Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 16-октябры № 500-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-июлундагы № 260-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Тиркеме
Айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө бөлүнгөн товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комиссиянын
Курамы
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директору, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын начальниги;
«Айыл Банк» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорунун орун басары;
Кыргызстандын Үрөнчүлүк ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча).