Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 28-декабры № 605-б
Берлин шаарында (ГФР) 2013-жылдын 18-27-январында болуучу «Жашыл жума-2013» жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык жармаңке - көргөзмөгө (мындан ары - көргөзмө) ийгиликтүү даярдануу жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн катышуусун камсыз кылуу, ошондой эле дүйнөлүк рынокторго кыргыз продукциясын чыгаруу максатында:
1. Экспорттук айыл чарбалык жана кайра иштетилген продукциялардын үлгүлөрүн даярдоону жана жылдырууну камсыз кылуу боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары - Уюштуруу комитети) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Уюштуруу комитети:
- Кыргыз Республикасынын айыл чарбалык жана кайра иштетилген продукцияларды өндүрүүчүлөрүнүн көргөзмөгө катышуусун камсыз кылуу боюнча Уюштуруу иш-чараларынын планын (мындан ары - План) бир жумалык мөөнөттө иштеп чыксын;
- жума сайын Планды аткаруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрсүн;
- кыргыз ишкерлеринин - көргөзмөнүн катышуучуларынын тизмесин жана көргөзмөгө коюу үчүн баруучу алардын товарларынын логистикасы үчүн сумманы аныктасын;
- көргөзмөнү уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражаттарды тартуу маселесин эл аралык финансылык институттар жана бизнес-жамааттар менен иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- көргөзмөгө баруу үчүн катышуучулардын - айыл чарбалык жана кайра иштетилген продукцияларды өндүрүүчүлөрдүн визаларын тариздөөгө көмөктөшсүн;
- Германия Федеративдүү Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги менен бирдикте көргөзмөнүн жүрүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого көмөк көрсөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы чек арасында көргөзмөгө коюлуучу жүктү - экспорттук айыл чарбалык жана кайра иштетилген продукциянын үлгүлөрүн тариздөөгө ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр-жай палатасы (макулдашуу боюнча) көргөзмөгө коюу үчүн алып баруучу продукцияларга коштоочу техникалык документтерди тариздөөгө жана берүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелориация министрлиги менен бирдикте кыргыз ишкерлеринин көргөзмөгө ийгиликтүү катышуусу боюнча иштерди координациялоону камсыздасын.
7. Жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргыз Республикасынын айыл чарбалык жана кайра иштетилген продукцияларды өндүрүүчүлөрүнүн көргөзмөгө даярдануусунун жана катышуусунун жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология, экономика жана инвестициялар жана эл аралык кызматташтык бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 28-декабрындагы № 605-б
буйругу менен бекитилген
Экспорттук айыл чарбалык жана кайра иштетилген продукциялардын үлгүлөрүн даярдоону жана чыгарууну камсыз кылуу боюнча уюштуруу комитетинин
Курамы
Т.А.Сариев | - Кыргыз Республикасынын экономика министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Ч.М.Узакбаев | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, уюштуруу комитетинин тең төрагасы. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
| |
Франк Эбингер | - Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомдоштугунун Туруктуу экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү программасынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
|
Л.И.Тен | - Кыргыз Республикасынын экономика министринин макроэкономикалык саясат маселелери боюнча кеңешчиси;
|
М.Э.Карабаева | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин 1-секретары;
|
К.Ж.Жакыпов | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
|
Ж.К.Керималиев | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин администрациялык колдоо башкармасынын начальниги;
|
Н.Ш.Шамшиев | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармасынын начальниги;
|
Т.Ж.Бекташев | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин соода саясаты башкармасынын начальниги;
|
У.Э.Абдыкадыров | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишкердик жүргүзүү саясаты башкармасынын контролдоо-көзөмөлдөө иштерин жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы;
|
И.Т.Сатыбалдиев | - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын палата мүчөлөрү менен иштөө бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
|
А.3.Узагалиева | - Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомдоштугунун «Туруктуу экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча);
|
Р.М.Мухамедзиева | - Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомдоштугунун эксперти (макулдашуу боюнча);
|
С.К.Керимкулов | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ысык-Ата райондор аралык инспекциясынын начальниги;
|
Ж.А.Асылбеков | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин айыл чарба өндүрүшүнө талдоо жүргүзүү, божомолдоо жана азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы;
|
А.Т.Беккулиева | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин дыйканчылык продукцияларын иштетүү жана сатып өткөрүү бөлүмүнүн башкы адиси. |
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |