Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 853 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 6-апрели № 234
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдында "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-апрели № 263, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 237 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 токтому менен бекитилген 2011-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдында "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 237 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Ишкананы юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу Ишкананын ишин материалдык-техникалык, финансылык жана башка камсыздоо маселелерин чечсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 237 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 234 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы
"Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын
УСТАВЫ
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-апрели № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Ишкананын ишинин предмети, максаты жана милдеттери
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
4. Ишкананын мүлкү жана финансылык каражаттары
5. Ишкананы башкаруу
6. Эсеп, отчет жана контроль
7. Ишкананы жоюу жана өзгөртүп түзүү
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясынын алкагында түзүлдү.
2. Ишкананын түзүүчүсү болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Ишкананын ишине жалпы жетекчилик кылат жана координациялайт.
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Уставга таянат.
4. Ишкана чарба жүргүзүү укугунун негизинде Мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат жана өз ишин толук чарбалык эсептин, өзүн өзү каржылоонун жана өзүн актоонун негизинде жүргүзөт, негизги жана айлантуучу каражаттары болот.
5. Ишкананын аталышы:
а) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы";
кыскартылган аталышы: "Бажы инфраструктурасы" МИ";
б) расмий тилде: Государственное предприятие "Таможенная инфраструктура" при Государственной таможенной службе при Правительстве Кыргызской Республики;
кыскартылган аталышы: ГП "Таможенная инфраструктура".
6. Ишкана белгисиз мөөнөткө түзүлдү.
7. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, № 4 А.
2. Ишкананын ишинин предмети, максаты жана милдеттери
8. Ишкана бажы кызматынын кызыкчылыктарына көмөктөшүү жана анын ишинин натыйжалуулугун арттыруу жана Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттеринин тышкы экономикалык ишине ыңгайлуу шарттарды түзүү жана бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу максатында түзүлдү.
9. Ишкананын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- бажы органдарынын материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын өнүктүрүүнүн шарттарын камсыз кылуу, чек ара, автомобилдик, темир жол жана башка өткөрмө пункттарды жайгаштыруу, аларды эл аралык практикада кабыл алынган стандарттарга ылайык келтирүү;
- бажы инфраструктурасынын объекттерин техникалык эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүү, эксплуатациялоо жана тейлөө келишими боюнча берилген имараттардын, курулуштардын, инженердик түйүндөрдүн жана жабдуулардын абалына контролду белгилөө;
- бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү жаатында жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү.
10. Жогоруда аталган максаттарды ишке ашыруу үчүн Ишканага төмөнкү милдеттер жүктөлгөн:
1) бажы кызматынын материалдык-техникалык базасын түзүү жана өнүктүрүү тармагында:
- бажы кызматынын кызыкчылыгында курулушка ата мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жактарды тартуу менен өткөрмө пункттарда бажы постторун жайгаштыруу, бажы инфраструктурасынын объекттерин, ошондой эле бажылык, жарандык жана социалдык объекттерди комплекстүү куруу жана реконструкциялоо пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- курулушка, долбоорлук-сметалык, конструктордук жана башка курулуш документтерине байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара байланышта иштешүү;
- бажы органдарынын ишин жүргүзүү үчүн, алардын арыздары боюнча курулуп жана иштетилип жаткан бажы объекттерин жабдууга зарыл болгон техникалык контроль каражаттарын, кеңсе техникаларын, жабдууларды, эмеректерди, байланыш каражаттарын, запастык тетиктерди жана башка мүлктү сатып алуу;
- Ишкананын милдеттерин ишке ашыруу үчүн материалдарды, буюмдарды жана жабдыктарды сатып алуу жана жеткирүү;
2) бажы инфраструктурасын жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү тармагында:
- тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк жактардын катышуусунда бажы инфраструктурасын, анын ичинде бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн, ошондой эле мамлекеттин менчигине алынган товарларды, транспорт каражаттарын жана буюмдарды жана акы төлөп кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн башка ар кандай объекттерин түзүү жана өнүктүрүү;
- жеке адамдар жана юридикалык жактар үчүн акы төлөп кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн келечек программаларын иштеп чыгууга катышуу. Кызматтарга карата сурамдын конъюнктурасын изилдөө, бажылык кызмат көрсөтүүнүн керектөөчү рыногундагы баалар жана баа коюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- бажыга байланыштуу инфраструктураны пайдалануу боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк жактар менен биргелешкен ишке катышуу;
- убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси жана алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары кызмат көрсөтүү;
- бажы брокеринин ишин жүргүзүү;
- товарларды декларациялоо жаатында юридикалык жактарга жана жеке адамдарга кызмат көрсөтүү, ошондой эле бажы маселелери боюнча маалыматык-консультациялык иш жүргүзүү;
- бажылык тариздөө боюнча адистерди даярдоонун окуу процессин уюштуруу, бажы иши боюнча конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды өткөрүү;
- редакциялык-басма ишин жүргүзүү, ыйгарым укуктуу органдын заказы боюнча бажы маселеси боюнча ченемдик актыларды, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ишине байланышкан жарнактык жана башка материалдарды басып чыгаруу жана жайылтуу;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын социалдык программаларын ишке ашырууга катышуу;
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
11. Ишкана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана жооптуу болууга, соттордо доогер же жоопкер катары чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларына жана ушул Уставга ылайык чарба жүргүзүү укугунда балансында турган мүлккө ээ болууга, пайдаланууга жана ээлик кылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте товарларды, материалдарды, жабдууларды, чийки заттарды сатып алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын милдеттерин ишке ашыруу үчүн эмгек келишимдерин, мөөнөттүү эмгек келишимдерин, подряддык келишимдерин жана башка жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө;
- уставдык ишти аткарууда көрсөтүлүп жаткан кызматтардын баасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте аныктоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биргелешкен ишканаларды түзүүгө катышууга;
- кызматкерлердин эмгек акысына жана аларды социалдык-тиричилик жактан тейлөөгө жумшалчу каражаттардын көлөмүн белгиленген тартипте аныктоого;
- уставдык иштен киреше алууга;
- коммерциялык ишти жана ишкердикти жүргүзүүгө, анын ичинде тышкы экономикалык иш жүргүзүүгө, белгиленген тартипте же түзүлгөн келишимдин негизинде аныкталчу баалар жана тарифтер боюнча, ал эми мыйзамдарда каралган учурда мамлекеттик баалар боюнча жумуш аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө;
- өзүндөгү каражаттарды үлүштүк катышуу тартибинде өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес капиталдык салымдарды каржылоо үчүн, ошондой эле башка юридикалык жактар менен бирге белгиленген тартипте чарбалык ишти жүргүзүүгө жумшоого;
- менчик ээсинин макулдугу менен ишке жарабай калган жабдууларды жана башка мүлктү баланстын эсебинен чыгарууга, ошондой эле аны сатып өткөрүү үчүн баалоого;
- ыйгарым укуктуу орган өткөрүүчү кеңешмелердин, конференциялардын ишине жана башка иш-чараларга катышууга.
12. Ишкана лицензия же тийиштүү уруксат талап кылынган иштин түрү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын жана уруксаттардын негизинде өз ишин жүргүзөт.
13. Ишкана өз милдеттемелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет. Мамлекет ишкананын милдеттемелери боюнча жооп бербегендей эле, Ишкана да мамлекеттин жана анын органдарынын милдеттемелери боюнча жооп бербейт.
Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлктүн жеке менчик ээси болуп саналбайт.
14. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- чарба жүргүзүү укугунда ага берилген мүлктү сактоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө;
- ыйгарым укуктуу органга өзүнүн иши тууралуу жыл сайын отчет берүүгө;
- ыйгарым укуктуу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана финансылык-чарбалык иштердин жыйынтыктары тууралуу отчетторду квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө;
- өзүнүн ишин өз алдынча пландаштырууга, өзүнүн өнүгүү келечегин аныктоого жана чарбалык чечимдерди кабыл алууга;
- кызматкерлердин эмгек шартынын коопсуздугун камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жооп тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жактан жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттерин аткарууга.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-апрели № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ишкананын мүлкү жана финансылык каражаттары
15. Ишкана ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген мүлккө жана финансылык каражатка карата алардын арналышына жараша, өз ишинин максаттарына ылайык жана ушул Уставда аныкталган шартта жана тартипте чарбалык башкаруу укугунан пайдаланат.
16. Ишкананын мүлкү төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- ыйгарым укуктуу органдын акчалай жана мүлктүк төгүмүнөн;
- өзүнүн өндүрүштүк-чарбалык жана коммерциялык ишинен түшкөн кирешеден;
- банктардын жана башка кредиттик уюмдардын кредиттеринен;
- уюмдардын жана жарандардын кайтарымсыз жана кайрымдуулук төгүмдөрүнөн;
- мыйзамда тыюу салынбаган башка булактардан.
17. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда ага таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбакер коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым катары кошууга же менчик ээсинин (мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын) макулдугусуз ал мүлккө башка ыкма менен тескөөгө укугу жок.
Ишкана ага тийиштүү башка мүлккө мыйзамда белгиленгенден башка учурларда өз алдынча ээлик кылат.
18. Ишкананын ишинен түшкөн пайда Ишкананын жылдык өндүрүштүк-финансылык планына ылайык бөлүштүрүлөт. Ишкана жогоруда аталган планга ылайык анын ээлигине түшкөн пайданы чыгымдоо багыттарын өз алдынча аныктайт. Пайда Ишкананын фонддорун толтурууга жана аны өнүктүрүүгө, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда жана ушул Уставда каралган башка максаттарга жумшалат.
Жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча Ишкананын таза пайдасынын 50 пайыздан кем эмеси андан ары республикалык бюджетке багыттоо менен отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулат.
19. Ишкана өзүнүн ээлигинде калган кирешенин эсебинен атайын багыттагы фонддорду түзөт.
Ишкана төмөнкү фонддорду түзө алат:
- өндүрүштү өнүктүрүү;
- илим жана техника;
- социалдык өнүктүрүү;
- резервдик ж.б.
20. Ишкананын резервдик фонду анын кирешесинин суммасынан 5 пайыз өлчөмдү жыл сайын которуп туруу жолу менен түзүлөт. Резервдик фонд Ишкананын операциялары боюнча чыгымдарын жана анын пландалбаган чыгымдарын жабууга арналат.
5. Ишкананы башкаруу
21. Ишкананын ишин ыйгарым укуктуу органдын жана сунуштардын негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу башкы директор башкарат.
Башкы директор эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укуктарга ээ, милдеттерди алат жана жоопкерчиликте болот жана ушул Уставдын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн келишимдин негизинде иштейт.
Ишкананын башкы директорунун эки орун басары болот, анын бирөө биринчи орун басар.
Башкы директордун орун басарлары ыйгарым укуктуу органдын сунушу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-апрели № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын башкы директору тарабынан дайындалып, башкы директорго түз баш ийет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей жоопкерчиликтүү болот жана укуктардан пайдаланат.
23. Башкы директор Ишкананын ишине оперативдүү жетекчилик кылат.
24. Башкы директор ушул Уставда, ыйгарым укуктуу органдын чечимдеринде жана Ишкананын ички документтеринде белгиленген өзүнүн компетенциясынын чегинде:
- мамлекеттик органдар, жарандар жана юридикалык жактар менен болгон мамиледе Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
- мыйзамдарда, ыйгарым укуктуу органдын чечимдеринде, жылдык өндүрүштүк-финансылык программада белгиленген чекте Ишкананын мүлкүн, акча жана валюталык каражаттарын тескейт;
- Ишкананын атынан Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө макулдашууларды, келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү түзөт;
- Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Ишкананын штаттык расписаниесин жана түзүмүн бекитет, келишимдерди түзөт, чарба операцияларын жүргүзөт жана жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
- башкы директордун орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, алардын жоопкерчилик деңгээлин белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилерин дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерин жалдайт жана бошотот;
- өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлайт жана тартиптик жаза берет;
- өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен жана ыйгарым укуктуу органдын сыйлыктары менен сыйлоо үчүн материалдарды даярдап сунуштайт;
- кызматкерлерди чет өлкөлөргө кызматтык иш сапарга жөнөтөт, чет өлкөлүк фирмалардын жана уюмдардын адистерин кабыл алат;
- кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн, анын ичинде кызматтык маянага үстөк жана кошумчаларды кошуунун, аларды сыйлоонун тартибин белгилейт, Ишкананын ички эмгек тартибинин эрежелерин аныктайт жана бекитет;
- белгиленген талаптарга ылайык Ишканадагы эсепти жана отчетту, бухгалтердик ишти, отчет, баланс, смета жана Ишкананын иш пландарын түзүүнү уюштурат;
- ыйгарым укуктуу органга жасаган иши тууралуу жылдык отчетту, финансылык жыйынтыктар тууралуу балансты жана отчетту кошкондо Ишкананын чарба ишин мүнөздөгөн түшүндүрмөлөр менен Ишкананын финансылык абалы тууралуу отчетту, ошондой эле отчеттук мезгил ичинде Ишкана тарабынан кабыл алынган чечимдер жана негизги түзүлгөн бүтүмдөр тууралуу отчетту берет;
- Ишкананын бөлүктөрүнүн иштин жыйынтыгы тууралуу отчетторун карайт;
- коммерциялык сырга жана Ишкананын жана анын кызмат адамдарынын коопсуздугуна тийиштүү маалыматтардын тизмесин бекитет;
- ыйгарым укуктуу органды Ишкананын ишинин абалы тууралуу маалымдайт;
- түзүмдүк бөлүктөрдүн ишин координациялайт жана контролдойт;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
- Ишкананын атынан ишеним кат берет.
25. Башкы директор өзүнүн айрым укуктарын жана ыйгарым укуктарын ага баш ийген кызматкерлерге өткөрүп берүүгө укуктуу, бирок муну менен анын ыйгарым укуктуу органдын алдындагы жоопкерчилиги алынбайт.
26. Башкы директор Ишкананы башкаруудагы башка милдеттерди жана функцияларды аткарат, ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген аракеттерден тышкары мыйзамдарга жана Ишкананын уставына ылайык Ишкананын ишинин максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон аракеттерди жасайт.
27. Ишкананын эмгек жамаатын эмгек мыйзамынын негизинде анын ишине катышып жаткан жарандар түзөт.
6. Эсеп, отчет жана контроль
28. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте операциялык, бухгалтердик жана статистикалык эсептерди жана отчет жасайт.
29. Ишкана өзү жайгашкан жер боюнча көктөмөдө төмөнкү документтерди сактоосу зарыл:
- белгиленген тартипте катталган Ишкананын Уставынын түп нускасын, Ишкананын Уставына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду;
- Ишкана түзүү тууралуу чечимди, Ишкананы мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү;
- Ишкананын балансындагы мүлккө карата укугун тастыктаган документтерди;
- Ишкананын ички документтерин;
- жылдык финансылык отчетторду;
- тийиштүү органдарга берилген отчеттук документтерди;
- ыйгарым укуктуу органдын Ишкананы башкаруу боюнча кабыл алынган чечимдерин;
- финансылык контроль органдарынын, тышкы аудиторлордун корутундуларын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка документтерди.
30. Ишкананын финансылык-экономикалык ишин ыйгарым укуктуу орган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен компетенциясынын чегинде ишти текшерүү тапшырылган башка мамлекеттик органдар контролдошот.
7. Ишкананы жоюу жана өзгөртүп түзүү
31. Ишкананы өзгөртүп түзүү (кошулуу, биригүү, бөлүнүү, ажыроо, өзгөртүп түзүлүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
32. Ишкананын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашат.
33. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.