Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы N 609-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 31-майы № 191-б
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 418-б, 2012-жылдын 6-февралындагы № 33-б, 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 544-б,2014-жылдын 13-январындагы № 8-б, 2016-жылдын 1-февралындагы № 35-б, 2016-жылдын 23-июнундагы № 287-б, 2017-жылдын 13 декабрындагы № 567-б 2018-жылдын 16-июлундагы № 252-б, 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 411-б 2020-жылдын 30-декабрындагы № 412-б, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 124-т, 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 462-т, 2023-жылдын 3-июлундагы № 390-р буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 4-пунктун аткаруу үчүн:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) бул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин жана көз карандысыз эксперттерди коомдук негизде белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
3-1. Ведомстволор аралык комиссиянын жарымынан кем эмеси кеңеш берүүчү добуш укугу менен жарандык коомдоштуктун жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден турат.
Аларды тандоо жана Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынына чакыруу тартиби каралуучу маселелердин тематикасына жараша Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы № 8-б, 2016-жылдын 1-февралындагы № 35-б буйруктарынын редакцияларына ылайык).
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 124-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Премьер-министри | А.Атамбаев |
|
| Тиркеме |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 124-т, 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 462-т, 2023-жылдын 3-июлундагы № 390-р тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр секторунун башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
кызмат орду боюнча:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору (макулдашуу боюнча);
жекече (макулдашуу боюнча):
Мусаева Айжан Эркиновна | - | Регионалистика жана өнүктүрүү борборунун директору; |
Капарова Айнура Акимжановна | - | көз карандысыз эксперт; |
Третьяков Александр Викторович | - | көз карандысыз эксперт; |
Балтагулов Джалалбек Тюрегельдиевич | - | көз карандысыз эксперт; |
Коак Александр Николаевич | - | "Коомдук технологиялар борбору" мекемесинин эксперти; |
Слепченко Наталья Сергеевна | - | көз карандысыз эксперт; |
Алдакулова Бубусара Турдалиевна | - | көз карандысыз эксперт; |
Ускенбаева Гульнара Тураровна | - | Жеткирүүчүлөр, өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын президенти; |
Мурзаев Салих Кадырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору. |
Эскертүү:
Ведомстволор аралык комиссиянын курамына кызмат орду боюнча киргизилген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен же ошол мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык аныкталат. Тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилет.".
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 124-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин системалаштыруу жана түзүү максатында түзүлгөн, туруктуу негизде иштеген консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобону, ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын иши Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан камсыз кылынат.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары
3. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана мамлекеттик мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөтүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин түзүүгө көмөктөшүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү системалаштыруунун критерийлерин жана механизмдерин, ошондой эле аларды көрсөтүүнү жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- жынысына, жаш курагына, ден соолугунун чектелгендигине, тилине, расасына, диний ишенимине, этностук таандыктыгына жана башка жагдайларга карабастан, кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын тең укуктуулугунун, мүмкүнчүлүктөрүнүн жана жеткиликтүүлүгүнүн негизинде Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча талдоо жүргүзүү жана сунуштамаларды иштеп чыгуу.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мамлекеттик мекемелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын ведомстволук тизмелерин алар Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине, ошондой эле акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине киргизилгенге чейин бул кызмат көрсөтүүлөрдүн пайдалуулугун жана коомго таңууланбагандыгын кароо;
2) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрлерине (тизмелерине) акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү боюнча корутундуларды кароо жана берүү;
3) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеке юридикалык жактарга жана жеке адамдарга аткарууга берүү маселелерин кароо жана алар боюнча корутунду чыгаруу;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мамлекеттик мекемелери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жалпы кырдаалын кызыкдар тараптар менен изилдөө;
5) иштеп чыгуулардын жыйынтыктарын карап чыгуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин оптималдаштыруу;
6) көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу жана жеке, юридикалык жактарга кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөштүрүү, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссияга түшкөн сунуштардын, сунуштамалардын негизинде иштеп чыгуу;
7) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү, аларды чечүү боюнча тиешелүү сунуштарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучудан жана ыйгарым укуктуу органдардан башка тартууга керектөөчүлөрдүн даттанууларын карап чыгуу;
8) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын карап чыгуу жана жактыруу жөнүндө корутунду берүү.
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча тиешелүү функцияларды аткарууну бир мамлекеттик органдан экинчи мамлекеттик органга белгиленген тартипте өткөрүүгө байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү жана мамлекеттик органдын, кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын жана уюмдун, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышына жана алардын реквизиттерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна жатпайт.
Мындай өзгөртүүлөрдүн түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоору кызыкдар мамлекеттик орган тарабынан Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилбестен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламентинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламентинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөө регламентинде белгиленген тартипте киргизилет.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ыйгарым укуктары
6. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) иш үчүн зарыл болгон документтерди жана материалдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, мамлекеттик мекемелеринен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте суроого;
2) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча алынган материалдардын аныктыгын текшерүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, мамлекеттик мекемесине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына барууну демилгелөөгө;
3) өзүнүн жыйналыштарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин Ведомстволор аралык комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча угууга;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына белгиленген тартипте киргизүүгө;
5) Ведомстволор аралык комиссияга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте тартуу менен максаттуу (жумушчу) топторду түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
6) Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштарында тиешелүү маселелерди карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга, мамлекеттик мекемелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн компетенциясынын чегинде сунуштамаларды берүүгө.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын курамы жана ишин уюштуруу
7. Ведомстволор аралык комиссиянын бардык мүчөлөрү өзүнүн ишин коомдук башталышта жүргүзөт.
8. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин - төрага, ал эми төрага жок учурда анын орун басары жетектейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жыйналыштарды өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун аныктайт, жыйналыштарда төрагалык кылат, Ведомстволор аралык комиссия кабыл алган чечимдердин ишке ашырылышына жалпы контролду жүргүзөт.
9. Ведомстволор аралык комиссия өз ишин Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы тарабынан жыл сайын бекитилген иш планга ылайык туруктуу негизде жүргүзөт.
Ведомстволор аралык комиссиянын тиешелүү жылга иш планынын долбоору Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
10. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышы анын мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышса, укуктуу деп эсептелет.
11. Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдери (корутундулары) жыйналышка катышкан Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Добуштар тең чыккан учурда, төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Ведомстволор аралык комиссия аныктаган айрым маселелер боюнча добуш берүү аралыктан, онлайн форматта жүргүзүлүшү мүмкүн.
12. Чечимдерди кароонун жана кабыл алуунун жүрүшүндө Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө пикирлер милдеттүү тартипте протоколго киргизилет жана Ведомстволор аралык комиссиянын өзгөчө пикирлерин билдирген мүчөсүнө (мүчөлөрүнө) жазуу жүзүндө берилет жана протоколго тиркелет.
13. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү өздөрү өкүлдөрү болуп эсептелген мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнө тиешелүү маселелерди кароодо добуш берүү укугуна ээ болбойт.
14. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышына Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан киргизилүүчү материалдарга төмөнкүлөр кирет:
1) Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышынын күн тартибинин долбоору;
2) Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышынын катышуучуларынын, анын ичинде негизги баяндамачылардын жана тең баяндамачылардын тизмесинин долбоору;
3) Ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин долбоору;
4) ушул Жобонун 16-18-пункттарына ылайык тиешелүү маселе боюнча кызыкдар мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы киргизген материалдар;
5) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызыкдар мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы киргизген материалдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарга шайкештиги жөнүндө корутундусу (Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы бекиткен форма боюнча).
15. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышында тиешелүү маселени кароо үчүн кызыкдар мамлекеттик орган Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүдөй материалдар кагаз жана электрондук түрдө берилет:
1) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү киргизүү, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча:
- коштомо кат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 12-пунктунда каралган документтер;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын долбоорун (стандартка өзгөртүүлөрдү) талкуулоо боюнча:
- коштомо кат;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартынын долбоору;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартынын долбоорун ушундай кызматтарды көрсөткөн жана кызмат көрсөтүү максатында өз ара аракеттенген мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу жөнүндө маалымат (ушундай кызмат көрсөтүүлөр болгондо жана өз ара аракеттенүүдө көрсөтүлөт);
- мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин, жарандык жана/же бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартынын долбоорун (стандартка өзгөртүүлөрдү) талкуулоо боюнча мамлекеттик органдын Ведомстволор аралык комиссиясынын жыйналышынын (жыйналыштарынын) протоколу (протоколдору);
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жөнүндө эркин формада жазылган, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы же мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары кол койгон негиздеме-маалымкат (мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе киргизилген учурда берилет);
- сунушталган өзгөртүүлөрдүн салыштырма таблицасы (мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартына өзгөртүүлөр киргизилген учурда берилет);
3) мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү реестринен мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алып салуу, кызмат көрсөтүүнүн аталышына редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү, кызмат көрсөтүүнү акы төлөнүүчү категориядан акысыз категорияга которуу боюнча:
- коштомо кат;
- ведомстволук комиссиянын жетекчиси же мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын жетекчисинин орун басары кол койгон, эркин формада даярдалган мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү реестринен тиешелүү мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алып салуу же мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү реестрине сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жөнүндө негиздеме-маалымкат;
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринен/муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринен мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алып салуунун зарылдыгы жөнүндө, кызмат көрсөтүүнүн аталышына редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн же кызмат көрсөтүүнү акы төлөнүүчү категориядан акысыз категорияга которуунун зарылдыгы жөнүндө мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин, жарандык жана/же бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволук комиссиянын жыйналышынын (жыйналыштарынын) протоколу (протоколдору);
- сунушталган өзгөртүүлөрдүн салыштырма таблицасы (кызмат көрсөтүүлөрдү алып салууда берилбейт);
- мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын долбоору (кызмат көрсөтүүнү алып салууда берилбейт).
16. Кызыкдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрине (тизмегине) акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүнү макулдашуу жөнүндө маселени кароо үчүн кагаз жана электрондук түрдө төмөнкүдөй материалдар берилет:
- коштомо кат;
- Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы бекиткен форма боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси же жетекчинин орун басары тарабынан кол коюлган, акы төлөө негизинде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрине (тизмегине) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздеме-маалымкат;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестринин (тизмегинин) же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрине (тизмегине) өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун кароо жөнүндө жарандык жана/же бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ведомстволук комиссиясынын жыйналышынын (жыйналыштарынын) протоколу (протоколдору);
- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын долбоору.
17. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын долбоорлорун талкуулоо, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча материалдар Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышына Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кагаз жана электрондук түрдө берилет.
Материалдарга төмөнкүлөр кирет:
1) Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча:
- коштомо кат;
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же жетекчинин орун басары тарабынан кол коюлган Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жөнүндө Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилген форма боюнча негиздеме-маалымкат;
- Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени талкуулоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук комиссиясынын жыйналышынын (жыйналыштарынын) протоколу (протоколдору);
- муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартынын долбоору;
2) Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринен муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алып салуу, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген кызмат көрсөтүүнүн аталышын же кызмат көрсөтүүнүн шарттарын (акы төлөө/акысыз) өзгөртүү маселелери боюнча:
- коштомо кат;
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же жетекчинин орун басары тарабынан кол коюлган Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринен муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алып салуунун, кызмат көрсөтүүнүн аталышын же кызмат көрсөтүүнүн шарттарын (акы төлөө/акысыз) өзгөртүүнүн зарылдыгы жөнүндө (эркин формада) негиздеме-маалымкат;
- Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринен муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алып салуунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышын же кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттарын (акы төлөө/акысыз) өзгөртүүнүн зарылдыгы жөнүндө жарандык жана/же бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволук комиссиянын жыйналышынын (жыйналыштарынын) протоколу (протоколдору);
- сунушталган өзгөртүүлөрдүн салыштырма таблицасы (Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышына редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе киргизилген учурда берилет);
3) Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын долбоорун (стандартка өзгөртүүлөрдү) кароо маселелери боюнча:
- коштомо кат;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартынын долбоору;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартына сунушталган өзгөртүүлөрдүн салыштырма таблицасы (Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартына редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе киргизилген учурда берилет);
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же жетекчинин орун басары тарабынан кол коюлган муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартына сунушталган өзгөртүүлөр жөнүндө (эркин формада) негиздеме-маалымкат;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын долбоорун (стандартка өзгөртүүлөрдү) талкуулоо боюнча мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин, жарандык жана/же бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволук комиссиянын жыйналышынын (жыйналыштарынын) протоколу (протоколдору).
18. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартына жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартына киргизилүүчү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүн узартууну, мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан берилүүчү документтердин жана/же аракеттердин санын көбөйтүүнү караштырган өзгөртүүлөр Ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралууга тийиш.
19. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген материалдар төмөнкүдөй учурларда кайтарылат:
- ушул Жобонун 15 жана 16-пункттарында көрсөтүлгөн документтер толук берилбесе;
- документтер Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы бекиткен формага ылайык келбеген формада берилсе (бекитилген формалар бар болсо);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарына шайкеш эмес болсо (мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн критерийлерине, акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүү критерийлерине шайкеш келбесе, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын башка бузуулар аныкталса).
Материалдар кайтарып берүүнүн негиздерин көрсөтүү менен коштомо кат аркылуу кайтарылат.
20. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизилген материалдар Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышында кароого киргизилгенге чейин Ведомстволор аралык комиссиянын курамына кирген көз карандысыз эксперттердин (макулдашуу боюнча) жана сунуштары жана материалдары каралып жаткан мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн катышуусунда алдын-ала каралууга тийиш.
21. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын өркүндөтүү маселелерине ылайык:
- Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна мамлекеттик органдар берген материалдардын ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарына шайкештигине (анын ичинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана Ведомстволор аралык комиссиясынын курамына кирген көз карандысыз эксперттерди (макулдашуу боюнча) тартуу менен) экспертиза жүргүзөт;
- Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы менен Ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйналышын өткөрүүнүн датасын, жерин жана убактысын, ошондой эле күн тартибинин долбоорун аныктайт;
- Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө кезектеги жыйналышты өткөрүү датасы, жери жана убактысы, ошондой эле алдын-ала күн тартиби жөнүндө маалымдайт;
- Ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйналышында кароо пландалган материалдарды Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө чечимдин долбоору менен жыйналышты өткөрүүнүн датасына чейин үч жумуш күндөн кечиктирбестен электрондук форматта жөнөтөт.
22. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышында негизги баяндамачы болуп мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү ведомстволук комиссиясынын жетекчиси же кызмат орду боюнча мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин орун басарынан төмөн болбогон башка өкүл эсептелет.
Материалдары каралуучу тиешелүү мамлекеттик орган/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышында мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин жетекчисинин же ыйгарым укуктуу өкүлүнүн же өкмөттүк эмес уюмдун, коомдук бирикмелердин, керектөөчүлөрдүн өкүлүнүн же тиешелүү чөйрөдө көз карандысыз эксперттин тең баяндамачысы катары катышуусу камсыз кылынат.
Баяндамачылардын чыгып сүйлөөсүнүн узактыгы жана ырааттуулугу Ведомстволор аралык комиссия тарабынан аныкталат.
23. Ведомстволор аралык комиссиянын компетенциясынын чегинде кабыл алынган корутундулар (чечимдер) протоколдор түрүндө таризделет.
Жыйналыштын протоколу Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы тарабынан жыйналыш өткөндөн кийин үч жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт жана таризделет, андан соң Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат.
Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү же андан алынган көчүрмөлөр кызыкдар мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт.
24. Комиссиянын мүчөлөрү жыйналышка жеке өзү катышууга мүмкүн болгон учурда Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын чечими же ал жок учурда төрагасынын орун басарынын чечими боюнча аралыктагы режимде өткөрүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жыйналышты аралыктан өткөрүү үчүн каралууга тийиш болгон материалдарды алдын-ала электрондук почта аркылуу Ведомстволор аралык комиссиянын бардык мүчөлөрүнө жөнөтөт.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү 3 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жөнөтүлгөн материалдарды карайт жана өзүнүн сын пикирлерин жана сунуштарын электрондук почта аркылуу Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысына жөнөтөт.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө сын пикирлерди жана сунуштарды бербеген учурда, Ведомстволор аралык комиссиянын бул мүчөсүнүн берилген материалдарга карата сын пикирлери жана сунуштары жок деп кабыл алынат.
Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы келип түшкөн сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин долбоорун түзөт, зарыл болгон учурда Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү, материалы каралып жаткан мамлекеттик орган менен келип түшкөн сын пикирлерди жана сунуштарды тактайт жана иштеп чыгат.
Ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин долбоорун жооптуу катчы электрондук почта аркылуу Ведомстволор аралык комиссиянын бардык мүчөлөрүнө жөнөтөт, андан соң чечимдин долбоору боюнча добуш берүү датасын жана убактысын төрага (төраганын орун басары) менен макулдашат, Ведомстволор аралык комиссиянын бардык мүчөлөрүнө добуш берүүнүн датасы жана убактысы тууралуу маалымдайт.
Белгиленген датада жана убакта Ведомстволор аралык комиссиянын ар бир мүчөсү Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы көрсөткөн электрондук почтага Ведомстволор аралык комиссиянын сунушталган чечиминин долбоору боюнча өзүнүн позициясын билдирет ("макул" же "каршы").
Аралыктан жыйналыш Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышса, укуктуу деп эсептелет. Чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең чыккан учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы протокол түзөт, ага Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы (төраганын орун басары) жана жооптуу катчысы кол коёт.
Протоколдун сканерленген көчүрмөсү Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө жана кызыкдар мамлекеттик органдарга электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.
25. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзгөн жумушчу топтордун мүчөлөрүн методологиялык жактан жетектөөнү, окутууну, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча, анын ичинде аларды стандартташтыруу маселелери боюнча нускамалык материалдарды иштеп чыгууну жана бекитүүнү уюштурат;
2) мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн ведомстволук тизмелеринин долбоорлорун даярдоо боюнча ишти координациялайт;
3) Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген материалдардын толуктугуна талдоо жүргүзөт;
4) Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилүүчү маселелер боюнча корутунду даярдайт жана Ведомстволор аралык комиссияга берет;
5) маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча Ведомстволор аралык комиссия тарабынан Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына белгиленген тартипте киргизет;
6) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмелеринин маалыматтык базасын түзөт жана жүргүзөт;
7) Ведомстволор аралык комиссиянын сунуштамаларын ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт.".