Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 26-ноябры № 557-б
1. Аскердик статусу бар укук коргоо органдарынын Европа союзун түзүү жөнүндө меморандумдун мамлекеттик тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Командачысына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Меморандумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Аскердик статусу бар укук коргоо органдарынын Евразия союзун түзүү жөнүндө
Меморандум
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү,
Түркия Республикасынын Өкмөтү,
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү,
Казакстан Республикасынын Өкмөтү жана
Монголия Республикасынын Өкмөтү,
Аскердик статусу бар укук коргоо органдарынын Европа союзун түзүү жөнүндө меморандумдун тараптары,
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын максаттарын жана принциптерин жана эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптерин жана нормаларын бекем жактагандыктарын ырасташып;
Эгемендикти, аймактык бүтүндүктү жана бири-биринин чек араларынын бузулгустугун өз ара урматтоонун негизинде региондук кызматташтыктын олуттуу ролун белгилеп;
Өлкөлөр ортосунда саясий, экономикалык жана кесиптик кызматташтыкты түзүү жалпы кызыкчылыктарга тиешелүү болгон коопсуздук маселелери боюнча маалымат жана тажрыйба алмашуу үчүн мүмкүнчүлүк берээрин белгилеп,
Тийиштүү уюмдар ортосунда кызматташтыкты бекемдөөгө ыктыярдуулукту эске алуу менен,
Түзүмдүк жана институттук, ошондой эле милдеттенмелердеги окшоштуктарды аныктап
Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Жалпы жоболор
Тараптар эл аралык макулдашууларга жана улуттук мыйзамдарга ылайык аскердик статусу бар укук коргоо органдарынын Евразия союзун (мындан ары - «Союз») түзөт.
Ушул Меморандум аскердик статусу бар укук коргоо органдарынын Союзунун максаттарын, чек араларын, компоненттерин, иш методдорун, жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жол-жобосун, ошондой эле ушул Меморандумду кайра кароо жана оңдоолорду киргизүү жол-жоболорун камтыйт.
Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, Тараптар ушул Меморандумду ишке ашыруу үчүн тийиштүү органдарды дайындайт жана алмаштырат. Катышуучу өлкөлөрдүн атынан ишке ашырууга жооптуу болуп Кыргызстан Ички аскерлеринин Командачылыгы, Түркия жандармериясынын башкы Командачылыгы, Азербайжан ички аскерлеринин Командачылыгы, Казакстан ички аскерлеринин Командачылыгы жана Монголия ички аскерлер Командачылыгы саналат.
2-берене. Союздун иш чөйрөсү
Бул Союз аскердик статусу бар укук коргоо органдарынын ортосунда байланыштарды жана мамилелерди бекемдөөгө багытталган уюмдар ортосунда кызматташтыкты камсыз кылууга, заманбап жана активдүү идеяларды өнүктүрүүгө, өз ара тилектештикти жогорулатууга, ошондой эле институттук жана түзүмдүк өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш. Колдонулуудагы эл аралык келишимдерге жана катышуучу мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына ылайык Союз төмөнкү чөйрөлөрдө маалымат жана тажрыйба алмашууну ишке ашырууну макулдашат:
- башкаруу жана уюштуруу;
- кылмыштуулукка каршы күрөшүү;
- кадр маселелери жана кадрларды даярдоо жагында кызматташтык;
- логистика, технологиялар, изилдөөлөр жана өнүктүрүү.
3-берене. Аныктамалар
«Аскердик статусу бар укук коргоо органы» деген түшүнүк төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
- аскердик статуска ээ;
- борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын башкаруусу алдында коомдук тартипти камсыз кылууга милдеттенмеси бар;
- башка укук коргоо органдары менен окшош милдеттенмелери бар.
4-берене. Мүчөлүктүн шарттары жана региондук чек аралар
Ушул Союз Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Азербайжан Республикасынын Өкмөтү, Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Монголия Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөттөрү тарабынан түзүлгөн жана 3-беренеде көрсөтүлгөн шарттарга жооп берген бардык башка өлкөлөрдүн аскердик статусу бар укук коргоо органдары жана жандармериялары үчүн ачылган, ушул Меморандумдун принциптерине жана жоболоруна кошулат жана 2-беренеде көрсөтүлгөн жааттарда өз ара кызматташтыкты чыңдоону каалашат. Мүчөлүк 16-беренеде көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык берилет.
5-берене. Мүчөлөрдүн статусу
3-беренеде көрсөтүлгөн шарттарды аткарган жана Союзга кабыл алынган уюмдар мүчө болуп саналат. Мүчөлүк статус Союздун бардык кеңешмелерине жана иш чараларына добуш берүү укугу менен катышууга укук берет. Союздун бардык чечимдери бир добуштан анын бардык мүчөлөрү тарабынан кабыл алынат.
6-берене. Байкоочунун статусу
3-беренеде көрсөтүлгөн аскердик статусу бар укук коргоо органдары бар өлкөлөр, Союзда байкоочунун статусун алууга билдирме бере алышат. Байкоочунун статусу Союздун мүчөлөрүнүн бир добуш менен кабыл алынган чечиминин негизинде берилет. Байкоочу Союздун мүчөлөрү тарабынан чакырылышы, анын мүчөлөрүнүн бир добуш менен кабыл алынган чечими боюнча Союздун иш-чараларына жана кеңешмелерине катышуусу мүмкүн. Байкоочу добуш берүү укугуна ээ эмес. Мүчөлөрдүн бир добуш менен кабыл алынган чечими боюнча байкоочунун статусу токтотулушу же жокко чыгарылышы мүмкүн.
7-берене. Союздун элементтери
Союздун элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кеңеш - чечимдерди кабыл алуучу, аскердик статусу бар укук коргоо органдарынын жетекчилеринен, өз ара аракеттенүү боюнча милдеттерди белгилеген жана Союздун өнүгүшүн баалаган ушул Союзга мүчө-өлкөлөрдөн турган башкы органды түшүндүрөт;
- Төрагалык кылган мүчө - кабыл алынган чечимдерге карата Союздун ишине жетекчилик кылуучу жана аны координациялоочу Союздун жооптуу өкүлү. Төрагалык кылуучу тарап өзүнүн төрагалык кылган бардык мезгилинин аралыгында зарыл болгон катчылык колдоону көрсөтөт- 15-беренеде көрсөтүлгөн милдеттерди аткарат.
- 10-берене көрсөтүлгөн Комиссиялар;
- бөлүмдөрдө иштеген Байланыш офицерлери, ар бир уюмдун тышкы байланыштары үчүн жооп беришет, Союздун ишинин үзгүлтүксүз болушун камсыз кылышат, комиссияга жана Кеңешке сунушталуучу чараларды жана чечимдерди иштеп чыгышат.
8-берене. Кеңеш
Кеңеш чечимдерди кабыл алуучу орган болуп саналат, Союзга мүчө мамлекеттердин аскердик статусу бар укук коргоо органдарынын жетекчилеринен турат. Кеңеш ушул Меморандумду ишке ашырууга ар бир өлкө жоопкерчилик тартышы үчүн жалпы саясатты жана программаны аныктайт.
Кеңеште:
- жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга, ошондой эле ушул Меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө карата чечимдер кабыл алынат:
- союздун иш тартиби белгиленет;
- ар жылдык иштери бааланат жана кийинки мезгилдерде жүргүзүлө турган иш-чараларга карата программа аныкталат;
- Союзга тиешелүү болгон башка маселелерге карата чечимдер кабыл алынат.
Кеңештин жыйынынын аягында биргелешкен билдирүүгө кол коюлат. Чечим бир добуш менен кабыл алынат. Акыркы чечимдерге болсо, ар бир катышуучу өзүнүн улуттук мыйзамдарын эске алуу менен бул эл аралык чечимдер боюнча өзүнүн эскертүүлөрү жөнүндө билдире алат. Ар бир катышуучу өзүнүн өлкөсүндө бардык чечимдерди ишке ашыруунун мөөнөтүн кийинкиге калтыра алат. Жогоруда көрсөтүлгөн бардык расмий жыйындардын алдында, тийиштүү маселелерди аныктоо максатында Кеңештин алдын ала жолугушуусу жүргүзүлөт.
Бул жолугушууда мүчөлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
- келечекте кабыл алына турган жоболорду сунуштоо үчүн комиссиялардын жыйындарын жана семинарлардын жыйынтыктарын изилдеп чыгууга;
- жаңы убактылуу Төрагалыктын жетекчилиги алдында комиссиялардын жыйындарында талкуулана турган жалпы маселелерди сунуштоого;
- Кеңештин күн тартибин даярдоого.
Төрагалык кылуучу Союздун мүчөлөрүнүн пикирин аныктагандан кийин шашылыш жана маанилүү маселелер үчүн кезексиз жыйынды уюштура алат.
9-берене. Союзда төрагалык кылуу мөөнөтү
Союздун Төрагалык кылуучу мүчөсү бир жылдык мөөнөткө шайланат. Союзга мүчө мамлекеттердин ар бири бул постко төрагалык кылуунун календарына жараша алфавиттик тартипте шайланат.
Төрагалык кылуучу өлкө Кеңештин жыйындарынын өткөрүлүшү үчүн, ошондой эле даярдоочу иш-чаралардын жана жыйындардын өткөрүлүшү үчүн жоопкерчиликте болот. Жогоруда айтылган эл аралык жыйындын аягында, белгиленген тартипке ылайык бул функцияны Союздун башка мүчөсү өзүнө алат.
Союздун атынан чыгуудан тышкары, Төрага, Төрагалык кылуучунун Секретариатынын колдоосу менен Кеңеш тарабынан аныкталуучу программаны координациялоо, контролдоо жана баалоо боюнча функцияларды аткарат.
Аткарылган иш-чаралар жана келерки мезгилде ишке ашырыла турган программа биргелешкен билдирүүлөрдө көрсөтүлөт. Төрагалыкты алуу-тапшыруу аземи төрагалык кылган өлкө тарабынан уюштурулат. Төрагалык төмөндө көрсөтүлгөндөй алфавиттик тартипте өткөрүлөт.
Төрагалык кылууга кезектин календары:
Азербайжан
Казакстан
Кыргызстан
Монголия
Түркия
Жаңы өлкөлөр мүчө болсо алар тизменин аягына кошулат.
10-берене. Комиссиялар жана алардын иштөө тартиби
Иш чөйрөсүндө кызматташтыкты демилгелөө, тажрыйбаны алмашуу жолу менен жалпы мураска көмөк көрсөтүү, болжолдонгон демилгелерди пландоо, ошондой эле биргелешкен иш-чараларды иштеп чыгуу максатында төрт комиссия түзүлөт.
Төрагалык кылган өлкө жыйындын Төрагасын дайындайт. Жыйындын Төрагасы комиссияларды башкарат.
Ар бир мүчө өлкө комиссиянын жыйындарын кезеги менен мурда пландалган графикке ылайык өткөрөт. Комиссиянын алдыдагы мезгилде боло турган жыйындарынын датасы, орду жана темасы ар бир жыл сайын уюштурула турган Кеңеш тарабынан белгиленет.
Ар бир жылдын аягында Комиссиянын жыйындарынын корутундуларын Төрагалык кылуучунун Секретариаты тарабынан Кеңешке бекитүү үчүн берилет.
Комиссиялардын жыйындарынын туруктуулугун жана тартибин өркүндөтүү максатында иш протоколу түзүлөт.
11-берене. Башкаруу жана уюштуруу маселелери боюнча Комиссиянын иши
Башкаруу жана уюштуруу маселелери боюнча Комиссия маалымат жана тажрыйба алмашуу жолу менен төмөнкүдөй тармактарда кызматташтыкты жакшыртууну камсыз кылат:
- Мыйзамдар, уставдар, регламенттер, директивалар жана тиркемелер;
- жоопкерчилик чөйрөсүнө карата уюштуруу, тактика жана методдор;
- терроризмге каршы күрөшүү боюнча операциялар;
- Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу;
- чек араларды коргоо;
- Тынчтыкты кармоо жана сактоо боюнча операциялар;
- Коомчулук менен байланыштар.
12-берене. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Комиссиянын иши
Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Комиссия маалымат жана тажрыйба алмашуу жолу менен төмөнкүдөй тармактарда кызматташтыкты жакшыртууну камсыз кылат:
- Коомдук тартипти сактоо менен байланыштуу ишти башкарууда жана уюштурууда пайдаланылчу методдорду стандартташтыруу максатында тийиштүү маселе боюнча проблемаларды изилдөө жана баалоо;
- терроризмге, уюшкан кылмыштуулукка, наркотиктерди жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча ошондой эле курстарды жана семинарларды уюштуруу мезгилдүү визиттерди өткөрүү;
- илимий изилдөөлөр;
- жардыруучу заттарды зыянсыздандыруу жана саботажга каршы күрөшүү;
- табигый жана маданий баалуулуктарды коргоо.
13-берене. Кадр маселелери жана кадрларды даярдоо жагындагы кызматташтык боюнча Комиссиянын иши
Кадр маселелери жана кадрларды даярдоо жагында кызматташтык боюнча Комиссия маалымат жана тажрыйба алмашуу жолу менен төмөнкү чөйрөлөрдө кызматташтыкты жакшыртууну камсыз кылат:
- персоналдын иш менен камсыз болушу жана башкаруу принциптери
- индивидуалдуу жеке даярдык, бөлүктүн курамында даярдык жана командалык курамда даярдоо;
- бөлүктүн курамында атайын даярдык жана физикалык даярдык;
- окуу жайларын баалоо, жана;
- дагы башка тийиштүү чөйрөлөр.
14-берене. Логистика, технологиялар, изилдөөлөр жана өнүктүрүү боюнча Комиссиянын иши
Логистика, технологиялар, изилдөөлөр жана өнүктүрүү боюнча Комиссия маалымат жана тажрыйба алмашуу жолу менен төмөнкү чөйрөлөрдө кызматташтыкты жакшыртууну камсыз кылат:
- кызматтык милдеттерди аткарууда пайдаланылчу курал-жарактарды, жабдууларды, транспорттук каражаттарды жана материалдарды изилдөө;
- чалгындоо жана орунду аныктоо максаттары үчүн колдонулган техникалар жана методдор;
- кылмыш жасалган жерди изилдөө методдору;
- сигналдык электрондук информациялык системалар;
- жаңы технологиялар.
15-берене. Төрагалык кылуучунун Секретариатынын функциялары жана иш тартиби
Төрагалык кылган өлкө өзүнүн штаб-квартирасында бир жылдык мөөнөт менен Төрагалыктын Секретариатын түзөт.
Төрагалыктын Секретариаты:
- ушул Меморандумда каралган иш-чараларды аткарат;
- комиссиялар ортосунда байланышты камсыз кылат;
- ар бир ведомстводо эл аралык мамилелер үчүн жооптуу бөлүктөрдө иштеген байланыш офицерлери ортосунда байланыштыруучу звено болот;
- керектүү документтери даярдайт;
- жогорку деңгээлдеги жыйындар жана комиссиялардын жыйындары сыяктуу биргелешкен иш-чараларды координациялайт жана уюштурат;
- отчётторду жана информацияны жыйноо жана таратуу үчүн байланыштыруучу звено катары иштейт;
- Кеңештин чечимдерин, алардын түшүндүрмөлөрүн жана жыйындардын протоколдорун даярдайт;
- Секретариат жыл сайынкы жыйындарды өткөргөн өлкөлөрдөн алган отчёттордун негизинде Комиссиялар кабыл алган чечимдерди сактайт;
- Тараптар берген жалпы же жеке сунуштарды жана өтүнүчтөрдү карап чыгат;
- үчүнчү өлкөлөрдүн уюмдары жасаган билдирүүлөрдү кабыл алат.
Жогоруда аталган иш чараларды өз убагында жүргүзүү үчүн Союздун мүчөлөрү болгон аскердик статусу бар укук коргоо органдардын байланыш офицерлери интернет жана телефондук байланыш менен камсыз кылынат.
16-берене. Союзга кошулуунун жол-жоболору
Мүчөлүккө арыз убактылуу төрагалык кылуучуга берилет. Мүчөлүккө арыз Кеңеште каралат. Кеңеште мүчөлөр талапкер өлкө менен техникалык консультацияларды баштоонун максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алышат жана ошол максатта эксперттер тобун түзүшү мүмкүн.
Төрагалык кылган өлкө иштеп жаткан төрагалык кылган өлкөдөн, кийинки төрагалык кылган өлкөдөн эң аз дегенде үч кызматкерден жана Союзду уюштуруучулардан (Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Монголия жана Түркия) бир кызматкерден турган топту дайындайт.
Талапкер өлкө менен техникалык консультацияларды баштоо жөнүндө чечим келечектеги мүчөлүк жөнүндө Кеңештин кандайдыр бир чечимин алдын-ала чечпейт. Кеңеш техникалык консультациялардын негизинде Союздун мүчөлүгүнө кандидат өлкөнү кабыл алуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат. Ушундай түрдө кабыл алынган кандай өлкө болсун Түркия Өкмөтүнө кошулуу жөнүндө документти сактоого тапшырып мүчө боло алат. Түркия Өкмөтү кошулуу жөнүндө ушундай документти сактоо жөнүндө ар бир мүчөгө маалымат берет.
Ар бир кандидат добуш берүү укугуна ээ болот.
Мүчөлүк төмөнкүлөрдүн натыйжасында токтотулат:
- ыйгарым укуктарды өзүнөн алуу;
- ушул Меморандумдун беренелери бузулган учурунда кеңештин Чечими.
17-берене. Меморандумду кайра кароо жана оңдоолорду киргизүү
Ушул Меморандумга өзгөртүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар убактылуу төрагалык кылуучунун Катчылыгына берилет жана Катчылык бул сунуштарды бардык мүчө өлкөлөрдүн кароосуна жиберет. Бул сунуштар Кеңеште каралат жана бардык мүчө өлкөлөр тарабынан бир добуштан кабыл алынат, өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Меморандумдун 20-беренесинде айтылган жол-жобого ылайык күчүнө кирет.
18-берене. Жумушчу тили
Союздун жумушчу тили болуп англис тили саналат. Бирок кандай тарап болсун Союздун документтеринин жазуу жүзүндө котормосун жана жолугушуулардын расмий тилиндеги оозеки котормосун талап кыла алат.
Комиссияларды кабыл алган өлкө жыйындын тилин аныктай алат. Мындай учурда англис тилине которууну камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чара көрөт.
19-берене. Кайчы пикирлерди жөнгө салуу
Ушул Меморандумду чечмелөө же колдонуу боюнча кайчы Пикирлер келип чыккан учурда англис тилинде түзүлгөн текст Юридикалык күчкө ээ болот.
20-берене. Күчүнө кириши жана колдонуу мөөнөтү
Ушул Меморандум Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички юридикалык жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу акыркы жазуу жүзүндөгү маалымат алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Меморандумдун аракеттенүү мөөнөтү беш (5) жылды түзөт жана беш жылдык мезгилдин ичинде күчүндө болууга тийиш, дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү Меморандумду жокко чыгаруу тууралуу ага кол койгон мамлекеттер анын мөөнөтү аяктаганга чейин алты (6) айга чейин билдирген учурлардан башка учурларда.
Ушул Меморандумга ____/_____/______ (дата) азербайжан, казак, кыргыз, монгол, түрк жана бир түп нускада англис тилдеринде кол коюлду. Бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун депозитарийи болуп Түркия Республикасынын Өкмөтү саналат, ал түп нусканы сактайт. Ушул Меморандумдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү депозитарий тараптан ага кол койгон ар бир мамлекетке жиберилүүгө тийиш.
Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
колу:
аты-жөнү:
наамы:
кызматы:
Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
колу:
аты-жөнү:
наамы:
кызматы:
Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
колу:
аты-жөнү:
наамы:
кызматы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
колу:
аты-жөнү:
наамы:
кызматы:
Монголия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
колу:
аты-жөнү:
наамы:
кызматы: