Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 6-майындагы № 145-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-апрели № 157-б
"Кыргыз Республикасында арзан турак жай" мамлекеттик программасынын долбоорун, ошондой эле ипотекалык кредит берүүнү жана турак жай курулушун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуу максатында:
1. Жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Муканбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары, жумушчу топтун төрагасы; |
Дүйшөмбиев Б.О. | - | Бишкек шаарынын вице-мэри, жумушчу топтун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Молдобаев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Курулушчулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Бекташев Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Мамбетов Т.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Кокочаров У.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору; |
| - | "Ала-Тоо Курулуш" МИнин директору (макулдашуу боюнча); |
Мазманов Я.С. | - | "Бишкекглавархитектура" башкармалыгынын илимий-техникалык бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Курманалиев А.К. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын үлүштүк курулуш жана биргелешкен иштер бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Абиров М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги; |
Жумагазиев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин турак жай-курулуш департаментинин турак жай курулушун жана ипотекалык кредит берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Саякбаев Т.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин саясатты иштеп чыгуу боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Кайыпов Ч.М. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин саясатты иштеп чыгуу боюнча бөлүмүнүн башкы адиси; |
Нурманова М.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жетектөөчү адиси; |
Бердыбаев Э.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өнүктүрүү долбоорлорун колдоо башкармалыгынын социалдык инфраструктураны каржылоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Жаманова Г.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин бюджеттик пландоо жана каржылоо башкармалыгынын башкы адиси; |
Майташова С.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын жетектөөчү инспектор (макулдашуу боюнча); |
Асылбеков Р.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Черикчиев М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Идрисов Н. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Макарова О.П. | - | "Кыргызстан" камсыздандыруу компаниясы ачык акционердик коомунун юристи (макулдашуу боюнча); |
Самсалиева Ч. | - | Кыргызстандын Банктар союзунун юристи (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ 2012-жылдын 1-июнуна чейин "Кыргыз Республикасында арзан турак жай" мамлекеттик программасынын долбоорун жана турак жай курулушу жана ипотекалык кредит берүүнүн механизмдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын толуктап иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн республиканын министрликтеринин, мамлекеттик агенттиктеринин, кызматтарынын жана администрациялык ведомстволорунун адистерин зарыл учурда ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 614-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |