Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 22-апрелиндеги № 147-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 23-апрели № 155-б
Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын Кош-Булак поселкасындагы сел өткөрүүчү каналды куруунун долбоорун ишке ашыруу жана жарандарды мажбурлап көчүрүү (9 үй-бүлө) максатында:
1. Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын мэриясы на төмөнкүлөр сунушталсын:
- чарбалык курулуштары жана көп жылдык бак-дарактары менен бузулууга тийиш менчик үй ээликтеринин наркын баалоо боюнча көз карандысыз баалоо комиссиясынын ишин уюштуруу;
- коопсуз жерлерге мажбурлап көчүрүлүүчү жарандарга (9 үй-бүлө) компенсация төлөөнү жүргүзүү үчүн жок кылынуучу мүлктүн наркын баалоо жөнүндө материалдарды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүү.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги берилген материалдарга ылайык компенсацияларды төлөө үчүн зарыл финансы каражатын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке бөлүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик коопсуз жерлерге мажбурлап көчүрүлүүчү жарандарга (9 үй-бүлө) компенсация төлөөнү жүргүзсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |