Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-апрели № 158-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 128-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- тендердик комиссиянын курамына киргизилсин:
Сапарбаев Ж.Р., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты ("Ата-Мекен" фракциясы), (макулдашуу боюнча);
Смагулов А.Б., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын экономикалык талдоо башкармалыгынын башкы адиси;
Аскарбеков М.А., "Эркин Эл" жаштардын саясий кыймылынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Дыйканов С.К., "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- тендердик комиссиянын курамынан Т.В.Коротков, Н.М.Элебесов, А.К.Абдыралиев чыгарылсын;
- "Жээнбеков Р.Б." позициясындагы "("Ата-Мекен" фракциясы)" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пункттагы "бир айлык" деген сөздөр "үч айлык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |