Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 6-майы № 145-б
Узак мөөнөттүү ипотекалык насыялоо механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Узак мөөнөттүү ипотекалык насыялоо механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө узак мөөнөттүү ипотекалык насыялоо механизмдерин ишке киргизүү жана ипотекалык насыялоо тутумун андан ары өнүктүрүү боюнча иш-чаралар жөнүндө сунуштарды иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн республиканын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин жана администрациялык ведомстволорунун адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 157-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 6-майындагы № 145-б буйругуна тиркеме |
Момуналиев Н.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Мукамбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Молдоканов Ш.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Шамшиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Таткулов Т.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Жээнбаева Б.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Асанов У.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; |
Сабиров Ш.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Шамшидинов Д.Х. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Гойхман А.И. | - | "Росинбанк" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Молдобаев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Курулушчулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Дүйшөмбиев Б.О. | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Ражапов И.Ж. | - | Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча). |