Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 12-декабры № 587-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 148 "Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын өткөрүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планына ылайык:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен мурда бөлүнгөн 20000 (жыйырма миң) сом суммасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун үнөмдөлген каражатын мамлекеттик колдоого муктаж болгон жетим жана жакыр үй-бүлөлөрдөн, интернат-үйлөрдүн бүтүрүүчүлөрүнөн чыккан никеге турган 35 жаш жубайлар үчүн белек сатып алууга жумшоого уруксат берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |