Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-майы № 228
2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ошоблустарында талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыра тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августу № 456, 2011-жылдын 30-декабрындагы № 765 токтомунун редакциясына ылайык)
2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген зыянды баалоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы № 485 буйругу менен Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында ушул жылдын июнунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен келтирилген зыянды аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн.
2010-жылдын 22-сентябрынан баштап Ош шаарынын мэриясынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик администрацияларынын алдында жабыр тарткан ишкерлерден документтерди топтоо уюштурулган (тиешелүү жайлар, оргтехника белүнүп берилген, консультация берүү үчүн телефондор орнотулган ж.б.).
Жүргүзүлгөн иштин натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жабыр тарткан субъекттердин зыянын аныктаган, бул субъектер "Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактар үчүн фискалдык преференциялар, жеңилдиктер жана мөөнетүн узартуулар жана регионду турукташтыруу менен калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 77 Декретинде каралган фискалдык жеңилдиктерди алышты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү зыянынын өлчөмүн расмий аныктаган, жабыр тарткан ишкерлердин саны 2011-жылдын февралына карата 1786 жабыр тарткан ишкерди түзүп, алар билдирген зыяндын суммасы 1,9 млрд сомдон ашкан. "Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактар үчүн фискалдык преференциялар, жеңилдиктер жана мөөнөтүн узартуулар жана регионду турукташтыруу менен калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 77 Декретинде каралган жецилдиктерди толугу менен берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын түштүгүндө 2010-жылдын июнунда болгон окуялардын жүрүшүндө чарбакер субъекттерге келтирилген зыянды баалоо боюнча кошумча иш жүргүзүүнү чечкен.
Жабыр тарткан ишкерлер Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төмөнкү декреттерине ылайык фискалдык жеңилдиктерди пайдаланат:
"2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан салык төлөөчүлөрге мамлекеттик колдоо көрсетүү чаралары жөнүндө" 2010-жылдын 28-июлундагы № 114;
"2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен экономикапык зыян келтирилген ишкердик субъекттеринин бажылык жана социалдык төлөмдөрдү төлөөсүн кийинкиге калтыруу жана/же меенөтүн узартуу жөнүндө" 2010-жылдын 28-июлундагы № 116;
Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактар үчүн фискалдык преференциялар, жеңилдиктер жана мөөнөтүн узартуулар жана регионду турукташтыруу менен калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" 2010-жылдын 19-июнундагы № 77.
2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында болгон талап-тоноолордун жана өрттеөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында болгон талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге компенсацияларды төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо;
2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында болгон талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге төлөө үчүн компенсациялардын суммасын аныктоо боюнча комиссиянын курамы.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдасын, бул мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 147 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтому менен түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын резервдик фондунун каражатынын эсебинен төмөнкүлөр каралсын:
- жабыр тарткан ишкерлерге компенсацияларды төлөө үчүн 450 (төрт жүз элүү) миллион сом суммасындагы кошумча акча каражаттары;
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны кармоо үчүн чыгымдардын сметасы боюнча 800 (сегиз жүз) миң сом суммасындагы кошумча акча каражаттары.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 765 токтомунун редакциясына ылайык)
3.Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны кармоо үчүн чыгымдардын сметасы боюнча 800 (сегиз жүз) миң сом суммасындагы кошумча акча каражаттары.
"Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүнде" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 104 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы "42 штаттык бирдик" деген цифралар жана сөздер "46 штаттык бирдик" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 147 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтому менен бекитилген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-бөлүктүн 4-пунктунун экинчи абзацы "бекиткен" деген сөздөн кийин "Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарын," деген сөздөр менен толукталсын.
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте 2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында болгон талап-тоноолордун жана өрттөелөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерде пайда болгон коммерциялык банктарга болгон карыздары менен байланышкан маселелерди карасын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына "РСК Банк" ачык акционердик коому менен бирдикте зыянынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан расмий бекитилген, зыян катары беш жγз миң сомдон ашык сумманы билдирген, жабыр тарткан ишкерлерге жылдык 14 проценттен жогору эмес ставка боюнча жецилдетилген кредит берүү жөнүпде маселени иштеп чыгуу сунуш кылынсын.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августу № 456)
Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө, транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлгөн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 -жылдын 16-майындагы № 228 токтому менен бекитилген |
2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында болгон талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге компенсацияларды төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында болгон талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге компенсацияларды төлөөнүн тартиби жөнүндө бул Жобо (мындан ары - Жобо) зыянынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан расмий бекитилген, жабыр тарткан ишкерлерге жардам берүү максатында иштелип чыкты.
2. Компенсацияларды төлөөнүн булактары
2010-жылы июнь окуяларынын кесепетинен Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында жабыр тарткан ишкерлерге (мындан ары - жабыр тарткан ишкерлер) компенсациялар төлөө булактары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 147 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо боюнча байкоочу кецеш жөнүнде" токтомуна ылайык түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын (мындан ары - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамдирекция) атайын фондунун каражаттары болуп саналат.
Мамлекеттик жардамды каржылоону Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги пайызсыз жеңилдиктүү ссудалар берүү 2521 "Жеке ишканаларга, ишкерлерге жана калкка финансылык эмес субсидиялар" жана 3214 "Кредиттер, ссудалар жана займдар" беренелери боюнча ишке ашырат.
Зыянынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан расмий бекитилген, жабыр тарткан ишкерлерге компенсациялар төлөөнү Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамдирекциясы 2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында болгон талап-тоноолордун жана өрттоөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге төлөө үчүн компенсациялардын суммасын аныктоо боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) чечимдерине ылайык жүзөгө ашырат.Жабыр тарткан ишкерлерге компенсациялар төлөө жана бухгалтердик операцияларды жүргузүү үчүн "РСК Банк" ачык акционердик коомунда белгиленген тартипте алыш-бериш эсеби ачылат.
3. Компенсацияларды төлөөнүн тартиби
Зыянынын өлчемү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан расмий бекитилген, жабыр тарткан ишкерлердин төмөнкүдөй категориялары аныкталсын:
биринчи категория - зыянынын өлчөмү 5 000ден 49 999,9 сомго чейин;
экинчи категория - зыянынын өлчөмү 50 000ден 499 999,9 сомго чейин;
үчүнчү категория - зыяньшын өлчөмү 500 000 сом жана андан ашык.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августу № 456)
Зыянынын өлчемү кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан расмий бекитилген, жабыр тарткан ишкерлерге компенсацияларды телеө төменкүдөй тартипте жүргүзүлвт:
- бир жолку төлөнүүчү кайтарымсыз жардам жабыр тарткан ишкерлердин бардык категорияларына 50 миц сом өлчөмүндө төлөнөт;
10 жылдык мөөнөтке, тындыруунун 1 жылга жеңилдетилген жоюу мезгили менен кγрѳѳлγк камсыздоону тариздеп 150 миң сомго чейинки өлчөмдөгү процентсиз ссуда жабыр тарткан ишкерлердин экинчи жана үчүнчү категорияларына төленөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августу № 456)
Компенсацияларды алуу үчүн жабыр тарткан ишкерлер Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамдирекциясына темөнкү документтерди берүүгө тийиш:
компенсация төлөп берүү жөнүндө арыз;
жарандын инсапдыгын күболондүргон документ (паспорт);
жабыр тарткан ишкердин кызыкчылыгынын атынан чыгуу укугун ырастаган, нотариуста күбелөндүрүлгөн документ (ишеним кат);
ишкердик объекттерине менчик укугун ырастаган документтер.
Жабыр тарткан ишкерлердин тизмелеринде жабыр тарткан ишкердин же компенсация алуу укугу үчүн нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним катта аталган өкүлүнүн аты-жөнү; жашаган жерин көрсөтүү менен паспорттук маалыматтар; компенсацияны төлөөнүн өлчөмү сом менен жана башка зарыл маалыматтар көрсөтүлөт.
Төмөнкү жабыр тарткан ишкерлерге компенсациялар төлөнбөйт:
мамлекеттик жана/же муниципалдык менчик үлүштөрү барларга;
2010-жылдын 20-июнунан кийин жабыр тарткан обьекттерге карата менчик укугун алгандарга же жабыр тарткан обьекттин менчик укугун ээликтен ажыратууну 2010-жылдын 14-июнунан кийин жүргүзгендөргө;
казино, сауна, мончо, бильярд клубдары жана оюн зоок жайларынын (дискотекалар, түнкү клубдар, оюн автоматтары) ээлерине.
10. Төлөөлөрдү жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкарата андан аркы дооматтарынан баш тартуу женүндө жазуу түрүндегүмилдетгенмени Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жанаөнүктүрүү боюнча мамдирекция жабыр тарткан ишкерлерден алат.
4. Уюштуруу маселелери
11. Компенсацияларды төлөө боюнча ишти координациялоонууюштуруучулук жана техникалык камсыздоону Ош жана Жалал-Абадшаарларын калыбына келтирүү жана өнүктурүү боюнча мамдирекция жүзегө ашьфат.
Компенсациялардын суммалары көрсөтүлгөн тизмелер протоколдук чечимди тариздоо жолу аркылуу Комиссияда каралат жана бекитилет.
Комиссиянын протоколдук чечимине комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коёт. Комиссиянын мүчөсү каршы пикири болсо протоколго каршы пикиринин маанисин керсөтүү менен кол коёт.
Эгерде комиссиянын мүчөлөрүнүн 3/2си же андан ашыгы каршы болбой кол койгон учурда протоколдук чечим көпчүлүк менен кабыл алган деп эсептелет.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн 3/1 нен ашууну каршы болсо Комиссиянын төрагасы акыркы чечимди кабыл алат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 -жылдын 16-майындагы № 228 токтому менен бекитилген |
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы директору, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлү, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин өкүлү, Комиссиянын терагасынын орун басары;
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү; Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өзгөче кырдаалдар министрлигинин өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун торагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеггик салык кызматынын өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекетгик кызматынын екүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Ош шаарынын вице-мэри; Жалал-Абад облусунун вице-мэри; коомчулуктун өкүлү (макулдашуу боюнча).