Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-апрели № 167-б
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Эки тараптуу консультациялар боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги;
эки өлкөнүн ортосунда достук мамилелерди жана кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө аракеттенип;
эл аралык тынчтык жана коопсуздукту мындан ары бекемдөөгө багытталган кызматташууну улантууну каалап;
Тараптар үчүн өз ара кызыкчылыктарды туудурган эки тараптуу, региондук жана эл аралык маселелер боюнча консультациялар жана маалымат алмашуулар өз ара түшүнүүнү тереңдетүүгө көмөк берет деп ишенип;
1961-жылдагы Дипломатиялык карым-катнаштар тууралуу Вена конвенциясын жетекчиликке алуу менен;
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар өз ара кызыкчылыктарды туудурган бардык тармактарда кызматташууну колдошот жана алардын ортосунда түз байланыштарды орнотууга аракеттенишет. Ошондой эле Тараптар өткөрүү шарттары дипломатиялык каналдар боюнча алдын ала макулдашылган семинар, биргелешкен изилдөө иштерин уюштурууга көмөк көрсөтүшөт.
2-берене.
Тараптар эл аралык жана региондук уюмдардын алкагында өз иштерин координациялоо максатында кызматташат жана бири-бирине консультация беришет.
3-берене.
Тараптар жыл сайын же ар бир 2 жылда саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүп турушат. Мындай консультациялар эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрүнүн ортосунда эки өлкөнүн борбор шаарларында кезек-кезеги менен эки тараптуу жана ар тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулоо жана өз ара кызыкчылыктарды туудурган маселелер боюнча пикир алмашуу максатында өткөрүлүп турат.
4-берене.
Тараптар өз ара кызыкчылыктарды туудурган конкреттүү маселелерди изилдөө үчүн эксперттердин атайын топторун түзө алышат.
5-берене.
Консультациялардын датасы, күн тартиби, өткөрүлүүчү жер жана деңгээли дипломатиялык каналдар боюнча алдын ала макулдашылат.
6-берене.
Бул Меморандум эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн башка эки тараптуу макулдашуулардан чыккан милдеттерге тиешелүү эмес.
7-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө жана пайдаланууда келип чыккан ар кандай талаш-тартыш жана пикир келишпестиктер Тараптар ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
8-берене.
Бул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл колдонулат. Анын аракети Тараптардын бири колдонулуу мөөнөтүнүн аягына чыкканга алты ай калганга чейин Меморандумдун колдонулушун токтотуу ниетин экинчи Тарапка билдиргенге чейин автоматтык түрдө кийинки ушундай мөөнөткө узартылып турат.
_________ шаарында 2012-жылдын "___" _________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилинде түзүлдү. Мында бардык текст бирдей күчкө ээ.
Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетинин
Тышкы иштер министрлиги үчүн Тышкы иштер министрлиги үчүн