Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-октябры № 148
2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календарлык планы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 213 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө даярдоону уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календарлык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| |||
| |||
2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү | |||
1 | Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү | Добуш берүү күнүнө чейин (2016-жылдын 22-октябрына чейин) 50 календардык күндөн кечиктирбей | Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан аймактык шайлоо комиссиялары (КРнын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамы - (андан ары Мыйзам) 10-бер. 4-бөл.) |
2 | Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү | Добуш берүү күнүнө чейин (2016-жылдын 22-октябрына чейин) 50 календардык күндөн кечиктирбей | Аймактык шайлоо комиссияларын сунуштоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (шайлоолорду уюштуруу бөлүмү) (Мыйзам 10-бер. 5-бөл.) |
3 | Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын ММКда жарыя кылуу | Алар бекитилген күндөн тартып (2016-жылдын 27-октябрына чейин) 5 календардык күндөн кечиктирбей | Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык саясат бөлүмү) (Мыйзам 10-бер. 6-бөл.) |
4 | Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларды түзүү | Добуш берүү күнүнө чейин (2016-жылдын 27-октябрына чейин) 45 календардык күндөн кечиктирбей | Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 11-бер. 2-3-бөл.) |
5 | Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкалардын схемаларын жана чек араларын бекитүү | Добуш берүү күнүнө чейин (2016-жылдын 27-октябрына чейин) 45 календардык күндөн кечиктирбей | Аймактык шайлоо комиссияларын сунуштоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (шайлоолорду уюштуруу бөлүмү) (Мыйзам 11-бер. 3-бөл.) |
6 | Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын ММКда жарыя кылуу | Алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн (2016-жылдын 1-ноябрына чейин) кечиктирбей | Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык саясат бөлүмү) (Мыйзам 11-бер. 3-бөл) |
7 | Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек аларын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү | Алар бекитилген күндөн тартып | Борбордук шайлоо комиссиясы |
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу | |||
8 | Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуучу тренингдерди өткөрүү | Өзүнчө план жана график боюнча | Окутуу жана шайлоо процессинин катышуучулары менен өз ара аракеттенүү борбору, Шайлоо технологиялары борбору |
Шайлоочулардын тизмеси менен иштөө | |||
9 | Шайлоочулардын тизмеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан шайлоочулардын маалыматтары - алардын биометрикалык жана жеке маалыматтарынын негизинде шайлоочуларды эсепке алуу системасын пайдалануу менен түзүлөт | Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирилбестен (2016-жылдын 22-октябрына чейин) | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (МКК) (Мыйзам 12-бер. 4-бөл.) |
10 | Ар бир шайлоо участогу боюнча түзүлгөн шайлоочулардын тизмеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан электрондук түрдө БШКга өткөрүлүп берилет | Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирилбестен (2016-жылдын 22-октябрына чейин) | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (МКК) (Мыйзам 12-бер. 4-бөл.) |
11 | Форма 3 бланкасын жана шайлоочулардын акыркы тизмесин басып чыгаруу үчүн атайын кагазды бекитүү | (2016-жылдын 22-октябрына чейин) | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (МКК), Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык шайлоо системасын башкаруу боюнча бөлүмү) |
12 | Шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын тизмесин илүү | Добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирилбестен (2016-жылдын 27-октябрына чейин) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 13-бер. 1-бөл.) |
13 | Жеке маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү (Форма 3) жөнүндөгү арыздарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу | Добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирилбестен (2016-жылдын 26-ноябрына чейин) | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, системалык администраторлор, аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 13-бер. 4-бөл.) |
14 | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоо участокторунун чек араларына ылайык бөлүнгөн шайлоочулардын акыркы тизмесин түзөт | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен (2016-жылдын 1-декабрына чейин) | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (МКК) (Мыйзам 13-бер. 4-бөл.) |
15 | Номурланган, жипке тизилген жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен бекитилген шайлоочулардын кагаз жүзүндөгү тизмесин тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү (шайлоочулардын тизмеси сөзсүз атайын кагазга басып чыгарылууга тийиш) | Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен (2016-жылдын 8-декабрына чейин) | Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык шайлоо системасын башкаруу боюнча бөлүмү), аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 13-бер. 4-бөл.) |
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо | |||
16 | Талапкерлерди шаардык кеңештердин депутаттыгына көрсөтүү | Шайлоо дайындалган күндөн добуш берүү күнүнө 40 календардык күн калганга чейин аяктайт (2016-жылдын 31-октябры, саат 24.00гө чейин) | Саясий партиялар (Мыйзам 49-бер. 1-бөл, 2-бөл) |
17 | Талапкерлерди айылдык кеңештердин депутаттыгына көрсөтүү | Шайлоо дайындалган күндөн добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин аяктайт (2016-жылдын 10-ноябры, саат 24.00гө чейин) | Жарандар өзүлөрүн өзү көрсөтүү жолу менен (Мыйзам 49-бер. 1-бөл.) |
18 | Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн зарыл болгон шайлоо документтерди тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен (2016-жылдын 31-октябры саат 24.00гө чейин) | Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам 53-бер. 1-бөл.) |
19 | Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн зарыл болгон шайлоо документтерди тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен (2016-жылдын 10-ноябры саат 24.00гө чейин) | Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам 60-бер. 1-бөл.) |
20 | Талапкерлерди көрсөтүү тартибинин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзам талаптарына ылайыктуулугун текшерүү | Документтер кабыл алынган күндөн тарта 10 календардык күндүн ичинде | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 53-бер. 4-бөл., 60-бер. 3-бөл.) |
21 | Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо | Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күнгө чейин (2016-жылдын 11-ноябры) | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 53-бер. 6-бөл.) |
22 | Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо | Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күнгө чейин (2016-жылдын 21-ноябры) | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 60-бер. 7-бөл.) |
23 | Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлерге тиешелүү ырастамаларын берүү | Талапкерлерди каттоо күнүнөн тартып 2 календардык күндүн ичинде | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 53-бер. 12-бөл. 60-бер. 9-бөл.) |
24 | Талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен депутаттыкка катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды басма сөздө жарыялоо | Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 53-бер. 11-бөл. 60-бер. 8-бөл.) |
25 | Талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин чакыртып алуу | Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен (2016-жылдын 8-декабрына чейин) | Депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялар (Мыйзам 54-бер. 1, 2-бөл.) |
26 | Талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин шайлоого катышууга каттоосун жокко чыгаруу | Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен (2016-жылдын 8-декабрына чейин) | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 44-бер.) |
27 | Шайлоо комиссияларындагы саясий партиялардын, талапкерлердин ишенимдүү адамдарын, өкүлдөрүн, саясий партиялардын, талапкерлердин, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү же жүйөлөштүрүлгөн түрдө аларды каттоодон баш тартуу | Керектүү документтер келип түшкөндөн тарта 2 календардык күн ичинде | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары Мыйзам 18-бер. 2-бөл, 19-бер., 21-бер. 3-бөл.) |
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү | |||
28 | Шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан жарыяланууга жана БШКга берилүүгө тийиш. | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен (2016-жылдын 22-октябрына чейин) | Жалпыга маалымат каражаттары (Мыйзам 22-бер. 20-бөл.) |
29 | Маалыматтык камсыздоо, шайлоочуларга маалымат берүү | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин | Учурдагы мыйзамдарына ылайык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар ОИП жана МС (БШКнын маалыматтык саясат бөлүмү) (Мыйзам 22-бер. 1, 2-бөл.) |
30 | Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү | Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тарта башталат: -шаардык кеңешке талапкерлердин тизмелери (2016 -жылдын 11-ноябры) - айылдык кеңешке бардык талапкерлер (2016-жылдын 21-ноябры) жана добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат (2016-жылдын 10-декабры саат 8.00гө карата) | Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясый партиялар (Мыйзам 23-бер. 1-бөл.) |
31 | Чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, жапырт иш чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу | Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин | Аймактык шайлоо комиссиялары мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте (Мыйзам 26-бер. 1-бөл.) |
32 | Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды бөлүп берүү жана тариздөө | Шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде | Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары (Мыйзам 27-бер. 3-бөл.) |
Эл аралык байкоочулар | |||
33 | Эл аралык уюмдарга жана чет өлкөлөрдүн шайлоо органдарына шайлоого байкоого катышууга чакырууларды жиберүү | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялагандан кийин | Борбордук шайлоо комиссиясы (Эл аралык кызматташтык бөлүмү) (Мыйзам 8-бер. 1-бөл.) |
34 | Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо | Тапшырыктар түшкөн сайын | Борбордук шайлоо комиссиясы (Эл аралык кызматташтык бөлүмү) (Мыйзам 8-бер. 1, 2-бөл.) |
Шайлоону каржылоо | |||
35 | Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн чыгымдарынын сметасын карап чыгуу жана бекитүү | Шайлоо дайындалгандан кийин | Борбордук шайлоо комиссиясы (пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү) |
36 | Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү тейлөө үчүн банктарды белгилөө | (2016-жылдын 15-октябрына чейин) | Борбордук шайлоо комиссиясы |
37 | Шайлоо фондун түзүү | Талапкерлер жана саясий партиялар, алар талапкер болуп көрсөтүлгөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерин берүүгө чейин шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуктуу | Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер (Мыйзам 55-бер. 1-бөл., 61-бер. 1-бөл.) |
38 | Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин контролдоо | Шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып | Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү топ, аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 16-бер. 1-бөл.) |
39 | Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу | Шайлоо комиссияларга акча каражаттары берилгенден кийин | Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү топ, Борбордук шайлоо комиссиясы (пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү) (Мыйзам 16-бер. 2-бөл.) |
40 | Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына шайлоо фонддорунун түзүү булактары жана өлчөмү аларды чыгымдалышы боюнча отчетторду берүү | 1) АШКга шайлоо күрөөсүн (шаардык кеңешке шайлоо боюнча) төккөндүгү тууралуу документтерди берүү жана каттоо үчүн башка керектүү документтер менен бирге 2) Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен 3) шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен | Талапкерлер, саясий партиялар (Мыйзам 15-бер. 19-бөл, Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү топ, аймактык шайлоо комиссиялар (Мыйзам 16-бер. 2-бөл.) |
Шайлоо бюллетендерин даярдоонун жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүүнүн тартиби | |||
41 | Шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү | Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирилбестен (2016-жылдын 21-ноябрына чейин) | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 30-бер. 3-бөл.) |
42 | Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө шайлоочуларга жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен кабар берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, (2016-жылдын 1-декабрына чейин) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 31-бер. 1-бөл.) |
43 | Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча бюллетендерди даярдоо | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен (2016-жылдын 1-декабрына чейин) | Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү) (Мыйзам 30-бер. 8-бөл.) |
44 | Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен (2016-жылдын 1-декабрына чейин) | Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү) (Мыйзам 30-бер. 13-бөл.) |
45 | Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу | Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күндөн кечиктирилбестен (2016-жылдын 9-декабрына чейин) | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 30-бер. 13-бөл.) |
Добуш берүүнүн тартиби | |||
46 | Добуш берүүнү добуш берүүчү жайдан тышкары жерде өткөрүү | Добуш берүү күнүнө чейин бир гана календардык күн калганда (2016-жылдын 10-декабрында) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 33-бер. 2-бөл.) |
47 | Добуш берүүнү өткөрүү | 2016-жылдын 11-декабры, 8.00дөн 20.00 саатка чейин | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 31-бер.) |
Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана шайлоо натыйжаларын аныктоо | |||
48 | Бюллетендерди добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдөн алып чыгуу жана аларды АЭУ аркылуу өткөрүү | Добуш берүү аяктагандан кийин | Байкоочулардын катышуусундагы участкалык шайлоо комиссиялары |
49 | АЭУнун добуш бергендердин саны жөнүндө отчетун кагазга басып чыгаруу жана добуштарды бөлүштүрүү, маалыматтарды байланыштын корголгон каналдары аркылуу борбордук серверге берүү | Добуш берүү аяктагандан кийин | Байкоочулардын катышуусундагы участкалык шайлоо комиссиялары |
50 | Добуш берүүнүн алдын ала маалыматтарын БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу | УШКдан маалыматтар алынган кийин | Участкалык шайлоо комиссиялары, Борбордук шайлоо комиссиясы |
51 | Добуштарды кол менен саноо | Добуш берүү аяктагандан кийин | Байкоочулардын катышуусунда участкалык шайлоо комиссиялары |
52 | Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрүү, келип түшкөн даттанууларды (арыздарды) кароо | Добуштар саналгандан кийин | Байкоочулардын, талапкерлердин жана ММКнын өкүлдөрүнүн катышуусундагы участкалык шайлоо комиссиялары |
53 | Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколун түзүү жана кол коюу | Жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрүлгөндөн кийин | Участкалык шайлоо комиссиялары |
54 | Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколунун биринчи нускасын шайлоо документтери менен кошо АШКга жеткирүү жана акты боюнча өткөрүп берүү, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктарын ИИСке киргизүү | Аларга УШКнын мүчөлөрү кол койгондон кийин токтоосуз | Участкалык шайлоо комиссиялары Аймактык шайлоо комиссиялары ИИМ |
55 | Ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгын жана тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштыруу жана участкалык шайлоо комиссиялары жайгашкан жайлардагы стенддердерге илүү | Добуш берүү аяктагандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен | Борбордук шайлоо комиссиясы Аймактык шайлоо комиссиялары Участкалык шайлоо комиссиялары |
56 | Аймактык шайлоо комиссияларынын аныкталган тартипте келип түшкөн, добуш берүү, добуштарды саноо жана участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүү, АШКнын иш аракеттери менен байланышкан арыздары (даттануулары) каралган жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрүү | УШКнын протоколдору алынгандан кийин, тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорго кол коюу алдынан | Аймактык шайлоо комиссиялары |
57 | Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду түзүү. Протоколдорго эки нускада түзүлгөн тиешелүү аймакта жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү бириктирилген таблица, шайлоо комиссияларынын өзгөчө пикири жана ошондой эле келип түшкөн арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет | АШКнын жыйынтыктоочу жыйналышынан кийин | Аймактык шайлоо комиссиялары |
58 | АШКнын протоколунун биринчи нускасын жана жыйынтыктоочу таблицасын жана УШКнын сейф-пакетке мөөрлөнгөн протоколдору менен чогуу Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүү | АШКнын протоколдоруна кол коюлары менен токтоосуз | Аймактык шайлоо комиссиялары |
59 | БШКнын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн бардык даттанууларды (арыздарды) караган жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрүү жана ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алуу | АШКнын протоколдору алынгандан кийин | Борбордук шайлоо комиссиясы |
60 | Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдорду түзүү | 2016-жылдын 31-декабрына чейин (добуш берген күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен) | Аймактык шайлоо комиссиялары |
61 | Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо | 2016-жылдын 31-декабрына чейин (добуш берген күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен) | Аймактык шайлоо комиссиялары |
62 | Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо | Шайлоонун жыйынтыгы аныкталган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө | Борбордук шайлоо комиссиясы |