Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-сентябры № 459-б
Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясына Кыргыз Республикасынын карызын эсептен чыгаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясына Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министр | Ж. Оторбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мурда берилген кредиттер боюнча
Россия Федерациясына Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө
Макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү,
Кыргыз Республикасынын татаал финансылык абалын эске алуу менен,
Россия Федерациясы тарабынан берилген мамлекеттик кредиттер боюнча Кыргыз Республикасынын карызын тезинен жөнгө салуу зарылдыгын таануу менен,
стратегиялык өнөктөштүктү жана эки мамлекет ортосундагы Союздаштык мамилелерди мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү максатында
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Карыздын жөнгө салынуучу категориялары
1. Бул Макулдашуунун жоболору Россия Федерациясына Кыргыз Республикасынын карызынын төмөндөгү категорияларына колдонулат:
2005-жылдын 5-сентябрында мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясына Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу боюнча карыз (мындан ары - 2005-жылдын 5-сентябрындагы Макулдашуу);
2009-жылдын 3-февралындагы Кыргыз Республикасына мамлекеттик кредит берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу боюнча карыз (мындан ары -2009-жылдын 3-февралындагы Макулдашуу).
2. Бул Макулдашуунун жоболору түп нускадагы кредиттик макулдашууларда белгиленген тындыруу механизмдерине карабастан ушул беренеде көрсөтүлгөн карыз категорияларына колдонулат.
2-берене. Карыздын суммалары
2012-жылдын 1-сентябрына карата Россия Федерациясына Кыргыз Республикасынын карызынын суммасы төмөндөгүлөрдү түзөт:
2005-жылдын 5-сентябрындагы) Макулдашуу боюнча - 188 924 830,84 АКШ доллары;
2009-жылдын 3-февралындагы Макулдашуу боюнча - 300 000 000,00 АКШ доллары.
3-берене. Карызды тындыруудан (төлөөдөн) бошотуу
1. Кыргыз Тарап ушул Макулдашуунун 2-беренесинде көрсөтүлгөн 2005 - жылдын 5-сентябрындагы Макулдашуу боюнча Россия Тарапка Кыргыз Тараптын карызынын суммасынын 100 пайызын Россия Тараптын пайдасына төлөбөйт жана ушул Макулдашуу күчүнө кирген датага бир жолку азайтылууга тийиш.
2. Бул Макулдашуунун 2-беренесинде көрсөтүлгөн ушул Макулдашуу күчүнө кирген датага чейин 2005-жылдын 5-сентябрындагы Макулдашуу боюнча карыздын суммасын эсепке алганда 2012-жылдын 1-сентябрынан баштап эсептелген жана төлөнбөгөн пайыздар Кыргыз Тараптан Россия Тараптын пайдасына төлөнбөйт.
3. 2005-жылдын 5-сентябрындагы Макулдашууда. каралган мөөнөтүнөн өткөн карызга пайыздар 2012-жылдын 1-сентябрынан кийинки төлөмдөрдүн суммасына эсептелбейт.
4. Бул Макулдашуунун 2-беренесинде көрсөтүлгөн 2009-жылдын 3-февралындагы Макулдашуу боюнча негизги карыздын суммасынын 100 пайызы Россия Тараптан пайдасына Кыргыз Тараптан төлөнбөйт жана 2016-жылдын 16-мартынан баштап жылдык тең үлүштө ар бир жылдын 16-мартынан тартып 10 жыл аралыгында азайтылууга тийиш.
5. 2009-жылдын 3-февралындагы Макулдашууда каралган пайыздар 2016-жылдын 16-мартынан баштап эсептелбейт жана Кыргыз Тараптан төлөнбөйт.
6. 2009-жылдын 3-февралындагы Макулдашуу боюнча 2016- жылдын 15-мартына туш келген негизги карызды тындыруунун тез төлөмүн Кыргыз Тарап жүргүзбөйт.
4-берене. Өнүгүүгө жардам көрсөтүү
Ушул Макулдашууга ылайык карызды азайтууну Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө расмий жардам көрсөтүү алкагында Россия Тарап жүргүзөт.
5-берене. Кепилденген депозитти жабуу
Кыргыз Тарап 2009-жылдын 3-февралындагы Макулдашуунун 6- беренесине ылайык «Тышкы экономикалык ишти өнүктүрүү банкы (Внешэкономбанк)» мамлекеттик корпорациясында жайгаштырган кепилденген депозит 2016-жылдын 15-мартын кошкондо Кыргыз Тараптан 2009-жылдын 3-февралындагы Макулдашуу боюнча пайыздар төлөнгөндөн кийин жабылууга тийиш.
6-берене. Агенттер жана жол-жоболор
1. Ушул Макулдашуунун алкагында эсептешүүлөрдү эсепке алуу жана жүргүзүүнү ишке ашыруу максатында Кыргыз Тарап ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Россия Тараптан ыйгарым укук берилген ^ «Тышкы экономикалык ишти өнүктүрүү банкы (Внешэкономбанк)» мамлекеттик корпорациясы ушул Макулдашууга кол коюлган датадан 30 календардык күндөн кечиктирбестен ушул Макулдашуунун алкагында эсептешүүлөрдү эсепке. алуу жана жүргүзүүнүн техникалык тартиби жөнүндө макулдашуу түзүшөт.
2. Кыргыз Тарап ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Россия Тараптан ыйгарым укук берилген «Тышкы экономикалык ишти өнүктүрүү банкы (Внешэкономбанк)» мамлекеттик корпорациясы ушул Макулдашуунун алкагында эсептешүүлөрдү эсепке алуу жана жүргүзүүнү толук жана өз убагында ишке ашыруу үчүн аларга байланыштуу болгон бардык чараларды көрүшөт.
7-берене. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары
Бул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
Россия Тараптан - Россия Федерациясынын Финансы министрлиги.
8-берене. Талаштар жана кайчы пикирлер
Ушул Макулдашууну колдонуу маселелери боюнча Тараптар ортосунда талаштар жана кайчы пикирлер Тараптар ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
9-берене. Өзгөртүүлөр
Бул Макулдашууга өзгөртүүлөр Тараптардын макулдашуусу боюнча киргизилет жана жазуу түрүндө таризделет.
10-берене. Укуктарды сактоо
2005-жылдын 5-сентябрындагы Макулдашуу ушул Макулдашуу күчүнө киргенден баштап өзүнүн күчүн токтотот. 2009-жылдын 3- февралындагы Макулдашуу ушул Макулдашуунун жоболоруна карама- каршы келбеген бөлүгүндө, Тараптар алардын жоболоруна ылайык келип чыккан милдеттенмелерди толук аткарганга чейин колдонулат.
11-берене. Күчүнө кириши
Ушул Макулдашуу ага кол коюлган датадан баштап убактылуу колдонулат жана Тараптар тийиштүү ички мамлекеттик жол-жоболорду алардын аяктагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө акыркы билдирмени алган датасынан баштап күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу Тараптар ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди толук аткарганга чейин колдонууда болот.
________________ шаарында 2012-жылдын «______» _________________________
эки түп нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда негиз катары орус тилиндеги текст алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |