Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 9 октябры № 450-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 12-январы № 3-б
«Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 24-беренесине ылайык, «Жерүй» алтын кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүү үчүн инвестицияларды тартуу максатында:
1. «Жерүй» алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия «Жерүй» алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна белгиленген тартипте конкурс өткөрсүн.
3. Жер казынасы объектисинин баасынын чегинин минималдуу наркы 100 000 000 (жүз миллион) АКШ доллары болуп белгиленсин.
4. Конкурстун жеңүүчүсү үчүн төмөнкүлөр белгиленсин:
- конкурсту өткөрүү жана жеңүүчүнү аныктоо күнүнөн баштап 30 күндүн ичинде конкурска билдирилген сумманын 100 пайызын төлөөгө тийиш;
- кен казуу ишканасын куруу жана аны пайдаланууга берүү мезгилинде иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан ашык эмес, ал эми кен ишке киргизилгенден кийин - 10 пайызынан ашык эмес чет элдик адистерди жана жумушчуларды тартууга укуктуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын эл аралык соттордо жана Кыргыз Республикасынын сотторунда коргоону камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат, эгерде мурдагы лицензиант же анын уюмдаштыруучулары менен соттошуу болсо, буга сот тарабынан таанылган мүлктүк мүнөздөгү доолор (соттук чыгымдар менен байланышкан чыгашалар, сарптоолор, алынбай калган пайдалар, зыян тартуулар ж.б.) боюнча төлөмдөр да кирет;
- иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны, жер участогун убактылуу пайдалануу укугун жана «Жерүй» кенин иштетүү долбооруна оң корутундуларды (экспертизаларды) алгандан кийин 2 жылдан кечиктирбестен алтын иргеп алуучу фабриканы - ишкананы курууну жана пайдаланууга берүүнү камсыз кылууга милдеттүү;
- Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн жана аткарылбаган товарларды, иштеди жана кызматтарды сатып алуу учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасында гана өндүрүлүүчү жана аткарылуучу товарларды, иштерди жана кызматтарды сатып алат.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр-жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 3-б буйругуна тиркеме |
Чунуев И.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасы;
|
Касымалиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү:
| |
Рыспаев К.Ж. | - «Ар-Намыс» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Арапбаев А.К. | - «Ата-Журт» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Төлөгөнов Р.Т. | - «Ата Мекен» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Осмонов М.К. | - «Республика» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Салымбеков М.М. | - «КСДП» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Турусбеков Б.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
|
Кутманов Н.О. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Таткулов Т.Ж. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Ибраев К.И. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
|
Абакиров Б.А. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
|
Асанов С.Ж. | - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
|
Сыдыгалиев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Нарбаев К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
|
Артыкбаев О.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
|
Исаков Т.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
|
Рустамов А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
|
Катанаев А.Г. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын директорунун милдетин аткаруучу;
|
Курманалиева К.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
|
Сейдыбалиев Б.Р. | - Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
|
Иманалиев Н.А. | - Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Нураков С.Ш. | - Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
|
Каныбеков К.К. | - Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Сапаралиев М.К. | - Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Орозалиев К.А. | - Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Сейталиев Б.К. | - Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Жумабеков А.К. | - жергиликтүү жамааттын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Кулов С.Б. | - жергиликтүү жамааттын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Молдобаев С.М. | - жергиликтүү жамааттын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Абдывалиев У. | - жергиликтүү жамааттын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Туйгунбаев И.Б. | - жергиликтүү жамааттын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Турдалиев Н.К. | - жергиликтүү жамааттын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Оторбаев С.Т. | - жергиликтүү жамааттын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Борукеев А.Б. | - жергиликтүү жамааттын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Таштаналиев К.Б. | - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин академик У.Асаналиев атындагы тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунун директору;
|
Кожогулов К.Ч. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Касмалиев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик ишканасынын директору;
|
Дүйшеев О.Д. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Таджибаев Э.А. | - Кыргызстандын кен-металлургия профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Тунгантаров А.К. | - Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
|
Койчуманов Т.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси;
|
Шайыков З.М. | - Кыргызстандын ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
|
Шаршекеев М.Д. | - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
|
Алимбеков А.М. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстары саясаты башкармалыгынын начальниги;
|
Сейдикеримов Т.А. | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Рыскулов У.Д. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат ресурстары башкармалыгынын начальниги, комиссиянын катчысы. |
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |