Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 17-августу № 412-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-апрели № 128-б
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 24-апрелиндеги № 158-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын калкын мамлекеттик каттоону түзүү, эл аралык стандарттарга ылайык Кыргыз Республикасынын калкын заманбап, автоматташтырылган документтештирүү системасын түзүү максатында:
1. Төмөнкү курамда тендердик комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн:
Абдраев Б.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Гусаров И.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты ("Ар-Намыс" фракциясы), (макулдашуу боюнча);
Жээнбеков Р.Б. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, (макулдашуу боюнча);
Кочкоров У.Т. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты ("Ата-Журт" фракциясы), (макулдашуу боюнча);
Пирматов И.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты ("Республика" фракциясы), (макулдашуу боюнча);
Скрипкина Г.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты ("СДПК" фракциясы), (макулдашуу боюнча);
Шайдиева Д.Ж. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;
Мамбеталиева Ж.Ж - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Исакулов Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадр иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Уезбаев У.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн транспорт жана инфраструктура секторунун эксперти;
Чормонов Т.К. - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын башкы мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча);
Куткеев Э.Э. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Султаналиев Э.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Кадыров Б.М. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматы департаментинин консулдук-укуктук бөлүмүнүн 1-катчысы;
Абдиев Д.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин директорунун орун басары;
Дүйшеева Э.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын финансы жана экономика иштери башкармалыгынын начальниги;
Алыбаева М.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу;
Бурцев П.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын негизги күбөлөндүрүүчү борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу;
Сапарбаев Ж.Р. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты ("Ата-Мекен" фракциясы), (макулдашуу боюнча);
Смагулов А.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын экономикалык талдоо башкармалыгынын башкы адиси;
Аскарбеков М.А. - "Эркин Эл" жаштардын саясий кыймылынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Дыйканов С.К. - "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Комиссия белгиленген тартипте:
- үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калкты заманбап, автоматташтырылган документтештирүү системасын эске алуу менен жаңы муундагы паспорттук документтерди (Кыргыз Республикасынын жаранынын ID саrd, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жана Кыргыз Республикасынын жаранынын электрондук паспорту) берүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкын мамлекеттик каттоону түзүүгө карата инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча тендер өткөрсүн;
- тендердин жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |