Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-майы № 215-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 "2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруу боюнча Иш-чаралардын планын жүзөгө ашыруу максатында:
1. Улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө багытталган мыйзам актылардын долбоорун иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Дербишева Г.Т. | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; |
Койчуманов Т.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана улгайган жарандар боюнча башкармалыктын жетектөөчү адиси; |
Мыктыбаев Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын кварталдык милиция бөлүмүнүн инспектору; |
Шахнабиев М.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси; |
Мамбетова С.С. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Жарасул кызы Салтанат | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкы башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Акматова Ф.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин башкы адиси; |
Шаменов Н.М. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын бөлүм башчысы (макулдашуу боюнча); |
Эркулова Г.Б. | - | Ош шаарынын мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Баштовенко С.Н. | - | "Улгайгандар үчүн ресурстук борбор" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); |
Абдылдаева Э.К. | - | Бишкек шаардык кары-картаңдар үйүнүн директору; |
Канаев Ж.Ж. | - | Балыкчы шаарынын Кары-картаңдар үчүн күндүз болуу борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Токтосунова Б.Т. | - | Ош шаарынын муниципалдык жатак үйүнүн директору (макулдашуу боюнча); |
Непомнящая Е.В. | - | Л.М.Фомова атындагы Калкты социалдык коргоо коомдук бирикмесинин юристи (макулдашуу боюнча); |
Раяпова Р. | - | Социалдык коргоо маселелери боюнча "ХелпЭйдж Интернэшнл" эл аралык уюмунун кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Ганжа И.Н. | - | "Союз Добрых Сил" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Манкова Е.Г. | - | Кыргызстанда жардам көрсөтүү жана өнүктүрүү Адвентистик агенттигинин (АДРА) социалдык кызматкери (макулдашуу боюнча); |
Мамбетова А.М. | - | Саясатты өнүктүрүү институтунун эксперти (макулдашуу боюнча); |
Төлөгөнов М.З. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:
- 2012-жылдын 1-августуна чейин - улгайган жарандарды жатак мекемелерге аксакалдар соттору аркылуу жөнөтүүнү караган "Аксакалдар соттору жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун;
- 2012-жылдын 1-июлуна чейин - улгайган жарандарга берилүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу социалдык стандарттарын белгилөөнү караган Улгайган жарандар үчүн күндүз болуу борбору жөнүндө - Типтүү жобону;
- 2012-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун:
- жер-жерлерде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жөнүндө;
- Акы төлөмө социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн механизмдерин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасына зарылчылык болгон учурда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун адистерин ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |