РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 456-б (Бюджеттик ссудаларды кайтаруу тууралуу) буйругу

Редакция12.09.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 12-сентябры № 456-б

Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында 2010-жылдын июнунда болгон талап-тоноолордун, мародерчулуктун жана өрттөрдүн натыйжасында жабыр тарткан ишкерлерге Ош жана Жалал-Абад шаарларын жана калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) тарабынан бөлүнгөн бюджеттик ссудаларды кайтарууну камсыздоо максатында:

1. Мамлекеттик дирекция:

- эки айлык мөөнөттө:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 228 "2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык берилген бюджеттик ссудалар боюнча кредиттик-күрөөлүк документтер боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду менен тариздесин;

кредитордун жана алыш-бериш эсебинин өзгөргөндүгү жөнүндө төлөөчүгө белгиленген тартипте маалымдасын;

кредиттик-күрөөлүк документтерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондуна өткөрүп берүүнү камсыздасын;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 228 "2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунда көрсөтүлгөн шарттарда бюджеттик ссудаларды берүү жана кредиттик-күрөөлүк документтерди андан ары тариздөө үчүн жабыр тарткан ишкерлерден келип түшкөн өтүнмөлөрдү берсин;

- бюджеттик ссудаларды берүүнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду тарабынан таризделген кредиттик-күрөөлүк документтердин негизинде гана жүргүзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду:

- берилген кредиттик-күрөөлүк документтердин негизинде колдонуудагы шарттарга ылайык бөлүнгөн бюджеттик ссудаларды кайтарууну камсыздасын;

- Мамлекеттик дирекция берген өтүнмө боюнча бюджеттик ссудаларды берүүгө кредиттик-күрөөлүк документтерди андан ары тариздөөнү жүргүзсүн.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев