Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 12-октябры № 498-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругуна ылайык:
1. Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абды Сүйөркуловдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Талиева К.А. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Сарпашев Т.Д. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Жунусов И.К. | - Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Артыкбаев О.М. | - «Абды Сүйөркулов» коомдук фондунун төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
|
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
| |
Момуналиев Н.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр;
|
Алымкулов А.Т. | - Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри;
|
Калманбетов А.И. | - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
|
Садыков К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
|
Султанов К.И. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
|
Эркебаев А.Э. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);
|
Раев С.А. | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;
|
Төрөмаматов Ж.К. | - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү;
|
Исаев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
|
Алымбеков Б.М. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
|
Асанов К.С. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
|
Кожошев А.О. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Шабданов У.Т. | - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
|
Мурзубраимов Б.М. | - «Кыргызстан элдер ассамблеясы» ассоциациясынын юридикалык жактар биримдигинин төрагасы;
|
Оторбаев К.Т. | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Нургазиев М.Н. | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
|
Өмүралиева К.М. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин архив башчысы (макулдашуу боюнча);
|
Сүйөркулов Э.А. | - Абды Сүйөркуловдун уулу (макулдашуу боюнча);
|
Табылдиев Т.Т. | - «Абды Сүйөркулов» коомдук кайрымдуулук фондунун мүчөсү (макулдашуу боюнча). |
2. Тиркемеге ылайык мааракелик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилсин.
3. Мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Тиркеме
Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абды Сүйөркуловдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын
Планы
№ | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Бишкек - Ош автомобиль жолуна Абды Сүйөркуловдун ысмын ыйгаруу | 2012-жылдын октябрь-ноябры | Өкмөттүн Аппараты, МТМ, «Абды Сүйөркулов» коомдук кайрымдуулук фонду (макулдашуу боюнча) |
2 | Кийин көргөзмө уюштуруу жана Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейин жана Абды Сүйөркуловдун туулган айылындагы музейди жабдуу үчүн Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринен алынган Абды Сүйөркуловдун өмүрү жана ишмердиги жөнүндө архивдик документтерди (кинофотодокументтерди) жыйноо жана иштеп чыгуу | 2012-жылдын октябрь-ноябры | Өкмөттүн Аппараты, МКК, УИА, МТМ, БИМ, КРП БА, Ж.Баласагын атындагы КУУ, УТРК, «Абды Сүйөркулов» коомдук кайрымдуулук фонду (макулдашуу боюнча) |
3 | Мамлекеттик тарых музейинде Абды Сүйөркуловдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияны өткөрүү (чыгарылган китепти презентациялоо, даректүү фильмдердин демонстрациялоо, докладдар ж.б.) | 2012-жылдын 4-октябры | Өкмөттүн Аппараты, МТМ, ТКМ, УИА, Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Арабаев атындагы КМГГУ, «Абды Сүйөркулов» коомдук кайрымдуулук фонду (макулдашуу боюнча) |
4 | Абды Сүйөркуловдун өмүр жолунун барактары жана ишмердиги жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу | 2012-жылдын сентябрь, октябры | Өкмөттүн Аппараты, УИА, МТМ, БИМ, ЖЭИКМ, ТКМ, УТРК, «Абды Сүйөркулов» коомдук кайрымдуулук фонду (макулдашуу боюнча) |
5 | Абды Сүйөркуловдун өмүрү жана ишмердиги жөнүндө китеп басып чыгаруу жана даректүү фильмди тартуу | 2012-жылдын октябрь-ноябры | Өкмөттүн Аппараты, МТМ, УТРК, «Учкун» АКсы, «Абды Сүйөркулов» коомдук кайрымдуулук фонду (макулдашуу боюнча) |
6 | Республиканын облустарындагы жергиликтүү университеттердин базасында Абды Сүйөркуловдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү | 2012-жылдын ноябры | УИА, МТМ, БИМ, «Абды Сүйөркулов» коомдук кайрымдуулук фонду (макулдашуу боюнча) |
7 | Бишкек шаарындагы Абды Сүйөркулов атындагы көчөнү көрктөндүрүү | 2012-жылдын октябры | Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
8 | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин катышуусунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Абды Сүйөркуловдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү | 2012-жылдын октябры | Өкмөттүн Аппараты, Жалал-Абад облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрациясы, «Абды Сүйөркулов» коомдук кайрымдуулук фонду (макулдашуу боюнча) |
9 | Республиканын коомчулугунун салтанаттуу жыйындарын жана Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абды Сүйөркуловдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган искусство чеберлеринин концертин өткөрүү | 2012-жылдын октябры | Өкмөттүн Аппараты, МТМ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), «Абды Сүйөркулов» коомдук кайрымдуулук фонду (макулдашуу боюнча) |
10 | Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө маанилүү салым кошкон мамлекеттик ишмерлерге ыйгаруу үчүн Абды Сүйөркулов атындагы коомдук кайрымдуулук фонддун сыйлыгын уюштуруу | 2012-жылдын октябры | «Абды Сүйөркулов» коомдук кайрымдуулук фонду (макулдашуу боюнча) |
11 | Кыргызстандын тарыхы боюнча китептерге Абды Сүйөркуловдун өмүрүн жана ишмердигин окутуу боюнча темаларды киргизүү | 2012-жыл ичинде | БИМ |
Эскертүү:
КРПБА - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы.