Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-октябры № 476-б
Жол-жоболук маселелерди чечүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы жетишилген келишимдерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 279-б буйругуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
2-пункту "Инвестициялык макулдашууга" деген сөздөрдөн мурда "принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
аталган буйрук менен жактырылган Протоколдун долбоорунун 3-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Инвестициялык макулдашууга ушул Өзгөртүүдө колдонулбаган же көрсөтүлбөгөн бардык башка пункттарда Инвестициялык макулдашуунун тараптары Инвестициялык макулдашуунун ченемдерин толугу менен, анын ичинде 6.3. (б) жана 9.17-пункттарында көрсөтүлгөндөй стабилдүүлүк жана басмырлабоо шарттарына карата пункттарды толук сактоого тийиш.
Инвестициялык макулдашууга ушул Өзгөртүүнүн жоболорун Тараптар аткарбаган учурда Тараптар Инвестициялык макулдашуунун VIII бөлүгүнө ылайык арбитраждык териштирүү кечиктирилбестен башталат деп макулдашат жана Инвестициялык макулдашуунун 8.1-беренесине ылайык талап кылынган сүйлөшүүлөрдүн 180 күндүк мезгили ушул арбитраждык териштирүүнү баштоо үчүн тиешелүү түрдө токтотулат.".
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |