Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 416-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-сентябры № 464-б
«Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, социалдык-эмгектик жана аны менен байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун негизги маселелери боюнча макулдашылган иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында:
1. 2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясы жана жумуш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелери ортосундагы башкы Макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Башкы макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясы жана жумуш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелери ортосундагы
Башкы макулдашуу
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт), Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясы (мындан ары - Кесиптик бирликтер) жана жумуш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелери (мындан ары - Жумуш берүүчүлөр) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана «Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, тең укуктуулуктун жана өз ара сыйлашуу принциптерин, кабыл алынган милдеттенмелер үчүн жоопкерчиликти жетекчиликке алуу менен, социалдык-эмгектик жана алар менен байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун жалпы принциптерин белгилөөчү 2013-2015-жылдарга ушул Башкы макулдашууну түзүштү.
I. Экономиканы өнүктүрүү чөйрөсү
1. Төмөнкүлөрдү ишке ашырууну камсыз кылуу:
- экономиканын кыйла артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү программаларын;
- региондорду өнүктүрүү программаларын;
- формалдуу эмес экономиканын үлүшүн кыскартуу боюнча чаралар программаларын.
Тараптар
2. Социалдык маанилүү азык-түлүк жана азык түлүк эмес товарларга, анын ичинде мамлекеттик медициналык кызматтарга тарифтерди жана бааларды белгилөөнү координациялоо.
Өкмөт
3. Бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Тараптар
II. Эмгек акы төлөөнү жана социалдык камсыздоону жөнгө салуу
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерге эмгек акыны жана өргүү мезгилинде акыны өз убагында төлөөнү камсыз кылуу.
Жумуш берүүчүлөр
5. Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акыны этап-этабы менен жогорулатууну камсыз кылуу.
Өкмөт
6. Минималдуу эмгек акынын деңгээлин жашоо-тирлик минимумуна чейин жогорулатууну камсыз кылуу.
Өкмөт
7. Тийиштүү тармактын кызматкерлеринин эмгегине минималдуу акы төлөөнүн өлчөмүн тармактык макулдашууларга киргизүү.
Жумуш берүүчүлөр Кесиптик бирликтер
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 токтому менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобого жөлөкпулдун өлчөмүн айына 10дон 20га эсептик көрсөткүчкө жогорулатуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү.
Өкмөт
9. 1952-жылдын 28-июнундагы № 102 Социалдык камсыз кылуунун минималдуу нормалары жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун Конвенциясын ратификациялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу.
Өкмөт
10. Пенсиянын өлчөмдөрүн ар жылдагы жогорулатууну камсыз кылуу. Пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмдөрүн өткөн жылдарда республика боюнча калыптанган орточо эмгек акыдан 12 пайыздык деңгээлде колдоо.
Өкмөт
И. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондцон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2013-жылдын 1-январынан тартып пенсиялык топтолуучу каражаттардын кайтарылышынын механизмин аныктоо.
Өкмөт
12. Эмгектик иш-аракет жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана Кыргыз Республикасынын иштеген жарандардын ортосунда бирдей эмгек үчүн эмгек акыдагы ажырымга жол бербөө.
Жумуш берүүчүлөр
13. Макулдашууларга жана жамааттык келишимдерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш берүүчү төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда кызматкердин материалдык укуктарын коргоо боюнча чараларды камсыз кылуучу милдеттенмелерди киргизүү.
Жумуш берүүчүлөр
Кесиптик бирликтер
III. Эмгек рыногун өнүктүрүү жана калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү
14. Мурдагы жумушчу орундарды сактоо жана жаңыларын түзүү, жумушчуларды талап кылынган кесиптерге даярдоо жана кайра даярдоо боюнча, анын ичинде татыктуу эмгек акы жана эмгектин коопсуз шарттары менен жарандардын социалдык аялуу категориялары үчүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн чараларды көрүү.
Эмгек рыногунда керектүү болгон кесиптерди, адистиктерди эске алуу менен маалыматтык-консультациялык жана кесипке багыттоо ишин жүргүзүү.
Тараптар
15. ЖОЖдордун, кесиптик окуу жайларынын жана иш берүүчүлөрдүн ортосунда бүтүрүүчүлөрдүн практикасын, стажировкасын уюштурууга жана ишке орноштурууга келишимдерди түзүүгө көмөк көрсөтүү.
Жумуш берүүчүлөр Кесиптик бирликтер
16. Калкты ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органга бош жумушчу орундардын болушу жөнүндө маалыматтарды жиберүү.
Жумуш берүүчүлөр
17. Балдардын эмгегин түп-тамырынан жок кылуу боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгуу.
Тараптар
18. Чет өлкөнүн жумушчу күчүн Кыргыз Республикасында ишке тартууга жана пайдаланууга белгиленген квотаны сактоого контролду камсыз кылуу.
Өкмөт
19. Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясынын жана Россия Федерациясынын жана Казакстандын кесиптик бирликтеринин федерацияларынын ортосунда эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча келишимдерди жүзөгө ашырууда көмөк көрсөтүү.
Кесиптик бирликтер
Жумуш берүүчүлөр
20. Региондордо калкты иш менен камсыз кылууну жогорулатууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу максатында эмгектик мамилелерди, ички эмгек миграциясы маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун социалдык өнөктөр менен консультация жүргүзүү, коомдук талкуулоо жана макулдашуу.
Тараптар
21. Калктын эмгектик миграциясы боюнча өкмөттөр аралык макулдашуулардын долбоорлорун даярдоого жана талкуулоого катышуу.
Кесиптик бирликтер
22. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коомдору өндүргөн продукцияга бюджеттик мекемелердин буйрутмаларын жайгаштырууга көмөк көрсөтүү.
Өкмөт
23. Айыл. жергесинде кайра иштетүү өндүрүшүн, кызмат көрсөтүү чөйрөсүн, майда жана орто ишкерликти, үйдө эмгектенүүнү өнүктүрүү жолу менен жумуш орундарын түзүү боюнча ишти активдештирүү. Жумуш берүүчүлөр бирикмесинин тийиштүү сертификаттарды берүү менен 36 окуу саатына чейинки көлөмдө кыска мөөнөттүү курстарын өткөрүү үчүн кызматкерлерди көнүктүрүүнүн борборлорун түзүүнү кароосу.
Жумуш берүүчүлөр
Кесиптик бирликтер
IV. Эмгек укуктарын коргоо, эмгекти коргоо жана экологиялык коопсуздук
24. Жеке эмгектик талаш-тартыштар боюнча комиссияларды түзүүгө жана ишин жигердештирүүгө көмөк көрсөтүү.
Тараптар
25. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине эмгек мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жумуш берүүчүлөрдүн административдик жоопкерчилигин күчөтүү жагында толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү.
Тараптар
26. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, мыйзамдарга же социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө кызматкерлердин эмгектик укуктарын жана социалдык кепилдиктерин начарлаткан ченемдерди киргизүүгө жол бербөө.
Өкмөт
27. Эмгекти коргоо жагында кызматкерлердин эмгектик укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын сакталышына коомдук контролдуктун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Эмгектин техникалык жана укуктук инспекциясын чындоо, кесиптик бирликтин ыйгарым укуктуу (ишенимдүү) адамдарынын жана коомдук негиздеги инспекторлордун санын көбөйтүү боюнча чараларды көрүү.
Кесиптик бирликтер
28. Өндүрүштүк мертинүүнү алдын-алууну камсыз кылуу максатында, жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин камсыздандыруу бөлүгүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.
Тараптар
29. Жамааттык келишимдерде жана макулдашууларда эмгек шарттары боюнча жумушчу орундарга аттестациялоо өткөрүү, эмгектин зыяндуу жана коркунучтуу шарттарында иштеген кызматкерлерге компенсацияларды берүү, ишканалардын өздүк каражаттарынын эсебинен кызматкерлерге медициналык кароолорду, анын ичинде техногендик коркунучтуу өндүрүштөрдө жана транспорттук уюмдарда иштегендерге баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдаланууну болтурбоо максатында медициналык кароолорду өткөрүү.
Жумуш берүүчүлөр
Кесиптик бирликтер
30. Эмгектин коопсуздук техникасы жөнүндө ченемдерге ылайык, менчиктин бардык түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда эмгекти коргоону камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоого жооптуу эмгекти коргоо боюнча адистерди ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын штатында кароо.
Тараптар
31. Кесиптик бирликтер дин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте айлана-чөйрөнү коргоо боюнча коомдук контролду жүргүзүү үчүн ишканаларга жана уюмдарга тоскоолдуксуз барууну камсыз кылуу.
Өкмөт
Жумуш берүүчүлөр
32. Эмгекти коргоо маселелери боюнча адистердин, кесиптик бирликтердин кызматкерлериң, жана кесиптик бирликтердин активдерин окутууга жана билимин текшерүүгө көмөк көрсөтүү.
Жумуш берүүчүлөр
Кесиптик бирликтер
33. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкердин ден соолугуна эмгектик мертинүү же кесиптик оору менен келтирилген зыяндын ордун өз убагында толтуруп берүүгө көмөк көрсөтүү, өндүрүштөгү кырсыктан жапа чеккен же кесиптик оору алган кызматкерлердин таламдарын коргоо, аларды териштирүүгө, ошондой эле кызматкердин эмгектик укугунун бузулушуна алып келген иш берүүчүнүн укукка каршы аракеттеринен териштирүүлөргө катышуу.
Кесиптик бирликтер
V. Жумушчулардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
34. Ден соолукту чындоого багытталган, анын ичинде социалдык маанидеги ооруларды, адамдын иммундук тартыштыгы (ВИЧ-инфекция) вирусу жараткан ооруну кошо алганда, социалдык программаларды жүзөгө ашыруу тажрыйбасын жайылтууга көмөк көрсөтүү.
Тараптар
35. Айыл чарба кызматкерлерин, ошондой эле дыйкан жана фермер чарбаларын кызматкерлерин колдоо максатында айыл-чарба продукцияларын мамлекеттик сатып алуу системасын киргизүү.
Өкмөт
36. Эмгекчилердин ден соолугун чындоо фондусунан кесиптик бирликтердин ден соолукту чындоочу жайларына жана балдардын ден соолукту чыңдоо борборлоруна Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын өз учурунда жана жыл сайын толук өлчөмдө каражат бөлүүнү камсыз кылуу.
Өкмөт
Кесиптик бирликтер
37. Эмгек акы фондунан каражаттарды 0,15 проценттен кем эмес өлчөмдө маданий-массалык иш-чараларга бөлүү, ошондой эле дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн жайларды бөлүп берүү боюнча милдеттенмелерди тармактык макулдашууларда жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын жамааттык келишимдеринде кароо.
Жумуш берүүчүлөр
Кесиптик бирликтер
38. Дарылануучу жайларында, эс алуу үйлөрүндө, балдардын ден соолугун чындоо борборлорунда эс алуучуларды дарылоо жана тейлөө боюнча сервистик шарттарды жакшыртуу.
Кесиптик бирликтер
VI. Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү
39. Бардык деңгээлдерде тармактык, аймактык (региондук) макулдашууларды жана менчиктин бардык түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда, ошондой эле капиталдын чет элдик үлүшү бар ишканаларда жамааттык келишимдерди түзүүнү камсыз кылуу.
Менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда жана уюмдарда кесиптик уюмдарды түзүүгө, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
Жумуш берүүчүлөр
Кесиптик бирликтер
40. Социалдык өнөктөштүк маселелерин, Башкы макулдашууну, региондук жана тармактык макулдашууларды, эмгек келишимдерин ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле социалдык жана эмгек чыр-чатактарын алдын алуу жана чечүү боюнча чаралар жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууну камсыз кылуу.
Тараптар
41. Мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүдө мамлекеттик органдар түзүүчү комиссиялардын курамына кесиптик бирликтердин жана жумуш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүн ишке тартуу.
Тараптар
VII. Башкы макулдашуунун колдонулушу, анын аткарылышын контролдоо жана Тараптардын жоопкерчилиги
42. Тараптар ушул Башкы макулдашууну 2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасында макулдашылган социалдык-экономикалык саясатты жүргүзүү боюнча багыттарды жана аракеттерди белгилеген социалдык өнөктөштүктүн негизги документи катары таанышат жана анын бардык шарттарын сактап, жетекчиликке алууга милдеттенме алышат.
43. Башкы макулдашуу колдонулган мезгилде ага Тараптар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду алар социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык үч тараптуу комиссия тарабынан каралгандан жана кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделгенден кийин гана киргизе алышат.
44. Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык үч тараптуу комиссиянын чечимдери (сунуштары) ушул Башкы макулдашууну ишке ашыруунун формасы болуп эсептелет.
45. Башкы макулдашууну аткаруу «Кыргыз Республикасында эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы № 718 токтому менен бекитилген социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык үч тараптуу комиссия жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
46. Тараптар жыл сайын Башкы макулдашууну аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык үч тараптуу комиссияга беришет.
47. Башкы макулдашууга кол коюлгандан кийин Тараптар аны жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоону камсыз кылышат.
48. Бул Башкы макулдашуу кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана жаңы макулдашуу түзүлгөнгө чейин колдонулат.
49. Бул Башкы макулдашуу жумуш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелери жана көз карандысыз кесиптик бирликтер кошулуусу үчүн ачык.
Бишкек шаарында 200____-жылдын «_______»______________________ эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлдү.
Бул Башкы макулдашууга төмөнкүлөр кол коюшту:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри
|
К. Талиева |
Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясынын атынан Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы
|
А. Токтогулов |
Жумуш берүүчүлөр бирикмелеринин атынан Кыргыз Республикасынын Улуттук жумуш берүүчүлөр конфедерациясынын президенти |
Э. Салымбеков |