Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-марты № 100-б
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 15-майындагы № 196-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Көп жааган кардан жабыркап, натыйжада айыл чарба малы жайыт чөбүнөн ажыраган, ошондой эле малдын кырылышы коркунучуна байланыштуу малчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги облустардын мамлекеттик администрациялары менен бирге Чүй облусунун аймагында тоют запастарына ээ болгон чарбалардын тизмесин шашылыш тартипте аныктасын жана жабыр тарткан райондорго чөптү жана концентранттарды жыйноо жана жөнөтүү жумушун жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуна ылайык ачылган Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражатынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жааган кардан жабыркаган райондорго чөп жана комбикормдорду ташуу боюнча иш жүзүндөгү чыгымдарга ылайык көлөмдө бюджеттик акча бөлсүн;
- бул буйруктун 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун чыгымдар сметасына ылайык 2012-жылдын апрель, май айлары үчүн калктуу конуштардын тургундарына 2012-жылдын март айында каржы төлөмдөрүн жүзөгө ашырсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 1 миң тонна арпа сатып алууга зарыл каражат бөлсүн.
2-1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент сатып алынуучу арпага бааны белгилесин.
2-2. Райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын арыздары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду көп жааган кардан жабыркаган райондордун малчыларына сатуу үчүн арпа бөлсүн.
2-3. Райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент белгилеген баа боюнча малчыларга арпа сатсын;
- арпаны сатуудан түшкөн акча каражаттарын республикалык бюджетке которсун.
2-4. Арпаны сатуудан түшкөн акча каражаттарын республикалык бюджетке өз убагында которууга жеке жоопкерчилик жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине республиканын жабыр тарткан райондоруна тоют жеткирүү үчүн автотранспорт каражаттарынын зарыл санын берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- жааган кардан жабыркаган райондорго чөп жана комбикормдорду жеткирүүнү камсыз кылсын;
- жабыркаган райондордогу жолдорду тазалоо иш-чараларын жүргүзсүн;
- тоюттарды жеткирүү боюнча иш аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бөлүнгөн акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалымат берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жабыр тарткан малчыларды кароо жана жардам көрсөтүү үчүн медициналык кызматкерлердин көчмө бригадаларын уюштурсун.
6. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги кар жаагандан жабыркаган калктуу конуштарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча чара көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду эң керектүү товарларды сатып алуу жана мал башын сактоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын жана райондорунун тургундарына пенсияларды жана жөлөк пулдарды төлөп берүүнү тиркемеге ылайык жүзөгө ашырсын.
8. Облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары коррупцияга жол бербөө максатында кардын көп жаагандыгынан жабыркаган калктуу конуштарга жеткирилген тоюттарды даректүү бөлүштүрүүнү камсыз кылышсын.
9. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме |
Тургундарына 2012-жылдын апрель жана май айлары үчүн
пенсия жана жөлөкпул төлөнө турган Кыргыз Республикасынын
калктуу конуштарынын жана райондорунун
ТИЗМЕСИ
┌───┬─────────────────────────────┬───────────────────────────────────┐
│ № │ │ Калктуу конуштун аталышы │
├───┴─────────────────────────────┴───────────────────────────────────┤
│ Жалал-Абад облусу │
├───┬─────────────────────────────┬───────────────────────────────────┤
│1 │Чаткал району │Каныш-Кыя а/округу │
│ │ │Чаткал а/округу │
├───┼─────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤
│2 │Тогуз-Торо району │Атай а/округ │
│ │ │Көк-Ирим а/округу │
│ │ │Тогуз-Торо а/округу │
│ │ │Каргалык а/округу │
│ │ │Кара-Суу а/округу │
├───┴─────────────────────────────┴───────────────────────────────────┤
│ Ош облусу │
├───┬─────────────────────────────┬───────────────────────────────────┤
│1 │Алай району │Сары-Могол а/округу │
│ │ │Сары-Таш а/округу (анын ичинде │
│ │ │Нура айылы) │
│ │ │Талды-Суу а/округу │
├───┼─────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤
│2 │Кара-Кулжа району │Ой-Тал а/округу │
│ │ │Кызыл-Жар а/округу │
│ │ │Карагуз а/округу (Түшүнүк, │
│ │ │Алтын-Күрөк жана Жетим-Дөбө │
│ │ │айылдары) │
│ │ │Сары-Булак а/округу │
│ │ │Алайкуу а/округу │
│ │ │Капчыгай а/округу │
│ │ │Чалма а/округу (Буйга айылы) │
├───┼─────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤
│3 │Чоң-Алай району │Чоң-Алай а/округу │
│ │ │Жекенди а/округу │
│ │ │Кашка-Суу а/округу │
├───┴─────────────────────────────┴───────────────────────────────────┤
│ Нарын облусу │
├───┬─────────────────────────────┬───────────────────────────────────┤
│1 │Ак-Талаа району │Кош-Дөбө а/округу │
│ │ │Кара-Бүргөн а/округу │
│ │ │Ак-Чий а/округу │
│ │ │Терек а/округу │
│ │ │Баетов а/округу │
│ │ │Кызыл-Белес а/округу │
├───┼─────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤
│2 │Нарын району │Чет-Нура а/округу │
│ │ │Эмгекчил а/округу │
│ │ │Миң-Булак а/округу │
│ │ │Он-Арча а/округу │
│ │ │Жерге-Тал а/округу │
└───┴─────────────────────────────┴───────────────────────────────────┘