Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-февралы № 148
Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-январындагы № 17 «2012-жылды Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы 1-тиркемеге ылайык;
- Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы 2-тиркемеге ылайык (мындан ары Иш-чаралар планы).
2. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
- Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын өткөрүү боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берип турушсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
1-тиркеме
Социалдык блок боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси, уюштуруу комитетинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри;
Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);
«Кыргызстан элдеринин ассамблеясы» этностук коомдук бирикмелери ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР» телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
«Кабар» Кыргыз улуттук маалыматтык агенттигинин директору (макулдашуу боюнча);
«Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору - башкы редактор;
«Слово Кыргызстана» басма үйүнүн директору;
Коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Аялдарга жардам борборунун директору (макулдашуу боюнча);
«Шоро» жабык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Социалдык кызматкерлер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме
№ п/п | Иш-чаралардын аталышы | Өткөрүү мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
Тынчтык, ынтымак жана туруктуу өнүктүрүү | |||
1 | Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылынын эмблемасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 1-2-квартал | Уюштуруу комитети |
2 | Этностук саясат жана коомдун консолидациясы концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу | 3-4-квартал | Уюштуруу комитети, министрликтер, ведомстволор |
3 | Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын өткөрүү боюнча жумушчу комиссиясын түзүүнү камсыздоо жана тийиштүү иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана аларды аткаруу | 1-квартал | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
4 | Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылынын символикасы менен плакаттарды, буклеттерди жана башка басма продукцияларын чыгаруу | Жыл ичинде | Уюштуруу комитети, министрликтер, ведомстволор |
5 | Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак күнүнө карата маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү | 24-сентябрь | Уюштуруу комитети, министрликтер, ведомстволор |
6 | Этностук жамааттардын тилинде китепканалык фонддорду комплектөө | Жыл ичинде | МТМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
7 | Мамлекеттик органдардын сайттарына эки (жана үч) тилдерде маалыматтык-сурап билүү материалдарын жайгаштыруу | Жыл ичинде | Министрликтер, ведомстволор |
8 | Кыргызстандын көп этностуу коомунун өнүгүү тарыхын кеңири жайылтуу максатында изилдөөлөрдү жүргүзүү | 1-2-квартал | МТМ, БИМ, УИА (макулдашуу боюнча) |
9 | Республиканын этностук жамааттарынын маданияты жөнүндө коомго маалымдоо боюнча кыргызстандык веб-ресурстардын арасында конкурстарды өткөрүү | 4-квартал | МТМ, ТКМ |
10 | Пилоттук билим берүү мекемелеринин базасында көп тилдүү окутуунун моделин апробациялоо | Жыл ичинде | БИМ |
11 | Эл аралык толеранттуулук күнүнө карата салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү | 16-ноябрь | Кыргызстандын элдеринин ассамблеясы (макулдашуу боюнча), КТК (макулдашуу боюнча), ЭлТР |
12 | «2012-жыл - Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылына» концерттерди жана спектаклдерди өткөрүү | Жыл ичинде | МТМ |
13 | Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылына арналган тематикалык көргөзмөлөрдү жана иш-чараларды музейлерде жана китепканаларда уюштуруу | Жыл ичинде | МТМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Үй-бүлө институтун чыңдоо | |||
14 | Эмгек, чыгармачыл, спорттук жана башка династиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Мен өзүмдүн үй-бүлөм менен сыймыктанам» телерадиомарафонун өткөрүү | 3-4-квартал | МТМ, ДСМА, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
15 | Аз камсыздалган жана жайсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына эс алууну уюштуруу | Июнь-август | БИМ, СӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
16 | Жашаган жери боюнча үй-бүлөлөр менен билим берүүнүн жана маданий-эс алуу мекемелеринин мыкты ишине кароо-конкурстарды өткөрүү | Жыл ичинде | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
17 | Эл аралык балдар күнүнө арналган маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү | 1-июнь | БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
18 | Балдар үйлөрүнө, мектеп-интернаттарга жана башка социалдык мекемелерге жардам көрсөтүү боюнча «Жакшы иштер мезгили» кайрымдуулук акциясын уюштуруу жана өткөрүү | Жыл ичинде | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), бизнес-коомчулук (макулдашуу боюнча) |
19 | «Жаш үй-бүлө» республикалык конкурсун уюштуруу жана өткөрүү | 4-квартал | ЖЭИКМ |
20 | Үй-бүлөлүк династияларды, узак жашагандарды жана жубайлык жашоосунун лАлтын тоюн» куттуктоону уюштуруу | Жыл ичинде | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
21 | Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жылына карата жаңы үйлөнгөндөргө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин куттуктоосун тапшырууну уюштуруу | 24-сентябрь | ЖЭИКМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
22 | Үй-бүлөлүк тарбиялоонун актуалдуу проблемаларына арналган илимий-практикалык конференциясын өткөрүү | 3-квартал | БИМ, СӨМ |
23 | Тарбиялоо, билим берүү, ден соолукту коргоо, үй-бүлөнү укуктук жана социалдык коргоо проблемалары боюнча педагогдордун, медиктердин, социологдордун, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин чыгып сүйлөөсү | Жыл ичинде | БИМ, ИИМ, СӨМ, ССМ |
24 | Мыкты үй-бүлөлүк спорт аянтчасына кароо-конкурс өткөрүү | Жыл ичинде | ДСМА, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
25 | «Спорттук үй-бүлө» спорттук-эс алуу иш-чараларын өткөрүү | Жыл ичинде | ДСМА, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
26 | Үй-бүлөдө кризистик кырдаалдарды, үй-бүлөлүк чыр-чатактарды чечүү маселеси, ошондой эле балдарды тарбиялоо проблемалары боюнча «шашылыш байланыштарды» уюштуруу | Жыл ичинде | СӨМ, БИМ, ИИМ |
27 | «Үй-бүлөлүк бизнес жүргүзүү: заманбап тажрыйбалар, тенденциялар жана өнүктүрүү проблемалары» семинарын өткөрүү | 3-квартал | ЭМСМ |
Үй-бүлө жана коом | |||
28 | «Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун колдоосунда Ош шаарында лАлтын өрөөн» тынчтык жана ынтымак эл аралык фестивалын даярдоо жана өткөрүү | 3-4-квартал | Уюштуруу комитети, «Отунбаеванын демилгеси» коомдук фонду (макулдашуу боюнча) |
29 | «Эл ичи - өнөр кенчи» республикалык фестивалын өткөрүү | Жыл ичинде | МТМ |
30 | «Кыргызстан элдеринин салттары жана кол өнөрчүлүгү: өткөндөгүсү, азыркысы жана келечеги» республикалык фестивалын уюштуруу жана өткөрүү | Жыл ичинде | МТМ, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы (макулдашуу боюнча) |
31 | Аз камсыздалган үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөр үчүн кайрымдуулук спектаклдерин көргөзүүнү уюштуруу | Жыл ичинде | МТМ |
32 | Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк темасы боюнча көркөм жана документалдык фильмдерди көрсөтүү | Жыл ичинде | МТМ |
33 | «Менин үй-бүлөм» темасында мыкты плакаттардын республикалык балдар конкурсун өткөрүү | Май-июнь | Кыргызпатент, «Алтын Түйүн» республикалык балдар инженердик- техникалык академиясы (макулдашуу боюнча), Республикалык окуу-методикалык «Балажан» эстетикалык тарбия берүү борбору (макулдашуу боюнча) |
34 | «Кубулжу балдар ырлары» республикалык балдар музыкалык конкурсун өткөрүү | Сентябрь- октябрь | Кыргызпатент, КТК (макулдашуу боюнча), «Рабаят» чыгармачыл бирикмеси (макулдашуу боюнча) |
35 | Балдар, өспүрүмдөр жана жаштар менен, ата-энелер жана ата-энелер комитети менен сергек жашоо мүнөзү, баңгиликтин жана аракечтиктин алдын алуу, репродуктивдүү ден соолукту сактоо маселелери боюнча иштеген саламаттык сактоо органдарынын, наркологиялык кабинеттердин адистеринин катышуусунда лтегерек столдорду» уюштуруу жана өткөрүү | Жыл ичинде | ССМ, ИИМ, БИМ, ЖЭИКМ, СӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
36 | Мыкты үй-бүлөлүк дарыгер республикалык конкурсун өткөрүү | 3-квартал | ССМ |
37 | Мектепке чейинки билим берүүнүн, анын ичинде мамлекеттик эмес балдар мекемелеринин жана уюмдарынын вариативдүү формалар тармагын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү | Жыл ичинде | БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Маалыматтык камсыздоо | |||
38 | ЖМКда Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын мыкты чагылдырууга республикалык конкурс уюштуруу | Жыл ичинде | МТМ, ЖМК (макулдашуу боюнча) |
39 | Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылына арналган баннерлерди жайгаштыруу | Жыл ичинде | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
40 | Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылынын алкагында өткөрүлгөн жана алдыдагы иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды министрликтердин жана ведомстволордун расмий сайтына жайгаштыруу | Жыл ичинде | Министрликтер, ведомстволор |
41 | «Үй-бүлөлүк портрет» үй-бүлөлүк фотоконкурсун өткөрүү | Жыл ичинде | МТМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
42 | Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылына арналган программаларды, социалдык роликтерди чыгаруу | Жыл ичинде | МТМ, КТК (макулдашуу боюнча) |
Кыскартуулардын тизмеси:
Уюштуруукомитет - Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети
МТМ - Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги
ТКМ - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
БИМ - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
СӨМ - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги
ЖЭИКМ - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги
ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ССМ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ДСМА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
Кыргызпатент - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы
УИА - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
ЖМА - жергиликтүү мамлекеттик администрация
ЖӨБО - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
ЖМК - жалпыга маалымдоо каражаттары
КТРК - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүүкорпорациясы
ЭлТР - Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү -ЭлТР» телерадиоберүү компаниясы