Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 12-апрели № 141-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 742 "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен Интерньюс Нетуорктун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн ортосундагы "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясын өнүктүрүү жөнүндө макулдашуунун долбоору тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Т.Н.Бековго "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясын өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга кол коюуга укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Мындан ары "Өнөктөштөр" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жана Интерньюс Нетуорктун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасында коомдук берүүлөрдү өнүктүрүү принциптерине таянып, Кыргызстан элинин биримдигин, улуттар аралык мамилени жана маданияттар аралык карым-катнашты чыңдоого көмөк көрсөтүү зарылдыгын бекемдөөгө ишенгендикти билдирип, бул процессте жарандардын коомдук маанидеги маалыматтарга жетүүгө укугун артыкчылыктуу багыт деп таанып, жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулукка маалымдоону жакшыртуу маселелеринде кызматташууга өзгөчө маани берүү менен төмөнкүлөр тууралуу бул Макулдашууну түзүштү.
1. Интерньюс Нетуорктун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын көмөгү менен "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясын (мындан ары - "Ынтымак" КРТРК) өнүктүрүү боюнча долбоорлорду колдоону жүргүзөт.
2. Интерньюс Нетуорктун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү тиешелүү гранттар аркылуу жана "Ынтымак" КРТРК менен гранттык макулдашуу түзүү шарттарында төмөнкүлөрдү каржылайт.
- "Ынтымак" КРТРКсы үчүн зарыл студиялык жана берүү жабдууларын алууну;
- "Ынтымак" КРТРКсынын штаттагы жана штаттан тышкары кызматкерлеринин эмгек акыларын төлөөнү;
- "Ынтымак" КРТРКсынын штаттагы жана штаттан тышкары кызматкерлеринин окутуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү.
3. "Ынтымак" КРТРКсына берилүүчү гранттык жардамдын жалпы суммасы бул Макулдашууну колдонуу мезгилинде, Интерньюс Нетуорктун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү сатып алган жабдуулардын наркын кошкондо 10 (он) миллион сомдон кем эмес суммада бааланат.
4. Интерньюс Нетуорктун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү гранттык макулдашуунун шарттарында "Ынтымак" КРТРКсына Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү менен биргеликте түзүлгөн региондук басма сөз-борборлорунун мурда колдонулган жабдууларын да берет.
5. Интерньюс Нетуорктун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү төмөнкү процесстерде эксперттик, консультациялык жана башка колдоо көрсөтөт:
- "Ынтымак" КРТРКсынын башкаруу органдарын түзүү;
- "Ынтымак" КРТРКсынын кызматкерлерин тандоо;
- "Ынтымак" КРТРКсынын кызматкерлерин окутуу;
- "Ынтымак" КРТРКсынын редакциялык саясатын жана берүү концепциясын түзүү.
6. Интерньюс Нетуорктун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү аларга "Ынтымак" КРТРКсы үчүн берилген, бул Макулдашуунун 2-пунктунда керсөтүлгөн каражаттарды пайдалануу тартибин аныктайт.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты:
"Ынтымак" КРТРКсынын башкаруу органдарын түзүүнү камсыздайт;
- "Ынтымак" КРТРКсынын уставын иштеп чыгууга жана юстиция органдарында каттоодон өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
- Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында тиешелүү лицензия алуу жана жыштыкка ээ болуу маселелерин кошкондо "Ынтымак" КРТРКсынын телерадиоберүүлөрүн уюштуруу үчүн коюлган талаптарга контролдукту жүзөгө ашырат;
- Ош шаарында "Ынтымак" КРТРКсына телерадиоберүүлөр үчүн имараттын жана Жалал-Абад, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларындагы филиалдары үчүн алардын ачылышына жараша имараттардын бөлүнүшүнө контролдукту жүзөгө ашырат;
- "Ынтымак" КРТРКсын байланыш, интернет жана күзөт менен камсыз кылат.
8. Долбоордун максаттарын ишке ашыруу үчүн Өнөктөштөр башка грант берүүчүлөрдүн каражаттарын тартууга укуктуу. Интерньюс Нетуорктун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү кошумча грант каражаттарды тартса, Интерньюс Нетуорктун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн "Ынтымак" КРТРКны өнүктүрүүгө катышуусу ошол долбоорлор иштеген мезгилге карата жарактуу болот.
9. Бул Макулдашуунун негизинде долбоорлордун ишке ашырылуучу жарактуулук мөөнөтү аяктаганда Интерньюс Нетуорктун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү техникалык каражаттарды андан ары максаттуу пайдалануу үчүн "Ынтымак" КРТРКсынын балансына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн караштырат.
10. Долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
11. Бул Макулдашууга Бишкек шаарында 2012-жылдын "___" ___________
2013-жылдын 30-сентябрына чейинки мөөнөткө кол коюлду.
Тараптар бул Макулдашууну жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин бир тараптуу тартипте бузууга укуксуз.
Кыргыз Республикасынын Интерньюс Нетуорктун
Өкмөтүнүн Аппарат Кыргыз Республикасындагы
жетекчиси - министр Өкүлчүлүгүнүн директору
______________ Т.Беков _______________ М.Раснер