Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 23-ноябры № 553-б
1. 2008-жылдын 9-октябрындагы, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара соодада товарларды өткөрүү жана аларды бажылык тариздөө тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБКсы) ортосундагы протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 389-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
2008-жылдын 9-октябрындагы, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара соодада товарларды өткөрүү жана аларды бажылык тариздөө тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБКсы) ортосундагы протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Протокол
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Федералдык бажы кызматы (Россия Федерациясы) (мындан ары - «Тараптар»)
2008-жылдын 9-октябрындагы, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара соодада товарларды өткөрүү жана аларды бажылык тариздөө тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБКсы) ортосундагы протоколдун (мындан ары - Протокол) 4-беренесине ылайык, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Протоколдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Тиркемеге төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара соодада товарларды өткөрүү жана аларды бажылык тариздөө тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө жобого тиркеме ушул Протоколдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2-берене
Ушул протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
____________________ шаарында 20 ____ -жылдын «___» ______ кыргыз жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, мында эки текст бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн ________________________________ | Федералдык бажы кызматы үчүн (Россия Федерациясы) ________________________________ |
2008-жылдын 9-октябрындагы, Кыргыз Республикасы менен
Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара соодада товарларды
өткөрүү жана аларды бажылык тариздөө тууралуу маалымат алмашууну
уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы
комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБКсы)
ортосундагы протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго
тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы
өз ара соодада товарларды өткөрүү жана аларды бажылык тариздөө
тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө жобого
тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара соодада товарлардын өтүүсү тууралуу маалымат алмашуунун
Техникалык шарттары
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул документте келтирилген файлдардын түзүмү Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара соодада товарларды өткөрүү жана аларды бажылык тариздөө тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө жобону ишке ашырууга арналган. Тараптардын МТБ маалымат алмашууну Кыргыз Республикасынын бажы кызматына караштуу Россия Федерациясынын бажы кызматынын өкүлчүлүгү аркылуу жүргүзөт.
1.2. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара соодада товарларды өткөрүү тууралуу маалыматтарды берүү жана аларды бажылык тариздөө (бажылык тариздөө) ай сайын, түзүмү төмөндө келтирилген DBASE форматындагы файлдар түрүндө жүргүзүлөт.
1.3. Ушул Техникалык шарттарда колдонулган терминдер жана шарттуу кыскартуулар:
УД/УМД | - Убактылуу декларация/Убактылуу мезгилдүү декларация
|
Россиянын ФБКнын БМТББ | - Россиянын ФБКнын Борбордук маалыматтык-техникалык бажы башкармалыгы
|
КРдин МБКсы | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
|
ТкД(ЖБД) | - Товарларга карата декларация (жүктүн бажы декларациясы)
|
ТД | - Транзиттик декларация
|
ТЭИ ТН/БСнын ТЭИ ТНи | - Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы/Бажы союзунун Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы
|
МТБ | - Маалымат топтоо борбору
|
Россиянын ФБК | - Федералдык бажы кызматы (Россия Федерациясы) |
1.4. Маалыматтарды берүүдө маалыматтык негиз болуп төмөнкүдөй стандартталган электрондук маалымдамалардын курамындагы ченемдик-маалымдама маалымат эсептелет:
«Бажы органдары»;
«Дүйнө өлкөлөрү»;
«БСнын ТЭИ ТНи товардык позициялары» маалымдамасынын курамындагы «БСнын ТЭИ ТНи»;
«Өлчөө бирдиктери»;
«Бажы алымдарын, салыктарды эсептөөдө колдонулуучу кошумча мүнөздөмөлөр жана параметрлер»;
«Транспорттун жана товарларды ташуунун түрлөрү»;
«Бажы жол-жоболорунун түрлөрү»;
«Товарларды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү»;
«Валюталар»;
«Бажылык декларациялоодо колдонулуучу документтердин түрлөрү»;
«Товарларды бажылык декларациялоонун өзгөчөлүктөрү»;
«Жеткирүүнүн шарттары»;
«Документтердин түрлөрү».
Тараптардын МТБсы маалымат алмашуунун башында ченемдик-маалымдама маалыматтарды баштапкы бир жолу берүүнү уюштурат жана алардын өзгөрүүсүнө жараша андан ары актуалдаштырууну камсыз кылат.
1.5. Тараптардын ар бири башка Тараптын документтеринин номерлерине дал келген маалыматтардын толтурулуусуна карабастан бирдиктүү алгоритм боюнча бажылык тариздөө (бажылык декларациялоо) файлдарын түзөт.
2. Бериле турган маалыматтын түзүмү
Өз ара соодада товарларды өтүүсү тууралуу маалымат алмашууну ишке ашыруу үчүн жыйынды файл (архивдик файл) колдонулат.
2.1. Архивдик файлдын түзүмү
Тараптардын биринин МТБсы экинчи Тараптын МТБсына берүү үчүн архивдик файл түзөт.
Архивдик файл төмөнкү маалыматтардын файлдарынан турат:
- жалпы маалыматтар файлы (HEAD.DBF);
- товарлардын файлы (GOODS.DBF);
- транспорт каражаттарынын файлы (TRANS.DBS);
- ТкД/ЖБДнын номерлерине дал келүү файлы (JOIN.DBF)
- ТкД/ЖБДга чейинки документтер файлы(G40.0ВР)
- кошумча маалымат/берилген документтер файлы (G44.DBF).
2.2 Архивдик файлдын аталышынын түзүмү
Файлдар 3.62ден төмөн эмес версиядагы WinRAR архиватору менен архивделет.
Архивдик файлдын атынын түзүмү VTKJCKKKD.NNN, мында:
- VT | - өз ара соода тууралуу архивдик файлдын белгиси; |
- ККККК | - төмөнкүлөрдү эске алуу менен файлдарды түзүүдөгү МТБнын коду; |
- KG4RU | - КРдин МБКсы; |
- RU4KG | - Россиянын ФБКнын БМТББ; |
- D | - архивдик файл түзүлгөн күн (1 ден 9 га чейинки сан, андан ары A,B,C,D,....,V); |
- NNN | - файлдын катар номери (000дөн 999га чейинки символдор). |
2.3. Маалыматтарды түзүү шарттары жана регламенти
Маалыматтар төмөнкү шарттарга ылайык түзүлөт:
1) тандап алуу маалымат алмашуу башталгандан тартып (01.01.2011) отчёттук айдын акыркы күнүнө чейинки топтолмо жыйынтык менен чыгарылган күн боюнча (ТкД/ЖБД боюнча жалпы маалыматтар) жүргүзүлөт;
2) мамлекеттик сыр катары киргизилген маалыматтардан тышкары, бардык таризделген ТкД/ЖБД тандап алынат;
3) жөнөткөн өлкө жана жеткирилүүчү өлкө болуп башка Тараптын мамлекети саналат (Россиянын ФБКнын БМТББнын маалыматтарын түзүүдөгү шарт болуп - Кыргыз Республикасы эсептелет, КРдын МБКнын маалыматтарын түзүүдөгү шарт болуп - Россия Федерациясы саналат);
4) маалыматтар отчёттук мезгил аяктагандан кийин 40-күнү ай сайын түзүлөт.
2.4. Жалпы маалыматтар файлынын түзүмү
Файлдын аталышы: HEAD.DBF | Индекстик туюнтма: ND | ||
№ | Тилкенин аталышы | Тиби жана өлчөмү | Сыпаттоо |
1. | ND | С 26 | ТкД/ЖБД номери |
2. | RECVCONTR | С 2 | Жеткирилүүчү өлкөнүн коду, «Дүйнө өлкөлөрү» маалымдамасын караңыз |
3. | SENDCONTR | С 2 | Жөнөткөн өлкө коду, «Дүйнө өлкөлөрү» маалымдамасын караңыз |
4. | G011 | С 2 | Өткөрүүнүн багыты |
5. | G021 | С 14 | Жөнөтүүчүнүн ИНН/РНН |
6. | G022 | С 150 | Жөнөтүүчүнүн аталышы |
7. | G023 | С 150 | Жөнөтүүчүнүн дареги |
8. | G081 | С14 | Алуучунун ИНН/РНН |
9. | G082 | С 150 | Алуучунун аталышы |
10. | G083 | С 150 | Алуучунун дареги |
11. | G092 | С 150 | Финансылык жөнгө салууга жооптуу жактын аталышы |
12. | G093 | С 150 | Финансылык жөнгө салууга жооптуу жактын дареги |
13. | G05 | N5 | Товарлардын бардык аталышы |
14. | G19 | С 1 | Контейнерлер менен ташуунун белгиси |
15. | G222 | N 17.2 | Товарлардын жалпы наркы |
16. | G23 | N 11.4 | Валюталар курсу |
17. | TRDCONTR | С 2 | Сатып жаткан өлкөнүн коду, «Дүйнө өлкөлөрү» маалымдамасын караңыз |
18. | G202 | СЗ | Жеткирүү шартынын кыскача тамга коду, «Жеткирүү шарты» маалымдамасын караңыз |
19. | G07 | С 3 | Товарларды декларациялоо өзгөчөлүгүнүн коду, «Товарларды бажылык декларациялоо өзгөчөлүгү» маалымдамасын караңыз |
20. | GDI | D 8 | Жук чыгарылган күн (ТкД/ЖБД боюнча акыркы товар чыгарылган күн (күн боюнча) |
2.5. Товарлардын файлынын түзүмү
Файлдын аталышы: GOODS.DBF | Индекстик туюнтма: ND, G32 | ||
№ | Тилкенин аталышы | Тиби жана өлчөмү | Сыпаттоо |
1. | ND | С 26 | ТкД номери |
2. | G32 | N5 | Товардын ТкД/тизме боюнча номери |
3. | G33 | С 10 | Товардын коду, «ТЭИ ТН товардык позициялары» «БСнын ТЭИ ТН товардын позициялары» маалымдамасын караңыз |
4. | G31 1 | С 250 | Товардын сыпатталышы |
5. | G41A | СЗ | Кошумча өлчөм бирдигинин «Өлчөө бирдиктери», «Бажы алымдарын жана салыктарды эсептөөдө колдонулган кошумча мүнөздөмөлөр жана параметрлер» маалымдамасын караңыз |
6. | G31 7 | N 19.6 | КЧБдагы товардын саны |
7. | G38 | N 19.6 | Товардын салмагы нетто, кг |
8. | G221 | СЗ | Контракттагы валюта коду (символдук), «Валюталар» маалымдамасын караңыз |
9. | G42 | N 17.2 | Товардын баасы |
10. | G46 | N 17.2 | Стати стикалык наркы |
11. | G35 | N 19.6 | Брутто, кг салмагы |
12. | G37 | С 7 | Жол-жобо, «Бажы жол-жоболорунун түрлөрү» жана «Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгү» маалымдамасын караңыз |
13. | GDI | D 8 | Жүк чыгарылган күн |
2.6. Транспорт каражаттарынын файлынын түзүмү
Файлдын аталышы: TRANS.DBF |
| ||
№ | Тилкенин аталышы | Тиби жана өлчөмү | Сыпаттоо |
1. | ND | С 26 | ТкД/ЖБД номери |
2. | NGR | С 2 | Кеңейтүү графасынын номери (18, 21, 25, 26, 29, 30) |
3. | VIDTRANS | С 2 | Транспорт каражатынын түрү, «Транспорттун жана товарларды ташуунун түрү» маалымдамасын караңыз |
4. | NTRANS | С 40 | Транспорт каражатынын идентификациялык маалыматтары |
5. | NTRANS1 | С 40 | Жарым чиркегичтин номери (резерв) |
6. | NTRANS2 | С 40 | Чиркегичтин номери (резерв) |
2.7. ТкД/ЖБД номерлеринин дал келүү файлынын түзүмү (жеткирилүүчү өлкөнүн МТБсы үчүн толтурулат)
Файлдын аталышы: JOIN.DBF | Индекстик туюнтма: ND, ND_ЕХ | ||
№ | Тилкенин аталышы | Тиби жана өлчөмү | Сыпаттоо |
1. | ND | С 26 | ТкД/ЖБД номери |
2. | ND_EX | С 150 | Чектеш Тараптын экспорттук бажы декларациясынын номери |
2.8. ТкД/ЖБДга чейинки документтердин файлынын түзүмү (40-гр.)
Файлдын аталышы: G40.DBF |
| ||
№ | Тилкенин аталышы | Тиби жана өлчөмү | Сыпаттоо |
1. | ND | С 26 | ТкД/ЖБД номери |
2. | G32 | N5 | Товардын номери |
3. | G40_DOCT | С 5 | Буга чейинки документтин түрүнүн коду, «Документтер түрү» маалымдамасын караңыз |
4. | G40_NAIM | С 250 | Буга чейинки документтин аталышы |
5. | G40_ND | С 23 | Буга чейинки документтин номери |
6. | G40_G32 | N5 | Буга чейинки документтеги товардын номери |
2.9. Кошумча маалыматтын/ТкДга кошулуп берилүүчү документтердин файлынын түзүмү (44-гр.)
Файлдын аталышы: G44.DBF |
| ||
№ | Тилкенин аталышы | Тиби жана өлчөмү | Сыпаттоо |
1. | ND | С 26 | ТкД/ЖБД номери |
2. | G32 | N5 | Товардын номери |
3. | G 441 | С 5 | Берилген документтин түрүнүн коду (товардык-транспорттук коштомо кагаздар, контракттар/келишимдер тууралуу маалыматтар), «Бажылык декларациялоодо колдонулуучу документтердин түрү» маалымдамасын караңыз |
4. | G 442 | С 50 | Документтин номери |
5. | G 443 | D 8 | Документ берилген күн/Эл аралык жол менен ташуу боюнча ташуу башталган күн |
6. | G 444 | С 250 | Документтин аталышы |