Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 15-майы № 196-б
Көп жааган кардан жабыркаган облустардын малчыларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн арпа сатып алуу жана сатуу механизмдерин тактоо максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-мартындагы № 100-б буйругуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
төмөнкү мазмундагы 2-1 - 2-4-пункттар менен толукталсын:
"2-1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент сатып алынуучу арпага бааны белгилесин.
2-2. Райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын арыздары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду көп жааган кардан жабыркаган райондордун малчыларына сатуу үчүн арпа бөлсүн.
2-3. Райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент белгилеген баа боюнча малчыларга арпа сатсын;
- арпаны сатуудан түшкөн акча каражаттарын республикалык бюджетке которсун.
2-4. Арпаны сатуудан түшкөн акча каражаттарын республикалык бюджетке өз убагында которууга жеке жоопкерчилик жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына жүктөлсүн.".
Премьер-министр | Ө.Бабанов |