Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 20-сентябры № 461-б
Цюрих шаарында (Швейцария Конфедерациясы) 2012-жылдын 25-26-сентябрында болуучу Соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын (мындан ары - комиссия) үчүнчү жыйынын ишине катышуу үчүн:
1.Комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда бекитилсин:
Лаврова Ольга Владимировна | - Кыргыз Республикасынын финансы министри - Комиссиянын - кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
|
Нарбаев Каныбек Жайчиевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу;
|
Искакова Гүлнара Тентиевна | - Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү;
|
Кенжебаев Дыйканбай Бакашевич | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
|
Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Мурзаев Кубат Садырбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкы башкармалыгынын начальниги;
|
Тыналиев Шайкидин Султанидинович | - «Бишкек машина куруу заводу» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Баетов Аяз Батыркулович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөр департаментинин үчүнчү катчысы;
|
Тургунбаева Асел Абдыракмановна | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын начальнигинин орун басары - Комиссиянын катчысы. |
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына белгиленген тартипте республиканын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун, ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилерин жана адистерин алардын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн ишке тартууга укук берилсин.
3. «Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын экинчи жыйынын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-майындагы № 252-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Цюрих шаарына (Швейцария Конфедерациясы) баруусуна байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |