Редакцияот 22.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 22-октябры № 509-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 344-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-тиркемеде:

биринчи абзацындагы "Асымбекова Г.У." деген сөздөр "Талиева К.А." деген сөздөргө алмаштырылсын;

бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун

басары;";

жетинчи абзацындагы "Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-тиркемеде:

6-пунктту күчүн жоготту деп табылсын;

8-пунктундагы "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жолголот айылына" деген сөздөр "Бишкек шаарындагы № 3 кесиптик лицейдин аймагына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев