Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 26-декабры № 602-б
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына олуттуу салым кошкон көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер Шабдан Баатырды эскерүү күнүнө арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкү курам да уюштуруу комитети түзүлсүн:
К.А.Талиева | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
И.К.Жунусов | - Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
|
К.И.Исаков | - «Шабдан Баатыр» эл аралык фондунун директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруунун комитетинин мүчөлөрү:
| |
К.К.Иманалиев | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Э.И.Исаков | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
К.Ж.Садыков | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
|
Б.Б.Кенжебаев | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
|
А.Ж.Азыранкулов | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
|
У.Д.Изабаев | - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким;
|
М.Н.Саралинов | - Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президенти (макулдашуу боюнча);
|
А.Ж.Жуманалиев | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
|
А.Б.Беделбаев | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын коомдук илимдер бөлүмүнүн окумуштуу катчысы (макулдашуу боюнча);
|
Э.А.Арсалиев | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
|
К.А.Дүйшөбаев | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
|
Л.H.Калашников | - жазуучу (макулдашуу боюнча);
|
А.Ж.Султанбаева | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти. |
2. Көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер Шабдан Баатырды эскерүү күнүн даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 26-декабрындагы № 602-б
буйругу менен бекитилген
Көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер Шабдан Баатырды эскерүү күнүнө арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча
Ишчаралар планы
№ | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Шабдан Баатырды эскерүү күнүнө арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны | 2012-жылдын ноябры | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, «Шабдан Баатыр» эл аралык фонду (макулдашуу боюнча) |
2 | Шабдан Баатырды эскерүү күнүнө арналган илимий конференция өткөрүү | 2012-жылдын ноябры | УИА (макулдашуу боюнча), «Шабдан Баатыр» эл аралык фонду (макулдашуу боюнча) |
3 | Массалык-маданий иш- чараларды уюштуруу (концерт, спектакль) | 2012-жылдын ноябры | Маданиятмин, «Шабдан Баатыр» эл аралык фонду (макулдашуу боюнча) |
4 | Шабдан баатырдын өмүрү жана ишмердиги жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу | 2012-жылдын ноябры | Жалпыга маалымдоо каражаттары, УИА (макулдашуу боюнча), Л.H.Калашников (макулдашуу боюнча) |
5 | Шабдан баатырдын өмүрү жана ишмердиги жөнүндө кинофильм көрсөтүү | 2012-жылдын ноябры | «Шабдан Баатыр» эл аралык фонду (макулдашуу боюнча) |
6 | Юбилейди өткөрүү үчүн демөөрчүлөрдү издөө жана каражат жыйноо | 2012-жылдын ноябры | «Шабдан Баатыр» эл аралык фонду (макулдашуу боюнча) |
7 | Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун Шабдан айылындагы ипподромду оңдоо боюнча уюштуруу иш-чаралары | 2012-жылдын ноябры | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким |
8 | Кыргыз мамлекеттик мемориалдык М.В.Фрунзе атындагы музей-үйүндө жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун Кызыл-Байрак айылындагы музейде Шабдан Баатырга арналган экспозицияларды калыбына келтирүү | 2012-жылдын ноябры | Маданиятмин, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин райондук мамлекеттик администрация |
9 | Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында китеп көргөзмөсүн жана окууларды уюштуруу | 2012-жылдын ноябры | Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, «Шабдан Баатыр» эл аралык фонду (макулдашуу боюнча) |
10 | Шабдан баатырдын туулган жеринде ат спорт иш-чараларын өткөрүү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен бирдикте өзүнчө программа боюнча) | 2012-жылдын ноябры | ДСМА, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким, «Шабдан Баатыр» эл аралык фонду (макулдашуу боюнча) |
Өкмөттүн Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары |
М. Мукамбетов |