Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 5-апрели № 133-б
1995-1997-жылдары төрөлгөн кадеттер арасында эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү боюнча Азиянын биринчилигин (мындан ары - Азия биринчилигин) 2012-жылдын 4-10-июлунда Бишкек шаарында өткөрүүгө байланыштуу:
1. Азия биринчилигин өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия биринчилигин өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2012-жылга бюджетинин чегинде финансы каражаттарын өз убагында бөлүп берүүнү караштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Азия биринчилигинин катышуучуларын медициналык тейлөөнү камсыз кылсын.
4. Бишкек шаарынын мэриясына Азия биринчилигин өткөрүүнүн алдында шаардын көчөлөрүн (Чүй жана Манас проспекттерин) Азия биринчилигинин символикасы бар жарнамалык щиттер менен тиешелүү түрдө жасалгалоону жүргүзүү сунуш кылынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети төмөнкүлөрдү камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшсүн:
- Азия биринчилигин өткөрүү жеринде жана анын катышуучулары жашаган жерде коомдук тартипти коргоону;
- Азия биринчилигинин катышуучуларынын, расмий адамдарынын жана ардактуу меймандарынын коопсуздугун.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги:
- Эл аралык спорттук күрөш федерациясынын (мындан ары - FILA) стандартына ылайык күрөш килеминин 3 комплектин жана 3 электрондук таблону белгиленген тартипте сатып алсын;
- Азия биринчилигин өткөрүү укугу үчүн 40000 (кырк миң) швейцария франкы өлчөмүндөгү төлөмдү FILA эсебине төлөсүн;
- Азия биринчилигин өткөрүүнүн жерин даярдасын.
7. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына Азия континенти үчүн 1995-1997-жылдары төрөлгөн кадеттер арасында Азиянын биринчилигин (FILA талаптарына ылайык) даярдоонун, өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдырууну жана трансляциялоону камсыз кылуу сунуш кылынсын.
8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Азия биринчилигине келген расмий адамдарга, курама командалардын мүчөлөрүнө жана коштоочу адамдарга визалык колдоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылсын.
9. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
| Тиркеме |
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
- Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиялык комитетинин президенти (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Спорттук күрөш федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Эркин күрөш федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөшүнүн федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Аялдар күрөшүнүн федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).