Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 21-ноябры № 544-б
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин оптималдаштыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамын бекитүүгө байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Момуналиев Н.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министр, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
|
Панкратов О.М. | - Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
|
Новицкий Н.И. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы.
|
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
| |
Шадыбеков К.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы;
|
Кутманов Н.О. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Таткулов Т.Ж. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Тарбинский О.С. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Сатыбекова А.Э. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүнү мониторингдөө бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
|
Жунушалиев М.Т. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Мадеюев А.Н. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Мурзаев С.К. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Третьяков А.В. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Печенюк О.В. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).»; |
- 4-пунктта «экономикалык жөнгө салуу» деген сөздөр «экономика» деген сөзгө алмаштырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |