Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 13-июлу № 344-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-октябрындагы № 509-б буйругунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругуна ылайык Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгегин таануу иретинде, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмер, кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүүгө салым кошкон Жамангул Тойгонбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына байланыштуу:
1. Юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчылары Ж.Тойгонбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
1-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-октябрындагы № 509-б буйругунун редакциясына ылайык)
Талиева К.А. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Алымкулов А.Т. | - Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
| |
Жунусов И.К. | - Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри;
|
Кожошев А.О. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Чолпонкулов Т.А. | - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору;
|
Асанакунов М.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
|
Байсейитов Ж.А. | - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
|
Шералиев Ж.К. | - Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
|
Чыныбаев Ш.К. | - кесиптик-техникалык билим берүү системасынын ардагери (макулдашуу боюнча);
|
Муратов А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы. |
2-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-октябрындагы № 509-б буйругунун редакциясына ылайык)
№ | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар |
1. | Ж.Тойгонбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо | Октябрга чейин | ЖЭИКМ |
2. | Ж.Тойгонбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган кыска метраждуу документ фильм, видеоролик түзүү | Августка чейин | ЖЭИКМ |
3. | Юбилейлик дата жөнүндө «Кесип» журналынын атайын номерин чыгаруу | Сентябрга чейин | ЖЭИКМ |
4. | «Кесиптик-техникалык билим берүүнүн сапаты - өлкөнүн келечегинин өбөлгөсү» эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүү | Июль | ЖЭИКМ |
5. | Ж.Тойгонбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чаралар: конкурстарды, фестивалдарды, спартакиада өткөрүү | Жыл ичинде | ЖЭИКМ |
6. | КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-октябрындагы № 509-б буйругуна ылайык күчүн жоготту | ||
7. | Нарын облусунун Кочкор районундагы № 15 кесиптик лицейдин базасында Ж.Тойгонбаев атындагы музейге ремонт жүргүзүү, жаңылоо жана материалдар менен толуктоо | Жыл ичинде | Кочкор районунун мамлекеттик администрациясы |
8. | Ж.Тойгонбаевдин эстелигин даярдоо жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жолголот айылына орнотуу | Октябрга чейин | Уюштуруу комитети |
9. | Салтанаттуу майрамдоо | Октябрь | Уюштуруу комитети, ЖЭИКМ |