкы врачы;
Темирова Н.А. - "Арыш" коомдук бирикмесинин менеджери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун алдындагы Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Пантелеева Л.Ю. - "Үй-бүлө жана коом" өкмөттүк эмес уюмунун директору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун алдындагы Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча).