Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 12-декабры № 588-б
Ун жана нан азыктары базарында азык-түлүк интервенциясын жүргүзүү жана республиканын калкын мамлекеттик материалдык резервдин азык-түлүк буудай данынан иштелип чыккан, базар баасынан төмөн баада сатылуучу ун менен камсыз кылуу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б буйругуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункту:
үчүнчү абзацы "азык-түлүк буудай данынын" деген сөздөрдөн мурда "сакталышын камсыз кылуучу жооптуу сактоочу ишканаларда ("Талас Дан-Азык", "Алтын-Дан", "Кант Дан-Азык", "Карасуу Дан-Азык" ачык акционердик коомдору, "Дан" мамлекеттик ишканасы жана Балыкчы шаарындагы Түндүк аймактык башкармалык)" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"региондордун калкынын буудай унун алууга болгон керектөөлөрүнө ылайык азык-түлүк буудай данынын жооптуу сактоочу ишканаларга ташылышын;";
сегизинчи абзац "унду сатуу" деген сөздөрдөн мурда "республиканын региондору боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Жооптуу сактоочу ишканалар түздөн-түз сакталган жеринде кайра иштетилген азык-түлүк буудай данынын көлөмдөрүн эске алуу менен ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн ташылуучу азык-түлүк буудай данынын өлчөмүнө оңдоолорду киргизсин.".
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |