Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 21-майы № 206-б
Коопсуздукка Көмөктөшүү Эл аралык Күчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жер менен ташылуучу (темир жол, автомобилдик) жүктөрүнүн транзитине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Мындан ары "Кыргыз тарап" деп аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана мындан ары "НАТО" деп аталган Түндүк Атлантика Келишим Уюму, биргелешип "Тараптар" деп аталып,
Афганистан Ислам Республикасынын аймагындагы Коопсуздукка Көмөктөшүү Эл аралык Күчтөрдү (мындан ары - ККЭаК) колдоо үчүн жүктөрдү жер менен ташууну жеңилдетүү максатында;
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана мыйзамдарын сыйлап;
Кыргыз Республикасы 1994-жылдын 10 жана 11-январындагы Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун (НАТО), Түндүк Атлантика Кеңешинин кеңешмесине катышкан мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары тарабынан кол коюлган жана жиберилген "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасына Чакырууну кабыл алганын жана 1994-жылдын 1-июнунда Тынчтык үчүн өнөктөштүк Алкактык документине кошулганын белгилеп;
Кыргыз Республикасы 1995-жылдын 19-июнунда Брюсселде түзүлгөн Түндүк Атлантика келишимине катышуучу-мамлекеттердин жана "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасына катышуучу башка мамлекеттердин ортосундагы алардын Күчүнүн статусу тууралуу (КСтМ ТҮӨ) Макулдашуунун Тараптарынын бири болуп эсептелээрин белгилеп;
Учактардын учуусуна жана транзитке уруксат берүүнү кошкондо, Афганистан Ислам Республикасына коңшу мамлекеттерди жана БУУга мүчө башка мамлекеттерди ККЭаКга зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө чакырган, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын VII главасынын негизинде 2001-жылдын 20-декабрында Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1386 (2001) Резолюциясын (мындан ары БУУККР 1386) көңүлгө алуу менен;
Афганистан Ислам Республикасынын (мындан ары - Афганистан) аймагындагы ККЭаК Операцияларын колдоо максатында НАТОго мүчө-мамлекеттерге же НАТОго кирбеген, ККЭаКга салым кошкон мамлекеттерге таандык ККЭаК жүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жер менен транзити боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" Улуттук темир жол компаниясы" мамлекеттик ишканасынын кызматтарын көрүү үчүн зарыл болгон келишүүлөрдү жана жол-жоболорду түзүүнү каалап;
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты,
1-берене.
Ушул Макулдашуу Афганистандын коопсуздугун, туруктуулугун жана калыбына келтирүүнү камсыз кылуу боюнча эл аралык аракеттерди колдоо үчүн жер менен ташылуучу (темир жол жана автомобилдик) жүктөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитинин жол-жоболорун аныктайт.
2-берене.
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн анда колдонулган терминдер төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
a. "ККЭаК операциясы" - БУУККР 1386 токтом кылуучу 7-пунктуна ылайык НАТОнун кол башчылыгы жана башкаруусу алдында Афганистан Ислам Республикасынын аймагында ККЭаК көрсөтүлүүчү жардамды түшүндүрөт;
b. "НАТО" - Түндүк Атлантика Келишим Уюмун анын штаб-квартирасын жана Түндүк Атлантика келишимине ылайык түзүлгөн ар кандай эл аралык аскер штабдарын кошкондо, түшүндүрөт;
c. "Жүк жөнөтүүчү" - ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык жүк жөнөткөн же алардын атынан жүк жөнөтүлгөн НАТОну, НАТОго катышуучу мамлекеттерди же ККЭаК операциясына салым кошкон НАТОго кирбеген мамлекеттерди түшүндүрөт;
d. "Жүк алуучу" - ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык жүк алган же алардын атынан жүк алган НАТОну, НАТОго катышуучу-мамлекеттерди же ККЭаК операциясына салым кошкон НАТОго кирбеген мамлекеттерди түшүндүрөт;
е. "Аймак" - Кыргыз Республикасынын аймагын түшүндүрөт;
f. "ККЭаК жүктөрү" - ушул Макулдашуунун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жүктөрдөн тышкары, ККЭиК операциясына арналган жана НАТО, НАТОго катышуучу-мамлекеттер же ККЭаК операциясына салым кошкон НАТОго кирбеген мамлекеттер тарабынан жөнөтүлгөн жана ушул Макулдашуунун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн Ташуу тартибине ылайык Жүк жөнөтүүчүлөрдүн экспедициялык компанияларынын кызматтарын пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өтүп жаткан жүктөрдү түшүндүрөт;
g. "Экспедитор" - Жүк жөнөтүүчүнүн тапшырмасы боюнча жана анын эсебинен транспорттук экспедиция келишиминде аныкталган экспедициялык тейлөө көрсөткөн же тейлөө көрсөтүүнү камсыз кылган экономикалык агент. Жүктөр темир жол аркылуу ташылганда экспедитор болуп жүк ташуучу эсептелет;
h. "Жүк ташуучу" - жеке менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде темир жол же автомобилдик транспорт каражаттары бар жана жүк ташууга укуктуу жеке же юридикалык жактар;
i. "Авто жүк ташуучу" - жүк ташуучу автомобилдерди колдонуп жүк ташыган жеке же юридикалык жактар;
j. "Өткөрмө пункту" - ККЭаК жүктөрү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн жана чек ара жана бажы, техникалык зарыл учурда контролдун башка түрлөрүн жүргүзүү үчүн ККЭаК жүктөрүнүн транзитинде токтоого уруксат берилген жерди түшүндүрөт;
k. "Транзит" - ККЭаК Операциясын колдоого Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу темир жол жана/же автомобилдик жол менен ККЭаК жүктөрүн ташууну түшүндүрөт.
3-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболору ККЭаК Операцияларына арналган ККЭаК жүктөрүнө карата Жүк жөнөтүүчүгө колдонулат.
4-берене.
КСтМ ТҮӨ жоболору ушул Макулдашуунун жоболоруна карата колдонулган жана каршы келбеген өлчөмдө, тийиштүү шарттар болгон учурда жана ушул Макулдашуунун максаттары үчүн жана Аймактын чегинде гана Кыргыз Республикасы менен ушул Макулдашууну тийиштүү түрдө кабыл алган жана бул жөнүндө НАТО менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жазуу түрүндө билдирген НАТОго кирбеген жана салым кошкон мамлекеттерди кошкондо ККЭаК Операциясына катышкан ар бир Мамлекеттин ортосундагы мамилелерде колдонулат.
5-берене.
Аймак аркылуу транзит менен өткөрүлүп жаткан жүктөр:
- нормалдуу ташуу жана сактоо шартында табигый эскирүү же азаюунун натыйжасындагы өзгөрүүлөрдөн тышкары, өзгөрбөгөн абалда болуусу керек;
- транзиттен башка кандайдыр бир максаттарда колдонулбашы керек.
Кооптуу жүктөрдүн транзити, эгер мындайлар ККЭаК жүктөрүндө бар болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камтылган кооптуу жүктөрдү ташуу тууралуу жобого ылайык жана Эл аралык темир жол менен жүк ташуу каттамдары жөнүндө Макулдашууга ылайык жүргүзүлөт.
6-берене.
ККЭаК жүктөрүнүн транзитинен Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган бажы алымдары, жыйымдары жана салыктар алынбайт.
7-берене.
ККЭаК жүктөрүнүн транзитинин практикалык аспектилерин жеңилдетүү жана Аймак аркылуу тез жана тоскоолдуксуз транзитти кепилдөө максатында Тараптар Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болгон анын 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн ташуу тартибин аныкташты.
8-берене.
Аймак аркылуу ККЭаКтын ар бир өзүнчө жүктөрүнүн транзитине уруксат берүү ушул Макулдашуунун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн Ташуу тартибине ылайык жүргүзүлгөн Аймак аркылуу ККЭаК жүктөрүнүн транзитине Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын макулдугуна негизделет.
9-берене.
ККЭаК жүктөрүн Кыргыз Республикасынан Афганистанга жана Афганистандан Кыргыз Республикасына жеткирүүнү кыргыз авто жүк ташуучулары ишке ашырат деп белгиленет. ККЭаК жүктөрүн автомобиль транспорту менен ташууну координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги эсептелет.
10-берене.
Аймак аркылуу ККЭаК жүктөрүн ташуунун темир жол тейлөөлөрүнүн наркы ставкалары эл аралык транзиттик тарифтин базасында белгиленген Эл аралык каттамдагы жүктөрдү ташууга карата КМШга катышуучу-мамлекеттердин темир жолдорунун тарифтик саясатынын эрежелерине ылайык белгиленет. Ушул сыяктуу ташууларга жана ага байланышка тейлөөлөргө кошуп эсептелген баалар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө же ушул сыяктуу ташуулар жана кызматтар үчүн башка мамлекеттик органдарга коюлган баалардан кымбат болбошу керек.
11-берене.
Ыйгарым укуктуу экспедициялык компаниялар аркылуу Жүк жөнөтүүчүлөр тарабынан талап кылынган башка ташылуучу каражаттар жана башка тейлөөлөр үчүн төлөм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.
12-берене.
Ушул Макулдашуунун 13-беренесинин жобосуна карабастан өзүнүн компетенциясы, ыйгарым укуктары жана потенциалдуу жоопкерчилиги жаатында Тараптар төмөнкүлөр үчүн бардык тийиштүү чараларды көрүшөт:
a. Аймак аркылуу ККЭаК жүктөрүнүн транзитинин жүрүшүндө кырсыктарды болтурбоо;
b. мындай кырсыктардын себептерин табуу жана алардын кесепетин жоюу;
c. кырсыктын болуусуна күнөөлүү Тарап мындай кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча чыгымдардын ордун толтуруу.
Үчүнчү жакка зыян келтирилген учурда зыяндын ордун толтуруу боюнча доомат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, зыян келтирген тарапка коюлат.
Ушул Макулдашуунун алкагында коммерциялык транзитти ишке ашырууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу тууралуу доо арыз учурга жараша келтирилген зыянга жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан канааттандырылат.
13-берене.
Аймак аркылуу ККЭаК жүктөрүнүн транзитине карата ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан коммерциялык маселелер Кыргыз Республикасы катышуучу болгон темир жол боюнча ташуулар жана автомобилдик ташуулар боюнча тийиштүү эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын жоболоруна ылайык чечилет.
14-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптар, ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык жүк жөнөткөн же алардын атынан жүк жөнөтүү жүргүзүлгөн НАТОго мүчө-мамлекеттер же НАТОго кирбеген салым кошкон мамлекеттер катышуучу болгон башка эл аралык келишимдерди колдонууга таасирин тийгизбейт.
15-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча НАТО, ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык жүк жөнөткөн же алардын атынан жүк жөнөтүү жүргүзүлгөн НАТОго мүчө-мамлекеттер жана НАТОго кирбеген салым кошкон мамлекеттер ККЭаК операцияларын колдоо үчүн Кыргыз Республикасында товарларды жана мүлктөрдү сатып алууга укуктуу.
16-берене.
Тараптар Ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу максатында зарыл болгон маалыматтар менен дипломатиялык каналдар боюнча алмашат.
17-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун түшүндүрүү же колдонуу боюнча ар кандай талаштар дипломатиялык каналдар боюнча Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
Мындай талаштар боюнча НАТО Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кайрылган учурда, ал Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарын маалымдайт.
18-берене.
1. Ушул Макулдашууга Тараптардын жазуу түрүндөгү макулдашуусу боюнча оңдоолор киргизилиши мүмкүн.
2. Оңдоолор өзүнчө протоколдор менен таризделет жана дипломатиялык каналдар боюнча Тараптардын ортосундагы анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик бардык жол-жоболордун аткарылгандыгын ырастаган жазуу түрүндөгү акыркы кабарлоо алынгандан тартып күчүнө кирет.
3. Ушул Макулдашуу бир жылдын аралыгында күчүндө болот жана эгер Тараптардын бири дипломатиялык каналдар боюнча жазуу түрүндө жана тийиштүү бир жылдык мөөнөт аяктаганга чейин 60 (алтымыш) күндөн кем эмес убакта башка Тарапты ушул Макулдашуунун колдонуусун узартпоо тууралуу ниетин билдирбесе, кийинки бир жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
4. Ушул Макулдашууну колдонуу токтотулган учурда ушул Макулдашуунун 12-беренесинде жана 13-беренесинде келтирилген милдеттемелер Тараптар башкасы тууралуу келишкенге чейин Тараптар үчүн күчүндө калат.
19-берене.
Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына карама-каршы келбеген бөлүгүндө, кол коюлган күндөн тартып убактылуу колдонулат, Кыргыз тарап ушул Макулдашууну ратификация кылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону НАТО алган күндөн баштап күчүнө кирет.
2012-жылдын "___" ___________________________________ эки нускада,
ар бири кыргыз, англис, француз жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ болот.
1-тиркеме. Уруксат берилген транзиттен алынып салынган жүктөрдүн тизмеси.
2-тиркеме. Ташуу тартиби.
Кыргыз Республикасынын НАТО үчүн
Өкмөтү үчүн
Кыргыз Республикасынын НАТОнун Башкы катчысы
тышкы иштер министри
Р.А. Казакбаев Андерс Фог Расмуссен
______________________ _____________________
1-тиркеме
Төмөндө келтирилген жүктөрдүн категориясы, алардын бардык подкатегорияларын кошкондо, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу ташылбайт.
┌────────────────────────┬────────────────────────────────────────────┐
│ Тышкы │ Товардын аталышы │
│ экономикалык иштин │ │
│ товардык │ │
│ номенклатурасына │ │
│ (ТЭИ ТИ) ылайык кол │ │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│3601 00 000 0 │Порох (дары) │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│3602 00 000 0 │Аскердик жарылгыч заттар, порохтон тышкары │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│3603 00 │От өткөрүүчү шнурлар, детонация шнуру, согуу│
│ │же детонация капюлу, запалдар, электр │
│ │детанаторлор │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│3604 90 000 0 │Сигнал берүүчү ракеталар, жамгырдуу │
│ │ракеталар, туманга каршы сигналдар жана │
│ │башка пиротехникалык буюмдар │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│8526 │Радиолакациялык, радионавигациялык │
│ │аппаратура жана курал жана аскердик │
│ │техниканы дистанциялык башкаруунун радио │
│ │аппаратурасы, ошондой эле аскерлерди │
│ │аралыктан күжүрмөн башкаруу аппаратурасы │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│8710 00 000 0 │Танктар жана өзү жүрүүчү брондолгон │
│ │аскердик башка транспорттук каражаттар, │
│ │куралдуу жана куралсыз │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│8802 │Учуучу аппараттар (вертолеттор, самолеттер),│
│ │космостук аппараттар (спутниктерди │
│ │кошкондо), суборбиталдык жана космостук алып│
│ │чыгуучу-ракеталар │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│8906 │Аскердик жана куткаруучу кораблдер, көмөкчү │
│ │аскер кемелери, калактуу кайыктардан башка │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│9013 │Куралдар үчүн телескоптук прицелдер; │
│ │перископтор; машинаны бөлүгү катары │
│ │даярдалган көргөзүүчү түтүктөр, ок атуучу │
│ │курал менен бирге колдонулуучу оптикалык │
│ │аспаптар, эгер алар ок атуучу куралдарда │
│ │орнотулбаса же алар орнотулушу керек болгон │
│ │ок атуучу курал менен коштолуп жүрбөсө; │
│ │ок атуучу курал менен бирге колдонулуучу │
│ │лазердик прицелдер, эгер алар ок атуучу │
│ │куралдарда орнотулбаса же алар орнотулушу │
│ │керек болгон ок атуучу курал менен │
│ │коштолуп жүрбөсө │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│9301 │Аскердик үлгүдөгү куралдар, револьвер, │
│ │тапанчалар жана Тышкы экономикалык иштин │
│ │товардык номенклатурасынын 9307 товардык │
│ │позициясындагы куралдарды кошпогондо (1) │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│9302 00 000 0 │Револьвер жана тапанчалар, Тышкы │
│ │экономикалык иштин товардык │
│ │номенклатурасынын 9393 товардык позициясына │
│ │киргендерден тышкары │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│9303 │Ок атуучу куралдар жана жарылгыч заттарды │
│ │пайдалануу менен иштөөчү башка түзүлүштөр │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│9305 │9301-9303 товардык позицияда көрсөтүлгөн │
│ │буюмдардын керектөөчү бөлүктөрү │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│9306(2) │Бомбалар, гранаталар, торпедалар, миналар, │
│ │ракеталар жана согуштук аракеттерди жүргүзүү│
│ │үчүн аларга окшош согуш каражаттары жана │
│ │алардын бөлүктөрү; патрондор, башка │
│ │ок-дарылар, снаряддар жана алардын │
│ │бөлүктөрү; патрондордун бытыралары жана │
│ │пыждары менен бирге, ошондой эле жылмакай │
│ │найлуу мылтыктардын патрондору жана алардын │
│ │бөлүктөрү │
└────────────────────────┴────────────────────────────────────────────┘
(1) Бул кодго массалык жок кылуу куралы (ядролук, химиялык, биологиялык ж.б.), ошондой эле эки багытта колдонулуучу товарлар кирет. Бул Химиялык куралга тыюу салуу жөнүндө БУУ Конвенциясынын жоболоруна туура келет.
(2) Бул кодго массалык жок кылуу куралы (ядролук, химиялык, биологиялык ж.б.), ошондой эле эки багытта колдонулуучу товарлар кирет.
2-тиркеме
Ташуу тартиби
1. Ташуу шарттарын, ташуу тууралуу келишим түзүүнү (транспорттук коштомо кагаздар), транспорттук коштомо кагазда экспедиторду жана жүк алуучуну, жүктүн аталышын жана коддорун көрсөтүүнү, жүктү ташууда жүк ташуучунун жана экспедитордун жоопкерчилигин кошкондо Кыргызстандын темир жолдору жана/же автомобилдик жолдору боюнча Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Афганистанга жана Афганистандан жүктөрдү ташуу Эл аралык темир жол менен жүк ташуу каттамы тууралуу макулдашууга (мындан ары ЭТЖК) жана Эл аралык жүктөрдү жол менен ташуу келишими тууралуу конвенцияга (ЭЖЖТК) ылайык жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү өткөрмө пункттарды жактырды:
- Казакстанга жана Казакстандан: "Ак-Тилек авто жолу" өткөрмө пункту - чектешкени "Кара-Суу авто жолу";
- Тажикстанга жана Тажикстандан: "Карамык авто жолу" өткөрмө пункту - чектешкени Ош облусундагы "Карамык авто жолу";
- Тажикстанга жана Тажикстандан: "Кайрагач авто жолу" өткөрмө пункту - чектешкени "Маданият авто жолу";
- Казакстанга жана Казакстандан: "Кайыңды темир жолу" өткөрмө пункту - чектешкени "Мерке темир жолу".
3. НАТО Кыргыз Республикасы тарабынан белгиленген жол-жоболорго ылайык Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүктөрдү ташууда төмөндө келтирилген шарттарды сактоого кепилдик берет:
- Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Афганистандан ККЭаК жүктөрүн транзиттик ташууда ККЭаКнын аты, аталышы, кыскартылган аталышы же логотиби гана колдонулат. Жүк алуучу жана экспедитор коштоочу документтерде так көрсөтүлүшү керек, ал эми жүктөрдүн партиясы ККЭаК жүгү же мүлкү катары белгилениши керек;
- Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Афганистандан же Афганистанга минага каршы күчөтүлүп брондолгон ККЭаК машиналары ташылганда Евразиялык экономикалык коомдоштуктун тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык 8703 товардык коду колдонулат. Бул транспорт каражаттарын коштогон документтер Кыргыз Республикасы менен НАТО макулдашкан форма боюнча түзүлгөн, НАТО, НАТОго мүчө-мамлекеттер жана ККЭаКга салым кошкон НАТОго мүчө эмес мамлекеттер тарабынан берилген жана жүктүн партиясындагы транспорт каражаттарында уруксат берилген транзиттен алынып салынган товарлар орнотулбаганын тастыктаган расмий күбөлүктү камтышы керек;
- Кыргыз Республикасынын жана НАТО, НАТОго мүчө-мамлекеттердин жана ККЭаКга салым кошкон НАТОго мүчө эмес мамлекеттердин баңги заттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү боюнча эл аралык аракеттерге көмөктөшүү даярдыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасы жүк ККЭаКты камсыз кылууга багытталганына жана белгиленген жол-жоболор талаптарына ылайык келүүсүнө ынануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана анын эл аралык милдеттемелерине ылайык мүмкүн болгон кошумча инспекцияларды кошкондо ККЭаКнын кандай гана болбосун жүктөрүн текшерүү укугун сактап калат.
4. Зарыл болгон учурда экспедитор Кыргыз Республикасындагы башка ортодогу өткөрмө пункттары аркылуу Афганистанга жана Афганистандан жүктөрдү ташуу тууралуу сурам жөнөтө алат.
5. Транзиттик ташууну төлөп жаткан экспедитордун же транспорттук агенттиктин суранычы боюнча тараптардын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасы аркылуу транзит менен өтүп бара жаткан жүккө байкоо салуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу ККЭаК жүктөрүнүн бардык ташуулары үчүн Тараптардын техникалык контакттары:
Мырза Акматов А.Т. НАТО/НАТОнун Европадагы БКК
Кыргыз Республикасынын БКБ штабы НАТОнун Ташуулардын
Транспорт жана коммуникация координациялык борбору
министрлигинин Авто жол жана 7010 Монс, Бельгия
темир жол транспорт Телефон: +32-65-44-660
башкармалыгынын начальниги Факс: +32-65-44-4370
Телефон: 996-312-314266 Эл. почта: amcc@shape.nato.int
Факс: 996-312-312811
Эл. почта: aakmatov@mtk.gov.kg