Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-декабры № 569-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругун аткаруу жана Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири, көрүнүктүү драматург Жалил Садыковдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүү максатында:
1. Юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
К.А.Талиева | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
И.К.Жунусов | - Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
| |
К.Ж.Садыков | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
|
И.Ш.Өмүркүлов | - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
|
А.Ж.Азыранкулов | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
|
У.Д.Изабаев | - Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
|
К.О.Иманалиев | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Абдрахман уулу Ш. | - «Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР» Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
|
А.А.Акматалиев | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Ч.А.Абыкеев | - Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
М.У.Алышпаев | - Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору;
|
Ж.К.Бакашова | - Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору;
|
Б.Ж.Жакиев | - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург (макулдашуу боюнча);
|
К.И.Исаков | - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин проректору, коомдук ишмер, «Шабдан Баатыр» эл аралык фондунун директору;
|
И.Ч.Исамидинов | - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору;
|
А.Ж.Султанбаева | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;
|
М.А.Үсөнбаев | - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору;
|
М.С.Шаршенбаев | - Кыргыз эл артисти, Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлери союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча). |
2. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 257-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жалил Садыковдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүү
Планы
№ | Иш-чаралар жана аларды өткөрүү орду | Мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
1 | «Ала-Арча» комплексинде Ж.Садыковдун эстелигине гүл коюу. Юбилейлик иш-чаралардын катышуучулары үчүн 100 адам кабыл алуу | 2012-жылдын 23-октябры | Билиммин, Маданиятмин, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча), юбилярдын үй- бүлөсү жана туугандары (макулдашуу боюнча) |
2 | Ж.Садыковдун төмөнкү пьесалары боюнча театрдык фестивалды ачуу: «Манастын уулу Семетей»; «Адам менен Азезил» «Өлүп тирилгендер»; «Ак Мөөр»; «Мен арызданам» | 2012-жылдын 23-28-октябры | Маданиятмин, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драмтеатры, жалпыга маалымдоо каражаттары |
3 | Бишкек шаарында № 84 орто мектебине Ж.Садыковдун атын ыйгаруу, юбилярдын чыгармачылыгына арналган класс-музей жана стендди презентациялоо | 2012-жылдын 24-октябры | Билиммин, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
4 | Ж.Садыковдун китеп көргөзмөсүн ачуу: жарыяланбаган ырларынын жаңы жыйнагын жана «Жүрөктө акын элеси» эскерүүлөр китебин презентациялоо | 2012-жылдын 25-октябры | Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы |
5 | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Ж.Садыковдун 80 жылдык юбилейине арналган илимий-практикалык конференция | 2012-жылдын 25-октябры | Билиммин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети |
6 | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында Ж.Садыковдун 80 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу жыйын жана юбилярдын чыгармалары боюнча театрдык музыкалык көрсөтүү | 2012-жылдын 29-октябры | Маданиятмин, жалпыга маалымдоо каражаттары |