Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 24-декабрындагы № 598-б буйругуна ылайык
КҮЧУН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2007-жылдын 19-октябры № 408-б
«Кыргыз Республикасында уруксат берүү-жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы № 344 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык кеңештин 2007-жылдын 7-августундагы экинчи заседаниесинин протоколуна ылайык:
1. Эл аралык уюмдардын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын электрондук визасын акырындык менен киргизүү программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Карабаев Э.Ө.
| - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси;
|
Кыдыров Т.Т.
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары;
|
Жигитов А.С.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
|
Истамов Б.С.
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик башкаруунун чыгаша саясаты башкармалыгынын начальниги;
|
Абакова Н.Б.
| - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспорттук жана визалык контролдоо департаментинин визалык контролдоо бөлүмүнүн начальниги;
|
Зарылбек уулу
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коАлмазбек опсуздук комитетинин кызматкери;
|
Абдурахманов А.Н.
| - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын чегаралык контролдоо башкы башкармалыгынын чегаралык контролдоону пландаштыруу жана уюштуруу башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
|
Осмоналиев У.С.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин документтерди жекелештирүү жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Койчуманов Т.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык кеңештин катчысы (макулдашуу боюнча);
|
Масару Хонма
| - Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча директору (макулдашуу боюнча);
|
Кимберли Балкли
| - Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Бишкек шаарындагы борборунун экономика жана курчап турган чөйрө бөлүмүнүн кызматкери (макулдашуу боюнча);
|
Раева Д.Т.
| - Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Бишкек шаарындагы борборунун экономика жана курчап турган чөйрө бөлүмүнүн улук ассистенти (макулдашуу боюнча);
|
Өмүров Н.Э.
| - Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюмунун миссиясынын чегаралык башкаруу жана миграциялык коопсуздук боюнча адиси (макулдашуу боюнча);
|
Казаков Д.Б.
| - Кыргызстан туроператорлордун ассоциациясынын мүчөсү, «С.А.Т.»корпорациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
|
Бейшембиев Э.А.
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору, ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы. |
2. Ведомстволор аралык комиссия үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын электрондук визасын акырындык менен киргизүү программасын иштеп чыксын, каржылоо булактарын аныктасын жана керектүү документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.
Премьер-министри | А.Атамбаев |