Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-декабры № 596-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 147 токтому менен бекитилген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фондусунун каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө Жобонун 9-пунктуна ылайык:
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фондусунун каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо боюнча байкоочу кеңештин чечими (2012-жылдын 30-октябрындагы № 6/II протоколу) Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын объекттеринин 2012-жылга такталган тизмесин жактыруу бөлүгүндө бекитилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |