Редакцияот 24.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 24-октябры № 515-б

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Баңгизаттарды жүгүртүүнү контролдоо боюнча федералдык кызматынын ортосундагы Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.

 

Биринчи вице-премьер-министр

Ж. Оторбаев

 

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Баңгизаттарды жүгүртүүнү контролдоо боюнча федералдык кызматынын ортосундагы Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө карты күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө

Макулдашуу

 

Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Россия Федерациясынын Баңгизаттарды жүгүртүүнү контролдоо боюнча федералдык кызматы,

баңги каражаттарды, психотроптук заттарды (мындан ары - баңги заттар) мыйзамсыз жүгүртүүнүн жана аларды кыянаттык колдонуунун масштабдары кеңейип баратканына тынчсызданганын билдиришип,

баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү Тараптардын мамлекеттеринин элдеринин ден соолугуна жана бакубаттыгына олуттуу коркунуч жаратарын түшүнүшүп,

Баңги каражаттары жөнүндө 1961-жылдагы бирдиктүү конвенциянын, Баңги каражаттары жөнүндө 1961-жылдагы бирдиктүү конвенцияга киргизүү тууралуу 1972-жылдагы протоколго ылайык ага киргизилген оңдоолору менен, 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенциянын, Бириккен Улуттар Уюмунун 1988-жылдагы Баңгизат каражаттардын жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жөнүндө конвенциясынын жоболорун эске алып,

баңги заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы натыйжалуу чараларды көрүүдө өз ара кызыкчылыктардан негизделип,

өз мамлекеттеринин мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

 

1-берене

 

1. Бул Макулдашуунун предмети болуп Тараптардын баңги заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы натыйжалуу күрөшүүнү уюштуруу максатындагы кызматташтык эсептелет.

2. Тараптар кызматташтыкты өзүнүн компетенциясынын алкагында жана өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин сактоо менен ушул Макулдашуунун негизинде жүргүзөт.

3. Бул Макулдашуу кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жана берүү маселелерине таасирин тийгизбейт.

 

2-берене

 

1. Тараптардын ушул Макулдашуунун алкагындагы кызматташтыгы төмөнкү формаларда иш жүзүнө ашырылат:

а) баңги заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча маалыматтарды алмашуу;

б) экинчи Тараптын өтүнүчү боюнча бир Тараптын баңги заттарды жана прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу маселелер боюнча операциялык-издөө иштерин жүргүзүү;

в) баңги заттарды мыйзамсыз керектөөнү жана жүгүртүүнү алдын алууну уюштуруу жана өткөрүү маселеси боюнча өз ара аракеттенүү;

г) баңги заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды өткөрүүдө, анын ичинде көзөмөлдөнүүчү берүүлөрдү жана текшерме сатып алууларды жүргүзүүдө, ошондой эле аларды мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоодо өз ара аракеттенүү жана өз ара жардам көрсөтүү;

д) тажрыйба алмашуу, анын ичинде кеңешмелерди, конференцияларды жана семинарларды өткөрүү жолу менен алмашуу;

е) өзүнүн мамлекетинин мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, аларды ишке ашыруу практикасы жөнүндө материалдарды, баңги заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселелери боюнча, анын ичинде алардын легалдуу жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча статистикалык маалыматтарды жана методикалык рекомендацияларды алмашуу;

ж) кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;

з) материалдык-техникалык жана кеңешмелик жардам көрсөтүү, ошондой эле экспертизаларды жүргүзүүгө көмөктөшүү;

и) баңги заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү көйгөйлөрү боюнча өз ара кызыкчылыкты билдирген биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

к) зарыл болгон учурда мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңги заттардын үлгүлөрүн жана аларды изилдөөнүн натыйжаларын алмашуу;

л) кызматташтык процессинде пайда болуучу маселелер боюнча ишти координациялоо, буга жумушчу топторду түзүү жана өкүлдөрдү алмашуу кирет.

2. Бул Макулдашуу Тараптардын башка өз ара алгылыктуу кызматташтык формаларын даярдоого жана өнүктүрүүгө бөгөт болбойт.

 

3-берене

 

Бул Макулдашуунун алкагында маалымат алмашуу төмөнкүлөр тууралуу жүргүзүлөт:

а) башка Тараптын мамлекетинин аймагында жасалган же жасоого даярдалып жаткан баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштар;

б) баңги заттарды трансчек аралык мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар дел шектелген адамдар;

в) бир Тараптын мамлекетинин аймактарынын экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына иштеген жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү же аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө ниеттенүү менен байланышкан конкреттүү фактылар жана окуялар;

г) баңги заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар жана иш-аракеттери улуттар аралык мүнөзгө ээ болгон кылмыштуу топтордун структурасы, жеке курамы, иш чөйрөсү, башкаруунун уюштурулганы;

д) баңги заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан Тараптардын мамлекеттеринин аймагында аракеттенген өз алдынча адамдар жана кылмыш топтордун ортосундагы болгон же божомолдуу байланыштар;

е) баңги заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштуу иштерди жасоонун формалары жана методдору;

ж) баңги заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүдөн түшкөн кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) багытталган иш-аракеттер;

з) баңги заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө түшүрүү булактарын аныктоонун формалары менен методдору жана ушундай мыйзамсыз жүгүртүүнү токтотуу чаралары;

и) мыйзамсыз жүгүртүүдө пайда болгон баңги заттардын жаңы түрлөрү, аларды даярдоонун жана пайдалануунун технологиялары;

к) баңги заттарды жана алардын прекурсорлорун өстүрүүдө, жасоодо, ташууда жана сатууда колдонулуучу катуу жана жашыруу ыкмалары, ошондой эле аларды аныктоо методдору;

л) өз ара кызыкчылыкты туудурган башка маселелер.

 

4-берене

 

1. Бул Макулдашуунун алкагында көмөк көрсөтүү Тараптардын биринин өтүнүчүнүн же ушундай жардам көрсөтүү башка Тарап үчүн кызыкчылыкты туудурат деп эсептеген демилгесинин негизинде ишке ашырылат.

Көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүч жазуу түрүндө же текстти жиберүүнүн техникалык каражаттарын колдонуу менен жиберилет.

Кечиктирүүгө болбочу учурларда оозеки өтүнүч кабыл алынышы мүмкүн, бирок ал үч сутка ичинде жазуу түрүндө, же текстти жиберүүнүн техникалык каражаттарын колдонуу менен ырасталышы керек.

Маалыматты жиберүүнүн техникалык каражаттарды колдонууда, ошондой эле алынган өтүнүчтүн аныктыгы же мазмуну боюнча күмөн пайда болсо, өтүнүчтү алган Тарап өтүнүчтү жиберген Тараптан жазуу түрүндө ырастоону сурашы мүмкүн.

2. Көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүч төмөнкүлөрдү камтыйт:

- өтүнүч жиберген Тараптын аталышы;

- өтүнүч алуучу Тараптын аталышы;

- өтүнүчтүн максатынын кыскача жазылышы жана негиздемеси;

- өтүнүчтү аткарууга керектүү башка маалыматтар.

3. Зарыл болгон учурда өтүнүч алган Таран өтүнүчтү тиешелүү түрдө аткаруу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты алууга өтүнүч бере алат.

 

5-берене

 

1. Өтүнүчтү алган Тарап өтүнүчтү мүмкүн болушунча тез жана толук аткарылышын камсыздоо үчүн баардык зарыл чараларды көрөт. Өтүнүч, эреже катары, алынган күндөн 30 суткадан ашпаган мөөнөттө аткарылат.

2. Эгерде мамлекеттин мыйзамдарына каршы келбесе, өтүнүчтү алган Тарап өтүнүч жиберген Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө өтүнүчтү аткаруу учурунда өзүнүн мамлекетинин аймагында болууга уруксат бериши мүмкүн.

 

6-берене

 

1. Эгерде өтүнүчтү аткаруу мүмкүн болбосо же аны аткаруудан баш тартылса, өтүнүч алуучу Тарап өтүнүч жиберүүчү Тарапты тез арада жазуу түрүндө маалымдайт жана өтүнүчтү аткарууга бөгөт болгон себептер тууралуу кабарлайт.

2. Эгерде өтүнүчтү аткаруу өтүнүчтү алуучу Тарап мамлекетинин эгемендигине, коопсуздугуна же башка олуттуу кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн же мамлекетинин мыйзамдарына каршы келет деп эсептесе, анда өтүнүчтү аткаруудан толук же жарым-жартылай баш тартышы мүмкүн.

3. Эгерде өтүнүчтү алган Тарап өтүнүчтү дароо аткаруу мамлекеттин аймагында ишке ашырылып жаткан кылмышты жазалоого же башка өндүрүшкө тоскоол болот деп эсептесе, ал өтүнүчтү аткарууну кийинкиге жылдырышы же аны өтүнүч жиберген Тарап менен кеңешкенден кийин аны аткарууну зарыл деп аныкталган шарттарды сактоо менен байланыштырышы мүмкүн. Өтүнүч жиберүүчү Тарап сунушталган шарттарда көмөк алууга макул болсо, анда ал ушул шарттарды сактоого тийиш.

 

7-берене

 

1. Тараптар Тараптардын ортосундагы алмашуунун предмети болгон маалыматтардын, аны менен бирге эле баңги заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселеси боюнча документтердин мазмунунун жана материалдарынын жашыруундугун камсыз кылышат, буга жашыруун эмес документтер жана материалдар кирбейт.

2. Өтүнүч жиберген Тарап алынган маалыматтарды өтүнүчтө көрсөтүлгөн максаттарда гана колдонот.

3. Ушул Макулдашуунун алкагында алынган жашырын маалыматтар, анын ичинде документтер жана материалдар ушул маалыматты берген Тараптын жазуу түрүндөгү алдын ала макулдугусуз башка тараптарга берилиши мүмкүн эмес.

 

8-берене

 

Тараптар бул Макулдашуунун алкагындагы кызматташтыкты жүргүзүүдө орус тилин колдонушат.

 

9-берене

 

1. Тараптар бул Макулдашууну өзүнүн мамлекетинин аймагында ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды көтөрүшөт.

2. Эгерде алардын ортосунда жазуу түрүндөгү башкача макулдашуу болбосо, Тараптар өз өкүлдөрүнүн кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин аймагына барып-келүүсүнө жана жашоосуна байланыштуу чыгымдарын баарын өздөрүнө алышат.

3. Өтүнүч жиберген Тараптын өкүлдөрүнүн баруулары өтүнүч алуучу Тараптын алдын ала макулдугу менен жүргүзүлөт.

 

10-берене

 

Бул Макулдашууда каралган кызматташтыкты ишке ашыруунун жүрүшүн кароо жана аны андан аркы өркүндөтүүнүн багыттарын иштеп чыгуу үчүн Тараптар биргелешкен жумушчу жолугушууларды, кеңешмелерди, семинарларды өткөрүшөт.

Жолугушуулар кезеги менен Тараптардын ар биринин мамлекетинде өткөрүлөт.

 

11-берене

 

Бул Макулдашуунун 2-беренесинин 1-пунктунун «ж», «з», «и», «к» пунктчаларында каралган кызматташууну ишке ашыруунун конкреттүү шарттары жана аны каржылоо тартиби Тараптардын ортосундагы өзүнчө макулдашуулар менен аныкталат.

 

12-берене

 

Тараптардын чечими боюнча бул Макулдашууга белгиленген тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет.

 

13-берене

 

Тараптар бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу пайда болуучу бардык талаш маселелерди же пикир келишпестиктерди кеңешүү жана сүйлөшүү жолу менен чечишет.

 

14-берене

 

1. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт.

2. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптардын бири экинчи Тараптан бул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн баштан үч ай өткөнгө чейин күчүндө болот.

 

________________ шаарында 2012-жылдын «_____»_______________ эки нускада, ар бири орус тилинде түзүлдү.

 

Кыргыз Республикасынын

Ички иштер министрлиги үчүн

Россия Федерациясынын

Баңгизаттарды жүгүртүүнү контролдоо боюнча

федералдык кызматы үчүн