Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 15-майы № 197-б
2012-жылдын апрелинин үчүнчү декадасында жааган, себилген айыл чарба өсүмдүктөрүн жууп кеткен жана зыянга учураткан нөшөрлөгөн жаандан жана селден жабыр тарткан Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле дыйкандарга жана фермерлерге айыл чарба өсүмдүктөрүнүн болбой калган түшүмүнүн ордун толтуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду учурдагы жазгы себүүнү жана кайталап жана экинчи себүү жүргүзүү үчүн облустук мамлекеттик администрациялардын бөлүштүрүүсү боюнча Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын фермердик жана дыйкан чарбаларына 2011-жылдын майында Казакстан Республикасынан алынган, казак селекциясынын гибриддик жүгөрүсүнүн тиешелүү түрдө 38, 12 жана 133 тонна (бардыгы 183 тонна) үрөөнүн кайтарымсыз бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик администрация башчылары менен макулдашып, ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жүгөрүнүн үрөнүн 2012-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде 145 тонна өлчөмүндө облустардын райондук борборлоруна чейин жеткирүүнү камсыз кылсын.
3. Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондорунун, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Ала-Бука, Аксы жана Сузак райондорунун, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондусу менен бирдикте 2012-жылдын апрелиндеги селдерден жана суу ташкындарынан жабыр тарткан чарбакер субъекттердин тизмесин жана тындыруу мөөнөтү 10 жыл болгон Япония Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттарын кошпогондо, мамлекеттик займдык каражаттар боюнча алардын карызынын тындырылбаган суммасын аныкташсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду 2012-жылдын апрелиндеги селдерден жана суу ташкындардан жабыр тарткан Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондорунун, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Ала-Бука, Аксы жана Сузак райондорунун, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен районунун чарбакер субъекттеринин аныкталган тизмесинин негизинде, айылдык кеңештердин белгиленген тартипте кабыл алынган чечимдерине ылайык, 2012-жылдагы түшүм үчүн күздүк жана жаздык себүүлөргө кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү, ошондой эле 2012-жылдагы жаздык себүү үчүн беденин жана эспарцеттин үрөнү түрүндө алынган товардык кредиттерди кайтарып берүүнүн мөөнөтүн аларды кайтаруу мөөнөтүн узартуу мезгилинде проценттерди жана айыптарды эсептебестен, 2013-жылдын 1-декабрына чейин узартсын.
5. Жергиликтүү кеңештерге 2012-жылдын апрелиндеги селдерден жана суу ташкындардан жабыр тарткан Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат жана Өзген райондорунун, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Ала-Бука, Аксы жана Сузак райондорунун, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен районунун айылдык товар өндүрүүчүлөрүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 344-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык айыл чарба жерлери боюнча жер салыгын төлөөдөн үч жылга чейинки мөөнөткө толук же толук эмес бошотуу жөнүндө маселени кароо сунуш кылынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктуна ылайык 2012-жылдын апрелиндеги селдерден жана суу ташкындардан жабыр тарткан Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондорунун, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Ала-Бука, Аксы жана Сузак райондорунун, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен районунун айылдык товар өндүрүүчүлөрүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун органдары жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте тиешелүү түрдө комиссиялык ырастаганда, жабыр тарткан айыл чарба жерлери үчүн ушул жылга камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн бошотсун.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |