Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 4-августундагы №147
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №176 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 76 «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Декретин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд түзүлсүн.
2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо боюнча Байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Тиркелгендер бекитилсин:
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд жөнүндө жобо;
- Байкоочу кеңеш жөнүндө жобо.
4. Байкоочу кеңешинин ишин методикалык, уюштуруу жана башка камсыздоо Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияга жүктөлсүн.
5. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү үчүн чыгымдар Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд жөнүндө жобо бекитилгенге чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция берген чыгымдардын сметасына (эсептөөлөргө) ылайык жүргүзүлсүн.
6. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы №147 токтому менен бекитилген |
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-сентябрындагы №181 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 76 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Декретин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Бул Жобо Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун (мындан ары - Атайын фонд) каражаттарын түзүүнүн, пайдалануунун жана эсепке алуунун тартибин чагылдырат, бул фонд Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча программаны ишке ашыруу үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттарды топтоштурат.
3. Атайын фондду түзүү булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттен максаттуу бөлүштүрүүлөр;
- эл аралык финансы институттарынын, донор-өлкөлөрдүн инвестициялары жана гранттары;
- өкмөттүк эмес уюмдардын, кайрымдуулук фонддорунун каражаттары жана ыктыярдуу төлөмдөр;
- жеке сектордун каражаттары.
(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-сентябрындагы №181 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Атайын фонддун каражаттары максаттуу мүнөзгө ээ жана түшкөнүнө жараша төмөнкүлөргө пайдаланылууга тийиш:
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо боюнча Байкоочу кеңеш жактырган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программаны (мындан ары - Программа) ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен чыгымдардын сметасынын чегинде Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) кармоого.
4-1. Программаны Мамлекеттик дирекция Каржылоо планына жана чыгымдардын сметасына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, анын ичинде Атайын фонддун "Имараттар жана курулмалар" аттуу 3111-беренесинде жана "Кредиттер, ссудалар жана займдар" аттуу 3214-беренесинде каралган донордук каражаттардын эсебинен ишке ашырат.
Мамлекеттик дирекцияны каржылоо бюджеттик каражаттардын эсебинен Каржылоо планына жана чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык "Имараттар жана курулмалар" аттуу 3111-берене боюнча жүргүзүлөт. Бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчиликти Мамлекеттик дирекция тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-сентябрындагы №181 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик дирекциянын Атайын фонддун каражаттарын бөлүштүрүүсү Программаны жана жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды сапаттуу ишке ашыруу үчүн учурдагы муктаждыктарды эске алуу менен Программага ылайык жүргүзүлөт.
6. Мамлекеттик дирекция болжолдонуп жаткан түшүүлөрдү эске алып, Программаны аткаруу менен байланышкан чыгымдарды бөлүштүрүү планын түзөт жана каржылоонун дыкат планын ар бир ай сайын отчеттук айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет.
7. Атайын фонддун каражаттарын пайдалануу үчүн каражаттарды бөлүштүрүүнүн жылдык планы түзүлөт, бул план каражаттарды пайдалануунун бекитилген регламентине ылайык кварталдар боюнча бөлүштүрүлөт.
Мамлекеттик дирекциянын башкы директору бекиткен, Атайын фонддун Байкоочу кеңеши жактырган Атайын фонддун каражаттарын бөлүштүрүү планы бул каражаттардын түшүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана алардын чыгымдалышын контролдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет. Бөлүштүрүү планы Программа боюнча иш-чарларды иш жүзүндө аткарууга жана түшкөн каражаттардын иш жүзүндөгү өлчөмүнө жараша жыл ичинде өзгөрүшү мүмкүн.
Каражаттарды бөлүштүрүүдө жана Программаны ишке ашыруу боюнча чыгымдарды аныктоодо Мамлекеттик дирекция акча жана материалдык каражаттарды максималдуу түрдө үнөмдөөнүн режимин камсыз кылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-сентябрындагы №181 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Атайын фонддун каражаттарынын эсебинен товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу башка нормативдик актыларга ылайык Мамлекеттик дирекция жана Атайын фонддун каражаттарын алуучу болгон, Программаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдар, ишканалар, мекемелер, уюмдар жүргүзөт.
9. Мамлекеттик дирекция республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын жана Атайын фонддун каражаттарынын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышына жоопкерчилик тартат.
10. Программага катышкан мамлекеттик органдар, ишканалар, мекемелер, уюмдар каражаттарды максатсыз пайдаланышса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
11. Товарларды жиберүүчүлөр, жумуштарды аткаруучулар жана кызмат көрсөтүүчүлөр Программа боюнча курулуш объекттердин өз убагында пайдаланууга берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
12. Мамлекеттик дирекция ар бир квартал сайын төмөнкүлөрдү берет:
- Программаны ишке ашыруунун жана объекттерди каржылоонун жүрүшү жөнүндө маалыматта Байкоочу кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна;
- Программага киргизилген объекттердин курулушуна кеткен чыгымдар жана аткарылган иштердин наркы жөнүндө маалымкатты, аткарылган иштерди кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бекиткен формалар боюнча актыларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине.
13. Мамлекеттик дирекция мамлекеттик финансылык контролдоо органдарынын талабы боюнча төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
а) курулуштун наркынын бириктирилген сметалык эсептөөлөрүн;
б) долбоорлоо-сметалык документтерди бекитүү жөнүндө материалдарды;
в) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин түрүн жүргүзүү үчүн лицензиянын бар болушу милдеттүү болсо, курулуш жаатындагы иштердин айрым түрлөрүн жүргүзүү үчүн лицензиянын көчүрмөсүн;
г) аралаш каржылоодо курулмаларды жана объекттерди каржылоо үчүн жеке, займдык жана башка каражаттардын жумшалгандыгы тууралуу маалымкаттарды;
д) кайрадан башталган курулмалардын жана объекттердин титулдук тизмелерин, бул тизмелерде ишке киргизүү комплекстерин бөлүп көрсөтүү менен курулуштун бардык мезгили жылдар боюнча бөлүп көрсөтүлөт; өтмө курулмалардын жана объекттердин титулдук тизмелерин, бул тизмелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тиешелүү мезгил үчүн курулуш-монтаждоо иштеринин жана мамлекеттик капиталдык салымдарынын өлчөмү көрсөтүлөт;
е) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети бекиткен капиталдык курулуштагы иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) эсепке алуу боюнча башка документтер.
15. Атайын фонддун каражаттарын алуучу болгон жана Программаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдар, ишканалар, мекемелер, уюмдар, ошондой эле товарларды жиберүүчүлөр, жумуштарды аткаруучулар жана кызмат көрсөтүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Жобонун талаптарын кыйшаюусуз аткарууга;
- Атайын фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө ай сайын отчетту Мамлекеттик дирекцияга берүүгө;
- калыбына келтирүү иштеринин наркы күтүлбөгөн кырдаалдын айынан көбөйүү жагына өзгөргөн учурда, иш планындагы же курулуштун наркын эсептөө сметасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө Мамлекеттик дирекцияга жазуу жүзүндө маалымдоого. Бул субъект менен андан аркы кызматташтык жөнүндө чечимди Байкоочу кеңеш кабыл алат;
- курулуш-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө бөлүнүүчү Атайын фонддун каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
- текшерүүлөр жүргүзүлгөндө Программа боюнча иш-чарларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө так маалымат берүүгө.
16. Казыналыктын системасындагы акча каражаттарын эсепке алуу жана отчет берүү чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык "Имараттар жана курулмалар" аттуу 3111-берене боюнча Мамлекеттик дирекциянын бюджеттик эсебинде жана чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык "Имараттар жана курулмалар" аттуу 3111-берене жана "Кредиттер, ссудалар жана займдар" аттуу 3214-берене боюнча Атайын фонддун бюджеттик жана атайын эсептеринде казыналык белгиленген жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт. Жабыр тарткан адамдарга кайтарымсыз субсидия берилген учурда "Кредиттер, ссудалар жана займдар" аттуу 3214-беренедеги каражаттар "Финансылык эмес жеке ишканаларга, ишкерлерге жана калкка субсидиялар" аттуу өзүнчө 2521-беренеге бөлүнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-сентябрындагы №181 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Мамлекеттик дирекция бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө № 2 форма боюнча жана Атайын фонддун каражаттарынын чыгымдалышы тууралуу № 2 форма жана № 4 форма боюнча өз-өзүнчө отчетту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине квартал сайын берет.
18. Мамлекеттик дирекция Байкоочу кеңеш жактырган, жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) аткарылышы жөнүндө кварталдык негиздеги отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүү үчүн берет.
19. Жумуштар аткарылгандан кийин Программаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдар, ишканалар, мекемелер, уюмдар, ошондой эле товарларды жиберүүчүлөр, жумуштарды аткаруучулар жана кызмат көрсөтүүчүлөр Мамлекеттик дирекцияга төмөнкүлөрдү даярдашат жана жиберишет:
- корутунду финансылык отчетту, буга Атайын фонддун каражаттары боюнча ишкананын өзүнчө балансы, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет, акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө отчет, негизги фонддордун жана материалдык башка баалуулуктардын жүгүртүлүшү жөнүндө отчет, зарыл болсо, сатып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөлөрдү ырастаган эсеп-фактуралар жана документтер, башка зарыл документтер киргизилет;
- объекттеги жумуштар боюнча корутунду отчет.
20. Объекттерди кабыл алгандан кийин Мамлекеттик дирекция төмөнкүлөрдү даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берет:
- Программанын ар бир пункту боюнча Байкоочу кеңеш жактырган корутунду отчетторду;
- аткарылган иштер жөнүндө толук маалыматты.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы №147 токтомуна тиркеме |
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо боюнча Байкоочу кеңештин курамы
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №176 токтомунун редакциясына ылайык)
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;
- Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
- Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
- Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча).
Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча):
- Эл аралык валюта фонду (ЭВФ);
- Дүйнөлүк банк (ДБ);
- Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы (ПРООН);
- Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ);
- Европада коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ОБСЕ).
Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзу;
- Кыргыз Республикасынын Ишкерлер союзу;
- Кыргыз Республикасынын "ЭЛТР коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясынын директорунун орун басары;
- "Ош жаңырыгы" облустук гезитинин башкы редакторунун орун басары;
- Жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо борборунун өкүлү;
- "Каркыра" элдик кыймылынын өкүлү;
- Ош шаарынын коомчулугунун өкүлү.