КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 12-октябры № 496-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 234 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомунун 3-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасына жүгүртүү каражаттарын түзүү үчүн 20 (жыйырма) миллион сомду Бажы кызматын өнүктүрүү фондусунун каражаттарынан кайтарымдуу негизде бөлүп берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |