Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-декабры № 598-б
1. Эл аралык уюмдардын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасында электрондук визаны киргизүү программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
А.К.Исаев | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы, Комиссиянын төрагасы;
|
Д.Т.Сатыбалдиев | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин директору, Комиссиянын жетекчисинин орун басары;
|
Д.Б.Казаков | - Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору - министрдин орун басары;
|
К.А.Исмаилов | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору;
|
Д.Д.Рыскулова | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы;
|
Н.К.Жалалов | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдоолорун пландоо башкармасынын билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы;
|
А.А.Орозбеков | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Инвестициялар башкармасынын донордук жардамдарды координациялоо бөлүмүнүн башчысы;
|
А.Ж.Мамбетов | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин онунчу башкы башкармасынын мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн начальниги;
|
К.Б.Акматов | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматтык технологиялар башкармасынын прикладдык программаларды киргизүү жана коштоо бөлүмүнүн начальниги;
|
А.М.Калматов | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги;
|
М.Сарлыкбек уулу | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Чек аралык контролдоо башкы башкармасынын маалыматтык-техникалык бөлүмүнүн начальниги;
|
А.С.Сеитбеков | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кенештин секретариатынын экономика жана финансы боюнча эксперти;
|
Йен Клейтор | - Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
|
А.Ж.Ражиев | - жамааттарга негизделген Кыргыз туризм ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
|
Б.М.Кадыров | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын секретары. |
2. Комиссия үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында электрондук визаны киргизүү программасын иштеп чыксын, каржылоо булагын аныктасын жана керектүү документтерди белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Комиссия белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын тийиштүү адистерин, көз карандысыз жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн коомдук негиздеги ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 408-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |