Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-июну № 279-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 476-б, 2013-жылдын 31-июлундагы № 312-б
буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомунун ортосунда жетишилген макулдашууларга байланыштуу, ошондой эле Инвестициялык макулдашуунун 9.13-пунктуна ылайык:
1. 2012-жылдын 1-январынан тартып "Кыргыз Петролеум Компани" (КПК) жабык акционердик коому тарабынан акциздик салыкты жана мүлк салыгын төлөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КПКга 2012-жылдын 1-январына чейинки каалаган мезгил үчүн мүлк салыгын жана акциздик салыкты төлөөгө карата талаптарын токтотуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өнөр жай, соода жана ишкердик министрлиги жана "Кыргыз Петролеум Компани", "Кыргызнефть" өнөр жай ассоциациясы жана Франс Гидрокарбонс Лимитеддин ортосунда түзүлгөн 1995-жылдын 20-декабрындагы Инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрине жогоруда аталган принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 476-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын Экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
ПРОТОКОЛ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 476-б, 2013-жылдын 31-июлундагы № 312-б
буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Бир тараптан Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Өкмөт Инвестициялык макулдашууга бул өзгөртүүнүн максаттары үчүн бул документте жалпысынан "Өкмөт" катары аталган Кыргыз Республикасынын бийлигинин борбордук органдарынын бардык уюмдарын, органдарын жана башка мекемелерин киргизген) жана экинчи тараптан Кыргыз Республикасында катталган Кыргыз Петролеум Компани жабык акционердик коому ("Компания" деп аталган) жана "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коому ("Кыргызнефть" ӨБнын укук мураскору, "Кыргызнефтегаз" деп аталган, "ПЕТРОКЫРГЫЗСТАН" ишканасынын үлүшүнүн ээси болуп эсептелген, ал өз кезегинде Франс Гидрокарбонс Лимитеддин ээси болуп саналган) кол коюу менен 1995-жылдын 20-декабрында түзүлгөн Инвестициялык Макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Инвестициялык макулдашуу 1995-жылы 20-декабрда бир тараптан Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен зкинчи тараптан Кыргыз Петролеум Компани жана Кыргызнефть өндүрүштүк бирикмеси жана Франс Гидрокарбонс Лимитеддин ортосунда түзүлгөн.
Инвестициялык макулдашуунун жогоруда аталган бардык тараптары Инвестициялык макулдашууга төмөнкүлөрдү камтыган Өзгөртүүлөрдү кабыл алуу тууралуу макулдашты:
1. Мүлккө салык боюнча.
1.1. Компания Макулдашуунун "Укуктан баш тартуу" 9.5-бөлүмүн пайдалануу жөнүндө чечимди кабыл алат жана ушул бөлүмдүн шарттарына ылайык 2012-жылдын 1-январынан тартып Компаниянын мүлктөрүнө салык төлөбөө укугунан баш тартат жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдерине ылайык мүлккө салык төлөшөт.
1.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык Компания 2012-жылдын 1-январына чейин мүлккө салык төлөө милдеттеринен бошотулган фактыны тааныйт жана ушуну менен тастыктайт, жана 2012-жылдын 1-январынан тартып Компания кабыл алган бул Өзгөртүүнүн 1.1-пунктунда берилген чечимди тааныйт жана Өкмөт тарабынан 2012-жылдын 1-январына чейинки ар кандай мезгилде Компанияга мүлккө салык төлөөгө карата келечекте эч кандай талаптар же аракеттенүүлөр болбой тургандыгын ушуну менен тастыктайт.
1.3. Өкмөт жана Компания 2012-жылдын 1-январы - бул Өзгөртүүнүн күчүнө кирген күндү Инвестициялык Макулдашуунун тараптарынын ушул Өзгөртүүлөргө кол коюунун анык датасынан абдан эрте болуп саналган жагдайын эске алып макулдашты жана Өкмөт 2012-жылдын 1-январынан кийинки мезгилде жана бардык тараптар ушул Өзгөртүүгө кол койгон датага чейин, Компания тарабынан мүлккө салыкты төлөө боюнча биринчи анык төлөм жүргүзүлөт, ушул Өзгөртүүнүн 1.1. жана 1.2-пункттарында көрсөтүлгөн шарттарда 2012-жылдын 1-январынан тартып төлөөгө тийиш болгон Компаниянын мүлкүнө салыктын өзүнүн суммасынан башка чегерилген кандайдыр бир сумманы төлөөгө карата Компанияга кандайдыр бир талап коюуга жол берилбейт. Ушул Өзгөртүүгө кол коюлгандан кийинки бардык мезгилдерде Компания Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган мөөнөттө жана өлчөмдө мүлккө салык төлөшөт.
2. Акциздик салык боюнча.
2.1. Компания Макулдашуунун "Укуктан баш тартуу" 9.5-бөлүмүн пайдалануу жөнүндө чечимди кабыл алат жана ушул бөлүмдүн шарттарына ылайык 2012-жылдын 1-январынан тартып акциздик салыкты төлөбөө укугунан баш тартат жана 2012-жылдын 1-январынан тартып Компанияга тийиштүү жана Компания тарабынан жеке өзү колдонуу (тескөө, ээ болуу) жана/же Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдерине ылайык мөөнөттө жана ставка боюнча сатуу үчүн чыгарган акциздик товарлардын бардык көлөмдөрүнө гана акциздик салык төлөө жүргүзүлөт.
2.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык Компания 2012-жылдын 1-январына чейин акциздик салык төлөө милдеттеринен бошотулган фактыны тааныйт жана ушуну менен тастыктайт, жана 2012-жылдын 1-январынан тартып Компания кабыл алган чечимди тааныйт жана Өкмөт тарабынан 2012-жылдын 1-январына чейинки ар кандай мезгилде Компанияга акциздик салык төлөөгө карата келечекте эч кандай талаптар же аракеттенүүлөр болбой тургандыгын ушуну менен тастыктайт.
2.3. Өкмөт жана Компания 2012-жылдын 1-январы - бул Өзгөртүүнүн күчүнө кирген күндү Инвестициялык Макулдашуунун тараптарынын ушул Өзгөртүүлөргө кол коюунун анык датасынан абдан эрте болуп саналган жагдайын эске алып макулдашты жана Өкмөт 2012-жылдын 1-январынан кийинки мезгилде жана бардык тараптар ушул Өзгөртүүгө кол койгон датага чейин, Компания тарабынан мүлккө салыкты төлөө боюнча биринчи анык төлөм жүргүзүлөт, 2012-жылдын 1-январынан тартып төлөөгө тийиш болгон Компаниянын өзүнүн акциздик салыгынын суммасынан башка кандайдыр бир чегерилген сумманы төлөөгө карата Компанияга кандайдыр бир талап коюуга жол берилбейт. Ушул Өзгөртүүгө кол коюлгандан кийинки бардык мезгилдерде Компания Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган мөөнөттө жана өлчөмдө акциздик салык төлөшөт.
2.4. Өкмөт өзү тарабынан Компанияга кайра иштетүүгө тийиштүү же үчүнчү жак үчүн кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган акциздик товарларга таандык акциздик салыктарды төлөөгө карата келечекте Компанияга эч кандай талаптар же аракеттер болбой тургандыгына кепилдик берет.
3. Инвестициялык Макулдашууга төмөнкүдөй Өзгөртүүлөр киргизилет:
6.3-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы (vi) пунктча:
- "Инвестициялык макулдашуунун 2012-жылдын "___" ________________ Өзгөрүшүнө ылайык мүлккө салык төлөнөт",
жана төмөнкү мазмундагы (vii) пунктча менен толукталат:
- "Инвестициялык макулдашуунун 2012-жылдын "___" _______________ Өзгөрүшүнө ылайык акциздик салык төлөнөт".
Инвестициялык макулдашууга ушул Өзгөртүүдө колдонулбаган же көрсөтүлбөгөн бардык башка пункттарда Инвестициялык макулдашуунун тараптары Инвестициялык макулдашуунун ченемдерин толугу менен, анын ичинде 6.3. (б) жана 9.17-пункттарында көрсөтүлгөндөй стабилдүүлүк жана басмырлабоо шарттарына карата пункттарды толук сактоого тийиш.
Инвестициялык макулдашууга ушул Өзгөртүүнүн жоболорун Тараптар аткарбаган учурда Тараптар Инвестициялык макулдашуунун VIII бөлүгүнө ылайык арбитраждык териштирүү кечиктирилбестен башталат деп макулдашат жана Инвестициялык макулдашуунун 8.1-беренесине ылайык талап кылынган сүйлөшүүлөрдүн 180 күндүк мезгили ушул арбитраждык териштирүүнү баштоо үчүн тиешелүү түрдө токтотулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан:
Кол коюлган күн: _______________________
"Кыргыз Петролеум Компани" ЖАКтын атынан:
Кол коюлган күн: ________________________
"Кыргызнефтегаз" ААКнын атынан:
Кол коюлган күн: ________________________