Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 22-апрели № 147-б
Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын Кош-Булак поселогунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сейитказы айылында селди буруп кетүүчү каналдарды куруу жана курулуш зонасынан жарандарды аргасыз көчүрүүгө байланышкан чыгымдарга компенсация төлөп берүү максатында,
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте көз каранды эмес эксперттерди тартуу менен бузулууга тийиш болгон Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Кош-Булак айылында (Студент көчөсү) жайгашкан 9 турак үйдүн жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Сейитказы айылындагы 5 турак үйдүн наркын аныктасын;
- бузулууга тийиш болгон турак үйлөрдүн наркын баалоо жөнүндө материалдарды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине селди буруп кетүүчү каналдарды куруу зонасындагы бузулууга тийиш болгон турак үйлөрдүн менчик ээлеринин тизмесин компенсация төлөө үчүн финансы каражаттарынын зарыл болгон эсептери менен берсин;
- селди буруп кетүүчү каналдарды куруу зонасындагы бузулууга тийиш болгон турак үйлөрдүн менчик ээлерине компенсация төлөп берилишин камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуна ылайык ачылган Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген селди буруп кетүүчү каналдарды куруу зонасындагы бузулууга тийиш болгон турак үйлөрүнүн менчик ээлеринин тизмесине ылайык финансы каражаттарын бөлүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 155 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |